Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:48

Күзгү статистика эмне дейт?


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык», Kloop жана OCCRPтин аткезчилик боюнча иликтөөсү жөнүндө.

Акыркы убакта журналисттердин аткезчилик боюнча иликтөөсүн каралоо жана анын маанисин төмөндөтүү аракеттери күч алды. Алардын оппоненттеринин ою боюнча, океандын ары жагындагы кожоюндардын тукуруусу менен (биринчи версия) же алар өздөрү жасап жаткан ишти жакшы билбегендиктен (экинчи версия) журналисттер фактыларды жана сандарды каалагандай пайдаланып, азыркы бийликтин жаркын иштерине көлөкө түшүрүп жатат. Аны далилдеш үчүн оппоненттер журналисттик иликтөөдөн ар кандай чоң жана кичине каталарды жана калпыстыктарды таап чыгып жатышат.

Мындай каралоо кампаниясында мурда боло жүргөндөй мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары, сыртынан көз карандысыз болуп көрүнгөнү менен ичинен мамлекеттик медиадан эч деле айырмаланбаган 5-канал, ЭлТР, Пирамида жана башка телеканалдар өзгөчөлөнүшөт.

Эгерде адамдар жөнүндө айта турган болсок, журналисттерге каршы чабуулдун алдыңкы катарын премьер-министр менен Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган мамлекеттик чиновниктер жана бийлик каалаган кандай ой болбосун ар тараптан негиздеп берүүгө даяр дүжүр аналитиктер ээлешет.

Алар журналисттер айткан банк аркылуу которуулардын жана накталай акча ташып чыгуулардын бюджетке эч кандай тиешеси жок, адалдоо үчүн сыртка чыгарылып кеткен 700 млн. доллар жөн гана базардагы сатуучулардын Кытай жана Түркиядан алган товарлардын төлөмдөрү деп жатышат. Мындай ойду чуулгандуу журналисттик иликтөөнүн экинчи сериясы жарыялангандын эртеси уюштурулган «Азаттыктын» тегерек үстөл талкуусунда жана андан кийин КТРК өткөргөн «Ой ордонун» экинчи жолку берүүсүндө Исхак Масалиев да айтты.

Премьер-министр Абылгазиев болсо Кыргызстандан жылына банк аркылуу 90 млрд. доллар чет өлкөлөргө которулуп турат деп элдин оозун ачырган билдирүү жасады. Анын ою боюнча 700 млн. доллардан криминал издөөнүн зарылдыгы жок, ал ошол 90 млрд. доллар адаттагы эле банк аркылуу которуулардын бир бөлүгү экен.

Андан тышкары иликтөөдө негизинен кытайлык уйгур Абдукадыр негиздеген Өзбекстандын базарына транзит болуп кеткен товарлар жөнүндө сөз болуптур, андай болгондон кийин 700 млн. долларды Кыргызстандын бюджети жоготкон акча катары көрсөтүү адилеттүүлүккө жатпайт деп да жатышат. Бир сөз менен айтканда бизде эч кандай аткезчилик жок, ал эми Райымбек Матраимов болсо сүттөн ак.

Чыным айтсам журналисттердин жазгандарын мен деле идеалдуу деп эсептебейм. Анда көптөгөн түшүнүксүз жерлер жана карама- каршылыктар бар. Бирок мен алардын материалы уникалдуу, эгерде майда-чүйдө каталарын эске албай, жалпы жонунан баа берсек, ал чындыкка жакын деп ойлойм. Журналисттик иликтөөнүн критикасы айрым адамдардын өлкөдө коррупциянын жана аткезчиликтин бар экенин, өзгөчө азыркы бийликтин учурунда бар экенин моюнга алгысы келбегенден улам чыгып жатат.

Сынчылар Атамбаевдин учурунда андай нерселер бар экенине макул, бирок Сооронбай Жээнбековго чаң жугузгусу келбейт. Алар журналисттердин ишинен ката издейбиз деп жатышып, мен төмөн жакта көрсөткөндөй өздөрү андан да ашкан ката кетирип, болбогон иштерди болду деп күлкүлүү абалда калышканын байкашкан жок.

Кайсы тарап чындыкты айтып, кимиси калпычы экенин аныктоо максатында мен күзгү статистика дегендин таблицаны түзүп чыктым. Күзгү статистика деген эмне? Бир өлкө экинчи өлкөгө товар жөнөтүп жатканда товардын наркын – товарды жөнөтүп жаткан өлкө да, аны алып жаткан өлкө да эсепке алат. Айырмасы, ал товар жөнөтүп жаткан өлкө үчүн экспорт болсо, товар алган өлкө үчүн импорт деп эсептелет.

Бул маалыматтар статистика органдарына жөнөтүлүп, ал болсо маалыматтардын баарын топтоп, өлкөнүн жасаган экспортунун жана импортунун көлөмүн аныктайт. Бир өлкөнүн экспорт боюнча маалыматы экинчи өлкөнүн импорт боюнча маалыматынын күзгүдөн чагылдырылган элеси сыяктуу болуп калат, күзгү деген сөз ошондон улам статистика деген сөзгө кошулуп айтылат.

Ошентип бир өлкөнүн тышкы соода жүргүзүү боюнча маалыматын экинчи тараптын тиешелүү маалыматы менен салыштыруу күзгү статистика деп аталат. Идеалдуу тактык эч жерде болбогон себептүү эки тараптын маалыматы иш жүзүндө дээрлик дал келбейт. Алардын айырмалуу болушу нормалдуу көрүнүш. Бирок адатта айырма анча чоң болбойт.

Күзгү статистиканын таблицасын түзүш үчүн мен Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын статистика органдарынын соода жүргүзүү боюнча маалыматтарын чогултуп чыктым. Алар Кыргызстан ЕАЭБге киргенге чейинки төрт жылды (2011, 2012, 2013, 2014) жана киргенден кийинки эки жылды камтыйт.

Кытайдын статистикалык комитетинин сайтында 2018-2019-жылдардын маалыматы жоктугуна байланыштуу киргенден кийинки мезгилди эки жыл менен чектөөгө туура келди. Ошондой эле Өзбекстандын статистикалык комитетинин сайтынан тышкы соода боюнча маалыматтарды таба алган жокмун. Белгилүү себептерден улам бизди айырмачылык жогору болгон импорт кызыктырды. Маалыматтар төмөнкү таблицада келтирилди.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын Кытайдан жасаган импорту, млн. АКШ доллары

Улуттук статистика боюнча

Кытай статистикасы боюнча

Абсолюттук айырма (Кытай статистикасы минус улуттук статистика)

Салыштырмалуу айырма (Кытай статистикасы =1)

2011-жыл

Кыргызстан

923,5

4878,29

3954,79

5,28

Казакстан

4928,8

9566,53

4637,73

1,94

Орусия

48202

44055,96

-4145,872

0,91

Тажикстан

408

1996,78

1588,78

4,89

Өзбекстан

маалымат жок

1359,24

2012-жыл

Кыргызстан

1 214,90

5073,37

3 858,47

4,18

Казакстан

7444,9

11000,73

3 555,83

1,48

Орусия

51844

38903,52

-12 940,40

0,75

Тажикстан

488,1

1747,87

1 259,77

3,58

Өзбекстан

маалымат жок

1783,34

2013-жыл

Кыргызстан

1 452,80

5075,35

3 622,55

3,49

Казакстан

8364,5

12545,12

4 180,62

1,50

Орусия

53212

49591,17

-3 620,83

0,93

Тажикстан

607,4

1869,36

1 261,96

3,08

Өзбекстан

2613,36

2014 -жыл

Кыргызстан

1 200,20

5242,52

4 042,32

4,37

Казакстан

7357,2

12709,85

5 352,65

1,73

Орусия

50773

53676,94

2 903,94

1,06

Тажикстан

726,5

2468,24

1 741,74

3,40

Өзбекстан

2678,21

2016-жыл

Кыргызстан

1 468,40

5605,46

4 137,06

3,82

Казакстан

3668

8292,59

4 624,59

2,26

Орусия

38022

37355,77

-666,14

0,98

Тажикстан

841,1

1725,1

884,00

2,05

Өзбекстан

маалымат жок

2007,55

2017-жыл

Кыргызстан

4695

11564,44

3836,71

3,56

Казакстан

48056

42830,6

6869,44

2,47

Орусия

1500,1

5336,81

-5225,4

0,89

Тажикстан

556,3

1301,38

745,08

2,34

Өзбекстан

маалымат жок

2749,42

Башында эле эскерте кетейин, Кыргызстан үчүн Кытайдан жасаган импорттун өтө эле чоң көлөмү мурда эле мүнөздүү болуп келген. Бирок бул Казакстан күнөөлөгөндөй айырманын баары эле аткезчилик дегенди билдирбейт. Ири көлөмдүү импорттун жана кытай товарларын КМШ өлкөлөрүнө реэкспорт жасоонун мыйзамдык негизи бар.

1998-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Ошого байланыштуу Кыргызстандын бажы төлөмдөрү Советтер союзунун ордунда пайда болгон мамлекеттердин ичинен эң төмөнү болуп калган.

Кытай да Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгондуктан ал өлкөдөн импорт жасалганда да ушул төмөндөтүлгөн бажы төлөмдөрү колдонулган. Ал аз келгенсип Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен түзүлгөн келишимдерге ылайык Орусия менен Казакстандан айырмаланып товарлардын айрым түрлөрү боюнча бажы төлөмдөрүн товардын салмагына жараша эсептеп алууга укук алган. Бул болсо бажычылардын товардын наркына анчалык маани бербешине, соодагерлер документти кандай жазып келсе, ошондой өткөрө беришине шарт түзгөн.

2000-жылы ЕврАзЭС, түзүлүп, ага Кыргызстан да кирген. ЕврАзЭС эркин соода зонасы болуп, ага кирген өлкөлөр бири-бири менен соода жүргүзүшкөндө бажы төлөмдөрүн алышкан эмес. Натыйжада Кытайдан КМШ өлкөлөрүнө товар импорттоонун эң арзан жолу Кыргызстан аркылуу болуп чыккан. "Дордой", "Кара-Суу", "Мадина" өңдүү базарлар ошондон улам пайда болгон. Алар жакынкы өлкөлөргө кытай товарларын жөнөтүүнүн базалары болуп калышкан.

Ушу жерден мен темадан бир аз чегинүү жасагым келип турат. Кийин Атамбаев, Сариев жана ушул реэкспорт каналды түзүүдө менин да салымым бар деп эсептеген жана Кыргызстанды Дубай өңдүү жергиликтүү соода борборуна айлантуу идеясын колдоп келген Оторбаев үчүн 200 млн. адамы бар чоң рыноктун ачылышы Кыргызстанды ЕАЭБге киргизүүгө негизги аргумент болуп берген. Алар "кыргыз экономикасы рыноктун жоктугунан эле өнүгө албай жатат, эгерде биз ЕАЭБге кирсек, бизге чоң рынок ачылып, ал күркүрөп өнүгүп баштайт" деп элди ишендиришкен.

Айтылгандардан көрүнүп тургандай ал рынок биз үчүн эркин соода зонасы түзүлгөн 2000-жылдан тарта эле ачык болгон. Кыргызстандын экономикасынын өнүкпөй жатышынын чыныгы себеби башкада, тактап айтканда Кыргызстандын товар өндүрүп чыгарууга жөндөмсүз экенинде болгон. Эгерде Кыргызстан атаандаштыкка туруктуктуу товар өндүрүп чыгара алганда, Ал ЕАЭБге кирбей-этпей эле, ага кирбеген Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу азыркы 3% ордуна ички дүң продуктысын жылына 5-7% өстүрө алмак.

Бирок күзгү статистика ишкерлер кытай товарын реэкспорт жасап пайда табуунун ушул жолуна алымсынып ошону менен токтоп калышпаганын көрсөтүп жатат. Коррупция бажы кызматында да болгон. Таблицадан көрүнүп тургандай Кыргызстан ЕАЭБге киргенге чейин Кытайдан келген импортту эсептөөдө Кыргыз статистикасы менен Кытай статистикасынын маалыматтарынын ортосунда 4-5 эсе айырма болгон. ЕАЭБге киргенден кийин айырма азайган, бирок ал дагы эле үч эседен төмөн эмес.

Айырма Тажикстан менен Казакстан боюнча да бар экенин белгилей кетебиз. Ошол эле учурда Орусия боюнча айырма бир кыйла аз (эселеген айырма жок) жана Кытайдын статистикасы Орусиянын Кытайдан келген импортун Орусиянын статистикасына караганда тескерисинче аз деп эсептеген.

Бул болсо Жогорку Кеңештин бир депутаты айткандай, айырма Кытайдын статистикасынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу эмес экенин көрсөтөт. Депутат Кытайда товар экспортко кеткен учурда мурда төлөнгөн НДС кайтарылып берилерин, ал болсо Кытайдын ишкерлерин экспорттун көлөмүн документтерде кошуп жазууга түрткү болуп жатканын айткан. Мындай тартип Орусияга таркатылган эмеспи? Менин билишимче, бул мыйзамды ишке ашырууда эч бир мамлекет тизмеден чыгарылган эмес. Демек биздеги айырманын көптүгүн жалаң гана НДСти кайтаруу тартиби менен түшүндүрүүгө болбойт.

