Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 00:50

Москва, мигрант жана Чыңгыз Ата


Чыңгыз Айтматовдун Москвадагы эстелиги.

Тээ кычыраган Маскөөдө Чыңгыз Ата отурат. Карааны алыстан тааныш.

Бир карасаң калың элге далысын салып, тиричилик үчүн күрөшү бүтпөгөн пенделерди унутуп, өзүнчө ойго баткандай.

Бир карасаң, орус калаасында жайнаган кыргызды көрүп, жан-дүйнөсү дүрбөлөңгө түшкөндөй. Азыр да болсо ордунан тура калып, кол шилтеп басып кетчүдөй.

Темир да мынча сүрдүү болчу беле?! Айтматовдун алптыгын айтсаң. Эстелиги тургузулгандан бери килейген Маскөө заматта тарып, кыргызга бир гана Ала-Тоонун мөңгүлүү чокусу көрүнүп калды. Мекендештер баш көтөрүп, боюн бир түзөп алгандай.

Жер кезип баласын издеген Найман энени мен ушул Москвадан кезиктирдим. Жүлжүңдөгөн көздөрүнөн аккан жашка жүзү жуулуп, бекчейген белин түзөй басып, чүкөдөй ак чач бир эне жети жыл мурун Орусия ишке кеткен бойдон жоголгон баласын издеп жүргөнүн көрдүм. «Жүрөгүм уулум тирүү дейт, ушул башына бир нерсе болуп, өзүн эстей албай жүрөт, эстесе эле мага кайтып келет», - дейт эне.

Балким ушундан көрө согушта асылдарынан айрылган Толгонайга окшоп колуна «кара кагаз» тийсе, Жер-Энени кучактап боздоп алып, акыры көксөөсү сууп калат беле?! Антейин десең Кыргызстанда балдарын биринин артынан бирин Орусияга ишке кетирип, санааркап жол карап, миңдеген эне жүрөт.

Тынч заманда деле тирүү ата-энесин жоктоп, мээримге, камкордукка зар жүз миңдеген балдар өсөт турбайбы. Таштанды балдар бөтөнгө кор болуп, кур үмүттөн «Ак кемедеги» Нургазыдай Көлгө балык болуп чумкуп кетип жатпайбы. Кээ бири «Атадан калган туяктагы» Авалбектей көрүнгөндү аталап, томсоруп жүрөт го?

Бу шарактаган поезддер өтүп жатат, учактар, машинелер толо кыргыз келатат. Кара жумушчусу деле, билимдүү-илимдүүсү деле, кары-жашы деле, качкан-бозгону деле келет. Аларга бетме-бет «кара кагаз» менен үнсүз табыттар учат. Миграцияда каза болгондор, дайынсыз жоголгондор, миграциянын курмандыктары.

Айланамда күндө тиричилик үчүн күрөшкөн миграциянын каармандары. Бала бойдон Орусияга келип, кабыргасы ката электе турмуштун арабасына чегилип, түйшүк тарткан Султанмураттар. Миграцияга эрте келген өспүрүмдөр. Өз элинде бааланбай, баркталбай, Жамийладай бакыт издеп, тили-дили буруу бирөөнү ээрчип кеткен кыз-келиндер. Билектин каруусу, белдин күчү кетип, миграцияда картайгандар. Сыртынан сыр бербеген менен өткөн өмүргө Танабайдай эле ичинен өксүгөндөр.

Ушунча жерди аралап келип, Маскөөнүн ортосуна отуруп алганыңыз деле жөн болбосо керек, ээ? Кыргызга көз салууга, караан болууга келгендирсиз? «Чоң атам «адамдар аталарын билбесе, бузулуп кетет» дейт. «Эч ким жаман иш кылуудан уялбай калат» дейт. «Эч ким жакшылык да кылбай калат, анткени алардын балдары билбей калат» дейт» деп кичинекей Нургазынын үнү менен дагы эле бир нерсени эскертип тургандайсыз.

«Дүйнөдө «кыргыздар өздөрүн өздөрү таанышы керек» деп айтып жатышат. Жакшы жашоого күүлөнүп, жаратмандыкка өтүшүбүз керек. Биз өзүбүз эмне каалап жатканыбызды акыры түшүнүшүбүз керек…» деп үндөгөнүңүз бар экен, акыркы бир маегиңизде.

Кыргыздын кылыгын, кыялын, табиятын Сиздей эч ким билбесе керек...

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG