Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:32

Путинге ишенгендер азайды


Орус президенти Владимир Путин, Москва, 19-декабрь 2013-жыл.

Орусия калкынын президент Владимир Путинге болгон ишеними эки жылда дээрлик эки эсе азайды. "Левада" борборунун соңку сурамжылоосу көрсөткөндөй, азыр президентке элдин үчтөн бир бөлүгүнөн бир аз көбү гана ишенет. Бирок Путин жүргүзгөн саясатты колдогондордун катары дале калың.

Москвадагы "Левада" борбору Владимир Путинге болгон элдин ишеними мурдагыдан да төмөндөп кеткенин 12-февралда жарыялады. Уюмдун январь айында жүргүзүлгөн сурамжылоосуна ылайык, ушул тапта президентке орусиялыктардын 35 пайызы гана ишенет. Бул көрсөткүч октябрь айында 4 пайызга көбүрөөк эле.

Албетте, Орусияда башка саясатчыларга салыштырмалуу президенттин кадыр-баркы жогору болгону менен соңку сурамжылоо Путинге карата ишеним эки жыл ичинде дээрлик эки эсе азгайганын көрсөттү. Себеби 2017-жылдын ноябрь айында Путинге орусиялыктардын 59 пайызы ишеним артып турган.

"Левада" борборунун башчысы Лев Гудков Путиндин рейтингине таасирин тийгизген факторлорду атап берди:

"Буга баарынан мурда экономиканын сенектик абалда турганы себеп болду. Соңку 5-6 жылда элдин кирешеси айрым эсептөөлөр боюнча 11-12 пайызга азайып кетти. Социалдык чөйрөдө, биринчи кезекте медицина тармагында нааразылык күчөдү. Пенсия реформасы көп кишинин ачуусуна тийди. Мындан тышкары эл милитаристтик риторикадан чарчады. Алар Сирия менен Донбасстагы согушка көп акча кетип жатканын көрүп турат".

Москвадагы таза шайлоону талап кылган акциялардын бири, 10-август 2019-жыл.
Москвадагы таза шайлоону талап кылган акциялардын бири, 10-август 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путинге ишенгендердин катары суюлуп баратканын былтыр май айында Жалпы орусиялык коомдук пикирди сурамжылоо борбору да билдирген. Аталган борбордун сурамжылоосуна катышкандардын 32 пайызы гана Путинге ишеним артышкан.

Айтор, орус лидеринин көрсөткүчү Кремль үчүн оңой эмес мезгилде төмөндөп жатат. 67 жаштагы Путин 2024-жылы президенттиктен кетиши керек. Ал быйыл январь айында өкмөттү жаңылап, Конституцияны өзгөртүү жараянын баштады. Бир катар орус саясат тануучулары Путин Баш мыйзамды өзгөртүү менен президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да таасирин сактап калууну көздөп турганын айтып жатышат.

Деген менен Орусияда саясий акцияларда Путиндин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар барган сайын көбөйгөнү байкалууда. 2018-жылы орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүүнү көздөгөн планына каршы демонстрациялар да, былтыр таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган митингдер да Путинге каршы сын сөздөр менен коштолду.

Социолог Лев Гудковдун айтымында, адатта демократия өкүм сүргөн өлкөлөрдө кайсы бир лидерге карата элдин ишениминин азайганы ал аткаминердин саясий ресурсу түгөнүп баратканынан кабар берет.

"Бул абдан маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири. Ал эл кандай саясий кадамдарды күтүп жатканын, саясатчынын билдирүүлөрү ишке ашаарына канчалык ишенерин, тигил же бул аткаминердин сөзү канчалык өтүмдүү экенин көрсөтүп турат. Башкача айтканда, бул тигил же бул саясатчыга карата калың элдин мамилесин күбөлөгөн комплекстүү көрсөткүч", - деди Гудков.

Бирок социолог орус бийлиги "Леваданын" сурамжылоосуна кулак саларынан күмөн санай турганын кошумчалады. Москвадагы бул көз карандысыз уюмдун социологдору 23-29-январда жүргүзүлгөн сурамжылоодо 1600 кишиден ишеним жараткан беш-алты саясатчынын атын атоону өтүнүшкөн.

Владимип Путин Орусиянын жаңы өкмөт башчысы Михаил Мишустин (солдо) менен, Москва, 21-январь 2020-жыл.
Владимип Путин Орусиянын жаңы өкмөт башчысы Михаил Мишустин (солдо) менен, Москва, 21-январь 2020-жыл.

Анын жыйынтыгына ылайык, 2019-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу орус коргоо министри Сергей Шойгу менен тышкы иштер министри Сергей Лавров мурдагыдан көбүрөөк ишенимге ээ экени белгилүү болду. Шойгунун көрсөткүчү 13 пайыздан 19га, Лавровдуку 14төн 17 пайызга чейин жогорулаган. "Левада" борбору биринчи жолу жаңы премьер-министр Михаил Мишустиндин да рейтингин өлчөп, ага азырынча калктын 3 пайызы гана ишеним артарын маалымдады.

Элдин орус президентине карата ишеними 2012-жылы Путин премьерликтен президенттикке кайтып келгенден көп өтпөй кескин төмөндөп кетип, 2013-жылдын август айында 30 пайызга чейин түшкөн. Буга парламенттик шайлоого байланыштуу ири нааразылык толкуну себеп катары көрсөтүлгөн. Бирок Москва Крымды Украинадан аннексиялап, Донбасста куралдуу жаңжал башталгандан кийин орус президентти кайрадан элдин ишенимине ээ болгон эле.

Учурда Путинге ишенгендердин саны мурдагыдан аз болгону менен анын саясатын жана ишмердигин жактагандардын катары дале калың. "Леваданын" башка бир сурамжылоосу калктын 68 пайыздайы Путиндин жүргүзүп жаткан саясатын колдой турганын көрсөткөн.

Орусиянын "Россия-24" мамлекеттик телеканалы Путиндин былтыр жыл соңундагы басма сөз жыйынынан кийин анын рейтинги 70 пайыздан ашканын кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG