Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:57

Аттокуров: ЕАЭБ аткезчиликти тыя алган жок


Азамат Аттокуров.

Кыргызстан экономикалык жактан өнүгүшү үчүн Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) байланбашы керек. Талдоочу Азамат Аттокуров «Азаттыктагы» маегинде ушундай пикирин билдирди.

- «Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттер бири-биринин чек арасын чогуу көзөмөлдөшү керек» деген сунуш айтылууда. Мындай ыкма эмнеси менен пайдалуу?

- Бажы биримдиги түзүлүп жатканда «сырткы чек араларга үчилтик көзөмөл инспекторлору коюлушу керек» деген эреже киргизилген. Мисалы, «Кыргызстандын, Беларустун жана Орусиянын чек араларында ушул үч өлкөнүн өкүлдөрү турушу керек» деген.

Аткезчилик Орусия аркылуу да, Беларус аркылуу да өтөт.

Бирок бул ишке ашкан эмес. Биздин чек арага да алардыкы турган эмес, алардыкына да биздикилер коюлган эмес. Орусия, Казакстан жана Беларус «мына, Кыргызстандан аткезчилик көп келип жатат, ошондуктан коюш керек» десе, анда биздикилер да Орусиянын, Беларустун чек арасына турушу керек. Бирок алар деле муну ишке ашырууга шашылган жок.

- Бул идеянын ишке ашырылышына кимдер каршы?

- Орусиянын, Кыргызстандын жана Беларустун аткезчиликке аралашкан мамлекеттик кызматкерлерине мунун кереги жок. Себеби аткезчилик Орусия аркылуу да, Беларус аркылуу да өтөт. Мисалы, ошол эле Беларус аркылуу банан жана деңиз азыктары «Беларуста жасалган» деп, кайра Бажы биримдигинин аймагына кирип жатат.

Ошондой эле краб азыгы бизге Орусиянын Камчаткасыныкы деп кирет, ал эми чынында Кытайдыкы же Кореяныкы болушу мүмкүн. Беларуста мунай иштетүүчү заводдор чийки мунайды Орусиядан алып, бензин түрүндө «Беларуста өндүрүлгөн» деп Европага сатышат.

- Жакында кыргыз өкмөтү ЕАЭБ боюнча жакшы тенденция байкалып жатканын жарыялады. «2019-жылдын жыйынтыгы менен биздин бюджет жалпысынан 17,1 миллиард сом алды, бул 2018-жылга салыштырганда 5,7% көп» деп билдирди. Бул Кыргызстан кубана турган көрсөткүчпү?

- Албетте, жок.

- Эмне үчүн?

- Себеби салыктан жана бажыдан түшкөн акча дээрлик барабар болушу керек. Мисалы, азыр биздин бюджеттин 60% чейинкисин салык түзсө, бажыдан 20% жакын эле түшөт. Мурда, ЕАЭБге киргенге чейинкиге караганда бул абдан эле аз.

Көбүнесе азыр Орусиянын, Беларустун товарлары болуп кетпедиби. Ал эми биздин товарларды ал жакка киргизбейт. «Шарп жана башка ылаң бар экен» деп, «тарифтик эмес тоскоолдук» деп коюшат. Ошол эле Беларустун тракторлору Орусияга кире албай жатат. Казакстандан чыккан товар Орусияга өтө албайт. Бут тосуу учурлары болуп жатат.

Ал эми алардын товарлары бизге эч кандай тоскоолдуксуз эле кирип жатат. Мисалы, азыр дүкөнгө кирип карасаңар Орусиядан же Беларустан келген колбаса, темир же жыгач материалдары, мунай өндүрүмү көп.

- Бут тосуу бар экенин өкмөт да ачык эле айтууда. Ал арада жакында Өзбекстан ЕАЭБге кирүүдөн баш тартып койду. Мындай кырдаалда бул уюмдун келечегин кандай деп көрөсүз?

ЕАЭБдин келечеги абдан эле туңгуюк.


- Келечеги абдан эле туңгуюк. Себеби Бажы биримдиги төмөн жактан эмес, жогору жактан саясий биримдик катары киргизилген - жалаң Орусиянын кызыкчылыгы үчүн. Казакстан да, Орусия да, Беларус да ага чейин Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү эмес болчу.

А биз 1998-жылдан бери ошол уюмдабыз, бизге ЕАЭБдин эч кандай кереги жок болчу. Өзбекстан ЕАЭБге мүчө эмес, бирок булардын өсүш ыргагы жылына сегиз пайыз болуп жатат. Бул абдан чоң өсүш. Биздики болсо КМШ мамлекеттеринин арасында 90-жылдардан бери алып карап көрсөк, эң эле төмөн көрсөткүч. Биз жана Тажикстан. Тажикстан го мейли, эң четки өлкө, согушуп жаткан Ооганстан менен чектеш, туюк жерде жайгашкан.

А бизде кандай маселе бар? Арменияны алып карасак, ички дүн өңүм бир адамга төрт миң доллар, биздики 1,2 миң доллар. Тажикстандыкы 800 доллар, калкы төрт миллион калкы бар кичинекей мамлекет Эстонияныкы 26 миң доллар. Демек, өнүгүш үчүн эч кандай ЕАЭБдин кереги жок.

Эң негизгиси – мамлекетти туура башкаруу.

Мында эң негизгиси – мамлекетти туура башкаруу. Орусия менен, ЕАЭБ менен чектелбешибиз керек. Анткени бизде абдан чоң базар бар – Кытай, Иран, Пакистан. Ушул мамлекеттер биз менен соода кылгысы келет.

А биз Орусияны эле карап отурабыз. Экспорт кылгынга да эч нерсебиз жок. «Тигүү тармагы жана айыл чарбасы» дешет. Бирок бул эки багыт - артта калган, эми гана өнүгө баштаган мамлекеттердин карамагы. Өнүккөн өлкөлөрдө тигүү тармагы деген жок. Айлык акы көбөйүшү зарыл. Адамдардын маянасы көтөрүлсө тигүү багыты да жоголот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG