Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

Үй-бүлөнү үч бөлгөн миграция


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда миграциядан күйөөсүн күткөн аялдын баяны.

37 жаштагы Алтын (аты өзгөртүлдү) Ош облусунда мектепке бара элек үч кичинекей баласы менен Орусияга ишке кеткен күйөөсүн күтүп келет. Балдарынын атасы былтыр июлдан тартып дайынын билдирбей, каралашпай кеткен. Келин төрт жыл мурун көр тириликтин айынан Москвага биринчи өзү ишке барып, кийин күйөөсүн чакырган экен.

- 2015-жылы кайненем өтүп кетти, – деп айтып отурду ал. - Айылда бир үйдөн өлүк чыкса, чыгым көп болот эмеспи. Карызга батып, 50 миң сом насыябызды төлөй албай калдык. Ошондо мен күйөөмө үч жашар уулум менен бир жашар кызымды таштап, Москвага декабрда ишке жөнөдүм. Барып эле ишке кирип, болгон акчамды жөнөтө баштадым. Анан үйгө чалсам эле күйөөм «балдар менен кыйналып кеттим» дей бергенинен балдарды ата-энеме калтырып, эки айдан кийин күйөөмдү чакыртып алдым.

Айылда калган бир жана үч жашар уул-кызын ойлогон эне чыдабай үч айдан кийин кайтып келе берген. Эми балдары бир жылдан бери дайынын билдирбеген атасын сураса, ар нерсени айтып, сооротуп келет.

- Москвада ага жумуш таап, батирге жайгаштыргандан кийин бир айдай бирге иштедик, - деп сөзүн улады Алтын. - Балдарга санаа тартып, акыры мен кайтмакчы болуп сүйлөштүк. Ошол кезде боюма да бүтүп калыптыр. Кийин күйөөм жакшы эле иштеп жүрдү, айына акча салып, бизге байланышып, балдары менен сүйлөшүп турду. Анан 2018-жыл жаңырганда келмекчи болуп жатып эле, келбей калды. Былтыр июлда паспортунун мөөнөтү бүтмөк. «Ошондо барам» деген. Ошол бойдон жок.

Улуу баласы 6 жашта, кыздары төрттө жана экиде. Жолдошу кичүү кызын төрөлгөндөн бери көрө элек. Балдары «аталап» энесинин айласын кетиргени менен ал адамды анча жакшы элестете алышпайт.

- Кыргызстанда кар эриди. Кечээ жамгыр жаады. Улуу балам «апа, кар кетти, эми атам келбей калабы» дейт. «Эмки карда келет» дедим. Башка эмне деп айтам? Ортоңку кызым менен телефондон сүйлөшүп, аны өзгөчө жакшы көрчү. Ал кызым ыйлайт. Кичүү кызыбызды көрө элек.

Жети жыл бирге жашап, үч балалуу болгон күйөөсүн кыя албай, балдарынын атасынын тагдырына күйгөн аял расмий органдарга да дайынын сурап кайрылган.

- Өзгөндөгү милицияга кайрылдым, - дейт Алтын. - «Үй-бүлөлүк иш» деп карабай коюшту. Бишкекке барып, Тышкы иштер министрлигине да кайрылдым. Алардан «күйөөңүз Орусиядан эч жакка чыга элек» деген жооп келди. Паспорт столунан Москвадан паспортун жаңыртып алганын айтышты. Күйөөм тирүү, ичпейт, оорукчан эмес. Бир нерсе болсо, эмдигиче дайыны чыкмак.

Иллюстрация. Азамат Алымкуловдун сүрөтү.
Иллюстрация. Азамат Алымкуловдун сүрөтү.

Күйөөсү Москвада башка бүлө күтүп, өзүн Марат деп атап алганын Алтын «Одноклассники» социалдык тармагынан кокусунан эле билип калган. Тааныштарынан сураштырса күйөөсү дагы эле Москвада короо тазалагыч болуп иштеп жүрүптүр.

- Оштон барган Курманжан деген келин менен жашап алыптыр. Ал өзү кийин мага жазып, чала баштады. Эми болсо «күйөөң жалалабаддык Махабат деген келинге кетип калды, мени 80 миң рублга алдап кетти» деп мага жазып жатат. Мен башында «ал кыйналып иштеп жүрсө, ар нерсени айтып кыйнай бербейин» деп эки баланы жетелеп, бирөөсүн көтөрүп алып, тиричилик кылып жүрбөймбү.

Бир жылдан бери келин айылдагы мектепте пол жууп, балдарын өзү жалгыз багып келет. Өкмөттүк жөлөкпулду да жакында эле ала баштаган.

- «Күйөөң Москвада иштейт» деп айылда балдарга жөлөкпул каттаттырбай коюшкан. Бишкекке барып, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине кайрылып, ошондо да айыл өкмөтү менен балдарга жөлөкпул чегерген эженин айыбын жаап, «өзүм ката кетиргем» деп жөлөкпул чегертип келдим. Айына 2400 сом акча алам, мектепте пол жууп 4600 сом алам. Ошону менен балдарымды багып келем.

Өзгөндө чакан бир айылда жашаган келин элге кеп-сөз болуп, балдары менен социалдык кысымга да дуушар болгон.

- «Мен өзүм жарым жылдай катуу депрессияда жүрдүм. Айылда кошуна-колоң баары иши жок калгансып, карап эле отурат эмеспи. Эми өткөндө кызым көчөдөн ыйлап келди. «Апа, атам качан келет? Алтынайдын апасы "атаңдын башка үй-бүлөсү бар, келбейт" деди» деп кызым өпкөсү көөп ыйлады. Мен кандай адамга турмушка чыгып, ким менен жети жыл бирге жашаганымды түшүнбөй калдым. Үч балам менен мен төркүнгө батамбы? Эми кайрылып келсе деле балдарымды тирүүлөй жетим калтырып койбойм да. Өзү Москвада өмүр бою ушинтип көрүнгөнгө күйөө болуп өтөм деп ойлоп жүрөбү?! Андай ойлосо келип башымды бошотуп берсин, - дейт өзөгү өрттөнгөн аял.

Мигрант эне
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:30:01 0:00

Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда ажырашкандардын саны былтыр 10 миңге жеткен. Ал эми расмий никеге турбай үй-бүлө куруп, ажырашып кеткендер андан бир кыйла көп. Адистердин баамында үй-бүлөлөрдүн бузулушуна турак жайдын жоктугу, тышкы жана ички миграция, жумушсуздук сыяктуу социалдык көйгөйлөр себеп болууда.

Миграцияда ажырашкан ата-эненин балдарын коргош үчүн жыл башында Жогорку Кеңеште депутат Айсулуу Мамашова балдарына алимент төлөбөгөн жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, чет өлкөгө чыгышына тыюу салууну сунуш кылган. Эл өкүлү Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө ажырашып жатканын белгилеген. Ал эми өлкөдө балдарына алимент төлөөдөн качкандардын саны 43 миңдин тегерегинде.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG