Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Орусияда Путиндин рейтинги төмөндөдү


Владимир Путин. 7-март, 2019-жыл. Москва.
Владимир Путин. 7-март, 2019-жыл. Москва.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин рейтинги ылдыйлап, 32 пайызды түздү. Бул тууралуу Жалпы орусиялык коомдук пикирди сурамжылоо борборунун маалыматында айтылат.

Мындай көрсөткүч Путин быйыл 20-феврадда Федералдык кеңеште жылдык кайрылуу жасагандан кийин байкалган. Кремль президенттин рейтингинин төмөндөшүн Путиндин депутаттарга позитивдүү кайрылуусу менен токтотууну максат кылганын буга чейин «Ведомости» гезити жазган.

Аталган борбор январда Путиндин эл арасындагы кадыр-баркы өтө төмөндөп баратканын жана 32,8 пайызды түзүп калганын жарыялаган. Ал эми "Коомдук пикир" агенттигинин январдагы иликтөөсү бийликтин саясатына акыркы айларда орусиялыктардын 54 пайызы нааразы экенин же кыжырдануу менен карап жатканын көрсөткөн.

Орусияда акыркы кезде кошумча нарк салыгы көбөйүп, пенсия курагы жогорулаганы, элдин кирешеси азайганы айтылган.

XS
SM
MD
LG