Мындай айырманы башкалар айткан товарды салмак менен ченеген кыргыз статистикасынын өзгөчөлүгү менен да түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Эмне дегенде Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тартып Орусиянын методикасына толугу менен өтүп, бажы төлөмдөрүн товардын салмагынан эмес, наркынан алып калды. Ошого байланыштуу 2015- жылдан кийин айырма автоматтык түрдө жок болуп калмак. Иш жүзүндө андай болбогону таблицадан көрүнүп турат.

Уюшкан кылмыштуулук боюнча Жогорку Кеңеште өткөн талкууда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары "Кытайдын бажычылары Кыргызстан аркылуу транзит болуп Тажикстан жана Өзбекстанга кеткен товарлары кагазда Кыргызстанга экспорттолду деп толтура беришет" дейт. Бул дагы чындыкка туура келбейт. Андай болгондо Кытайдын статистикасында Тажикстанга жана Өзбекстанга экспорт деген жеринде ноль деген сан турат эле да же аябай аз болмок. Таблицадан көрүнүп тургандай Кытайдын статистикасы жетишерлик деңгээлдеги импортту көрсөтүп жатат.

Жогоруда айтылгандардын баары чындык журналисттер тарапта экенинен кабар берет. Журналисттер айткандай, коррупция бажыда да болгон. Кытайдын товарын аз көрсөтүп жазышып, андан ишкерлер гана эмес, бажычылар да пайда көрүп турган, анткени бажычылардын катышуусуз бул схема ишке ашмак эмес.

Ушул жерден мен дагы бир чегинүү жасагым келип турат. Жакында эле Казакстан Кыргызстанды контрабанда жасайт деп айыптады. Күзгү статистика ал Казакстанда, Тажикстанда да (мүмкүн Өзбекстанда да) бар экенин көрсөтүп жатат. Болгондо да Казакстандын контрабандасы Кыргызстандыкынан абсолюттук өлчөмү боюнча бир кыйла чоң. Казакстанда жүктү салмак менен ченөө тартиби болбогонун эске алганда ал салыштырмалуу өлчөмү жагынан да чоң болушу мүмкүн.

Силердин көңүлүңөрдү Казакстандын Кытайдан импорту акыркы мезгилде өсүп жатканына бургум келет. Бул Казакстандын бажы тарифтери өзгөчө экенине байланыштуу. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин Орусиянын тарифтерин кабыл алса, Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирип, анда кабыл алынган тарифтерди ЕАЭБге киргенде сактап калды. Анын тарифтери ЕАЭБдин тарифтеринен төмөн болуп, реэкспорт жасоого шарт түзүлдү.

Казакстандын мүмкүн деп эсептелген реэкспортунан кантип коргонуу керек экенин ЕАЭБдин мүчөлөрү кандай чечишкенин мен билбейт экем. Биздин бажычылар биз Казакстан менен чек арадан көзөмөлдү таптакыр алып салдык деп мактанышканына караганда кытай товарлары Казакстан аркылуу кирип жаткан сыяктуу. Казакстан реэкспорт жасоодогу Кыргызстандын мурдагы ордун ээлеп алды.

Мен жогоруда журналисттер жүргүзгөн иликтөө уникалдуу экенин бекер айткан жокмун. Анын уникалдуулугу журналисттер кытай товарларынын контрабандасын жана андан табылган акчаны адалдоонун схемасын уюштуруучулардын бирине чыгып, ал болсо бул схемаларды кантип ишке ашырганын жана ага катышкан кишилердин аттарын атап бергенинде турат. Мындан кийин бизде аткезчилик жок деп тануу акылсыздыкка жатат. Буларды айтып жана тиешелүү документтердин бир бөлүгүн өткөрүп берген Саймаитинин өлтүрүлүшү журналисттер сөз кылган 700 млн. доллардын мыйзамсыз акча экенин далилдейт. Саймаитинин көрсөтмөсүн эске албаганда да Матраимовдун мүлкүнүн Кыргызстандан эле эмес, Дубайдан да табылып жатышы Матраимовдун ал схемаларга катыштыгы бар экенинен эч күмөн санатпайт. Журналисттердин иликтөөсүнө ишенүү жана бийликтин айтылгандарга чын ниети менен дыкат иликтөө жүргүзүшү үчүн дагы кандай далил керек?

Сапар Орозбаков, экономист, публицист.

Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG