Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

«Мишустин силерге Димон эмес»


Владимир Путин, Михаил Мишустин жана өкмөт мүчөлөрү. 21-январь, 2020-жыл.
Владимир Путин, Михаил Мишустин жана өкмөт мүчөлөрү. 21-январь, 2020-жыл.

Орусиянын жаңы дайындалган премьер-министри Михаил Мишустиндин расмий эч бир үйү, жер үлүшү жок. 

Эки жума мурун Орусиянын премьер-министри болуп дайындалган Михаил Мишустиндин декларациясында бир да метр үй-жай, жер үлүшү жеке менчикте көрсөтүлгөн эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн Москва шаары менен облусунда үч миллиард рублга бааланган турак жайы бар.

Коррупцияга каршы күрөш фонду алгач эле премьердин уулдары Алексей менен Александр Москванын чок ортосундагы комплексте ар бири 180 миллион рублга бааланган эки батирге ээлик кыларын аныктап чыккан.

Фонддун башчысы Алексей Навальный мурда бул эки батир Салык кызматынан 2 миллиард рубль уурдаган деп шек саналган ишкер Александр Удодовго таандык болгонун белгилейт. Ал кезде Федералдык салык кызматын Мишустин башкарчу. Иликтөөчүлөрдүн маалыматы боюнча батирлер ортодо ишкер Аркадий Новиковго сатылып, кийин премьердин эрезеге жеткен уулдарына катталган.

Алардын менчигинде 2004-жылы президентке караштуу башкармалыктан Мишустинге берилген Москванын Трехгорный вал көчөсүндөгү батир да жазылган. Азыр анын баасы 40 миллион рубль.

Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

- Жалпысынан 2 миллиард 820 миллион рубль. Ал жакта да эски батирлер, гараждар, дагы эсепке алынбаган толтура чакан мүлк бар. Ошон үчүн жалпысынан 3 миллиард рубль деп баалайбыз. 22 жыл мамлекеттик кызматта иштеген аткаминердин жакындарынын турак жай мүлкү эле 3 миллиард рубль, - дейт Алексей Навальный.

Жалпысынан Москванын тегерегинде эле Мишустиндин балдарына, атасына жана карындашына 2,6 гектардан ашык жер менен Рублевкада алты үй катталган. Бул тууралуу мурда «Проект», «Открытые медиа» жана Би-Би-Синин орус кызматы да жазышкан. Коррупцияга каршы күрөш фонду премьердин Рублевкадагы имаратын 1,5 миллиард рублга баалайт.

Бир аз мурда Би-Би-Синин орус кызматы Мишустиндин карындашы Наталия Стенинанын Москва облусундагы «Agalarov Estate» шаарчасындагы турак жайын ачыкка чыгарган. Фонд 2014-жылы жеке менчикке чыгарылган 0,25 гектар жер менен 925 метр аянттагы үйдү 400 миллион рублга баалайт. Буга кошумча Стенина Москва облусундагы Истринский районунда 30 миллион рублга бааланган жер үлүшүнө 2009-жылдан бери ээлик кылат. Москвадагы Хамовники районундагы «Knightsbridge Park» комплексинде баасы 180-200 миллион рублдук 170 чарчы метр апартаменти бар. Буга кошумча, фонддун маалыматы боюнча, Стенинанын Тверской бульварында 1 миллиард рублга бааланган имаратта 25% үлүшү бар.

Навальныйдын фонду 2017-жылы андагы өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин да миллиарддаган рублга бааланган мүлкүн ашкерелеген. «Ал силерге Димон эмес» аттуу иликтөөдө Медведев кайрымдуулук уюмдарын түзүп, олигархтар тартуу кылган жана мамлекеттик банктардан алынган каражаттарга кымбат баалуу кыймылсыз мүлк сатып алганы баштан аяк түшүндүрүлгөн. Навальный анда Медведевдин жакын адамдары жетектеген уюмдарга баш-аягы 70 миллиард рубль же 1,2 миллиард долларлык каражаты жана мүлк берилгенин айтып чыккан.

«Трансперенси Интернешнл» уюмунун Орусиядагы бөлүмүнүн өкүлү Илья Шуманов мындай иликтөөлөргө бийлик эч кандай реакция кылбаган менен акыры анын кесепети болорун эске салды:

Илья Шуманов.
Илья Шуманов.

- Журналисттер, иликтөөчүлөр, жарандык активисттер ачыкка чыгарган бул маалыматтардын акыры кесепети болот. Эртеби-кечпи мындай булагы белгисиз байлык үчүн жооп бериш керек болот. Бирок азыр эмес. Ага саясий эрк жок. Азырынча Мишустин же Медведев сыяктуу адамдардын саясий иммунитети бар. Бир гана адам аларды жоопко тарта алат. Эч бир күч кызматы, көзөмөлдөөчү органдар ал адамдын макулдугу болмоюнча эч кандай чара көрбөйт. Бирок акыры коомдун адилеттүүлүккө, социалдык теңдикке муктаждыгы күчөп, нааразылык маанай жаралат.

Өткөн жумада Эсеп палатасынын жетекчиси Алексей Кудрин Орусияда коррупциянын зыяны триллиондоп саналаарын айткан.

«Трансперенси Интернешнл» уюмунун коррупция тууралуу 2019-жылга карата баяндамасында Орусия 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээледи. Өлкөдө коррупциянын деңгээли боюнча Уганда, Кения жана Парагвай менен бир катарда. «Коррупцияны кабылдоо индекси» баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан менен Өзбекстанда абал кыйла оңоло түшкөнү белгиленген. Кыргызстан мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээли боюнча 126-орунда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG