Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 19-февраль, 2020 Бишкек убактысы 08:03

ЕАЭБ экономиканы алсыратты


Кыргыз-казак чек арасында токтогон жүк ташуучу автоунаалар. (Архивдик сүрөт)

Жогорку Кеңеште айрым депутаттар экспорт көлөмү Кыргызстан биримдиктин курамына киргенге чейинки деңгээлден да ылдыйлап кеткен жагдайды белгилешти.

Премьер-министр буга объективдүү себептер бар экенин айтып, экономиканын чакандыгы жана өндүрүлгөн товарларды биримдиктин аймагына чыгаруудагы чектөө, тоскоолдуктар менен байланыштырды.

Үмүттү актабаган экспорт көлөмү

Евразиялык экономикалык комиссия ЕАЭБ уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлине салыштырма талдоо жүргүзүп, биримдиктин ичиндеги ар бир өлкөнүн экспорт көлөмү боюнча өткөн эки жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Аталган жыйынтык боюнча Кыргызстандын ЕАЭБ ичиндеги өнөктөштөрүнө сатыкка чыгарган товарларынын экспорт көлөмү 8,6% түзүп, уюмга мүчө беш өлкөнүн ичинде эң төмөнкү көрсөткүчтү ээлеген.

Кыргызстан ЕАЭБ уюмуна мүчө болордо, өкмөт өлкө 180 миллиондук калкы бар рынокко кирип жатканын жана бул кадам ата мекендик өндүрүштү өнүктүрө турганын белгилеген.

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев тескерисинче, өлкө экспорт көлөмү боюнча биримдиктин ичинде эң акыркы орунга түшүп калганын мисал келтирип, анын себептерине кызыкты:

"ЕАЭБ уюмуна мүчө болуп киргенибизде экспортко байланыштуу бир топ жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганы айтылган. Тилекке каршы, мына ошондой экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү колдонгон мамлекеттердин эң артында калып отурабыз. ЕАЭБ аймагынын ичинде 2018-2019-жылдардагы биздин экспорт көлөмүбүз эң төмөн экен. Кыргызстан өткөн эки жылда экспорттун көлөмүн 8,6 пайызга гана көбөйтө алган. Бизге окшош эле чакан экономикасы бар Армения ЕАЭБ аймагындагы экспорт көлөмүн 52 пайызга, Казакстан болсо 42 пайызга, Беларус 41 пайызга, Орусия болсо 30 пайызга өстүргөн. Мындай начар көрсөткүчтүн себеби эмнеде? Эмнеге мына ушундай абалда турабыз?".

Кыргызстандын ЕАЭБ аймагына экспорт көлөмү өскөн эмес. Ал эми өнөктөш өлкөлөрдөн кирген импорттун көлөмү көбөйгөн.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2019-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ЕАЭБ уюмуна мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2 млрд. 185,0 млн. АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-октябрь айларына салыштырганда 3,8 пайызга азайган.

Мунун ичинен экспорттук жөнөтүүлөр 2,5 пайызга, башка үчүнчү өлкөлөрдөн келген импорттук товарлар 4,1 пайызга кыскарганы белгиленген.

Салттуу тармактарда экспорттун кыскарышы

Республиканын ЕАЭБ уюмуна мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусия (61,6 пайызы) менен Казакстанга (36,3 пайызы) туура келет. Бирок айрым депутаттар биримдикке кошулганга чейин эле өлкөнүн негизги соода өнөктөшү болгон Орусияга карата Кыргызстандын товарларын экспорттоо көлөмү эмнеге төмөндөп кеткени тууралуу кеп козгоду.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев экспорттун өзөгүн түзгөн өндүрүш тармактарынын соода жүгүртүү көлөмү азайып кеткенин белгиледи:

"Өткөн 11 айдын жыйынтыгы менен биздин Орусияга болгон экспорт 22,7 пайызга төмөндөгөн. Биринчиден, салттуу түрдө Орусияга эң чоң экспорт көлөмүн түзүп келген биздин кийим тигүү тармагынын экспорту 48 пайызга төмөндөп жатат. Майлы-Суу электр лампа заводунун продукциясы кетпей жатат. Пахтаны Орусияга сатуу боюнча дагы иштер жайлап, экспорт көлөмү абдан төмөнкү деңгээлге түшүп кетиптир".

Кыргызстандын экспорт көлөмүнүн өзөгүн алтын өндүрүү түзүп, негизинен аны сыртка чыгарып сатуу менен байланыштуу.

Тагыраагы, алтын 2018-жылы экспорттун 31 пайыз үлүшүн гана түзсө, 2019-жылы ал жогорулап 41,5 пайызды түзгөн. Мындан тышкары иштетилбеген кен жана баалуу металл 7,8%, кийим жана кийим-кече 5,1%, мунай жана мунай заттары 4,6% болсо, жашылча-жемиш 3,8% барабар болгон.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, ошол эле кийим жана кийимге тиешелүү буюмдарды экспорттоо 1,7 эсе, бут кийимдерди экспорттоо 1,7 эсе азайган. Кара металл 26,8 пайызга, жездин калдыктары 25,1 пайызга, чийки мунай 23,9 пайызга, ошондой эле айнек 5,2 пайыз азайган.

Мындай жагдайды өкмөт да моюнга алып, экспортко товар чыгара ала турган өндүрүш тармактарын колдоо жана жаңы өнөр-жай ишканаларын ишке киргизүүнү мерчемдеп жатканын жарыялаган.

ЕАЭБ аймагына экспорттун көлөмү эң аз көрсөткүчтү түзгөнүн ырастаган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анын негизги себептерине токтолду:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

"Бизде эми бир жагынан экономикабыз кичинекей. Анан дагы ЕАЭБ уюмуна мүчө мамлекеттер менен чектешкен экономика болгондуктан ортодо талаш-тартыш бар. Армениянын бир артыкчылыгы - чек ара боюнча маселеси жок. Ошон үчүн анын уюмга мүчө башка мамлекеттер менен талаш-тартышы азыраак. Мына ошондуктан анын көрсөткүчтөрү бир топ жогору болуп турат. Бул жерде "чоң мамлекет чоң чечет, кичинекей мамлекет ага баш ийет" деген маселе бар. Ошондуктан биз Евразиялык комиссияга кошумча ыйгарым укук берип, чоң-кичинесине карабай, уюмга мүчө кайсы мамлекет кандай эрежелерди бузуп жатканын айтсын жана чара көрсүн" деген сунуш берип жатабыз. Мында товарларды эркин алып өтүү үчүн жолдон жүктөрдү түшүрүп, текшермей, акча которууларга чектөө киргизмей сыяктуу тоскоолдуктар менен чектөөлөр болуп жатпайбы. Бирок келишимде андай нерселер каралган эмес. Бирок ортодо расмий түрдө бажы көзөмөлү жок болгонуна карабастан, товарлар тосулуп жатат. Ар кандай коррупциялык чийимдер киргизилип жатат. Мына ошонун бардыгын айтып келе жатабыз".

Ошол эле кезде өкмөт үчүнчү өлкөлөрдөн кирчү импорттун көлөмүнүн азайышын Кытайдан чыгып, башка мамлекеттерге ташылып турган товарлардын агымынын же башкача айтканда, реэкспорттун көлөмүнүн кыскарышы менен түшүндүргөн.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча 2018-2019-жылдары Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү жыл сайын 7 миллиард доллардын тегерегинде болгон. Анын 1 миллиард 836,8 млн. доллары экспортко туура келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (51)

XS
SM
MD
LG