Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Кыргызстан алтын өндүрүүдө рекорд койду


Кумтөрдүн алтыны.

Кыргызстан 2019-жылы 26 тонна таза алтын өндүрдү. Бул өлкө эгемендик алгандан берки эң чоң көрсөткүч болду.

Мунун себеби Кумтөрдөгү өндүрүш күчөгөнү менен байланыштуу. Бирок адистер алтынды экспорттоого бажы төлөмү алынбай жатканын сынга алып, мындан бюджет жыл сайын миллиардаган суммадан куру калып жатканын айтышууда.

Рекорддук өндүрүш

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет 2019-жылы өлкөдө өндүрүлгөн кендердин жана концентраттардын баштапкы эсебин чыгарды. Демек бул жылы Кыргызстанда алтын өндүрүү рекорддук көрсөткүчкө жеткени такталды.

Комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев бул жөнүндө мындайча кеп баштады:

Карыбек Ибраев.
Карыбек Ибраев.

- 2019-жылы Кыргызстанда 26 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү. Мурдагы жылдарга караганда өстү жана өлкөнүн тарыхындагы эң чоң көрсөткүч болду. Көбөйүүнүн себеби Кумтөрдөгү өндүрүш менен байланыштуу. Кумтөрдө мурдагы жылы 16 тонна 492 кг алтын өндүрүлсө, былтыр 18 тонна 636 кг алтын алышты. Андан тышкары бизде дагы бир топ кендердин көрсөткүчтөрү көтөрүлдү. Маселен, Талды-Булак Сол жээк кенинде иштеген компания 3 тонна 649 кг, Иштамбердидеги ишкана 464 кг, Бозумчактагы мекеме 1 тонна 344 кг, Этибакыр Терек-Сай 206 кг жана Чоң-Алайдагы Кара-Казык кенинде «Кайди» компаниясы 336 кг алтын өндүрдү. Кыскасы, ондон ашык чоң компанияларыбыз алтын өндүрүп жатат, ошондуктан көрсөткүчтөрүбүз өсүүдө.

Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, былтыр мындан сырткары курамында алтын камтылган 73 миң тонна 402 кг концентрат жана 130 миң тоннадан ашыгыраак руда өлкөдөн чыгарылган. ​Болжол менен концентратта 5 тонна 608 кг алтын, рудада 964 кг алтын бар деп эсептелген.

2018-жылы Кыргызстанда 23 тонна 106 кг таза алтын өндүрүлсө, концентраттын жана руданын курамында 5 тонна 778 кг алтын мамлекеттен сыртка чыгарылып кеткен. Жогоруда байкаганыбыздай, 2019-жылы негизинен таза алтын өндүрүүдө өсүш болуп жатат.

Кыргызстандын соңку он жылдагы алтын өндүрүшү. Жер казынасын пайдалануу комитети берген маалымат.
Кыргызстандын соңку он жылдагы алтын өндүрүшү. Жер казынасын пайдалануу комитети берген маалымат.

Албетте, тонналаган алтын жөнүндө сөз болгондо эрксизден анын пайдасы тууралуу суроо жаралбай койбойт. Чын эле 26 тонналык алтын өндүрүштөн Кыргызстан канча пайда тапты?

Буга кайра эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев жооп берүүгө аракет кылды:

- Көптөр «Кыргызстанга бир да алтын түшпөйт экен, бүт алып кетет экен» деп айтып калышат. Бирок Салык кодексине ылайык биз өз үлүшүбүздү салык аркылуу алабыз. Жөнөкөй тил менен айтканда өлкө өнүмдүн 10-15% көлөмүндөгү сумманы салык катары алат. Маселен ар бир 100 килограмм алтындан 10-15 килограммы алтын түрүндө эмес, акча түрүндө Кыргызстанга түшүп жатат. Логикасын ушундай түшүндүрсө болот. «Кыргызстан эч нерсе албайт» деген сөз туура эмес. Калган бөлүгүн да «инвесторго гана кетет» дегени да жаңылыштык. Чалгындоого, өндүрүшкө, маянага, жабдууга, күйүүчү майга жана башка чыгымдарга кирешенин 60% кетет. Демек өндүрүүчү ушундан ашканын гана өзүнө алат.

Ибраев кабарлагандай, 2019-жылы кендерди иштетүү тармагынан бюджетке салык катары 13 млрд. сомдой каражат түшкөн. Бирок ал мунун канчасы алтындын өзүнөн гана алынганын тактай алган жок.

«Алтындан экспорттук төлөм албай жатабыз»

Ошол эле кезде адистер Кыргызстандын алтынынан экспорттук алым алынбай жатканын сынга алып, мунун айынан казынага миллиарддаган каражаттар түшпөй келатканын эскертишүүдө.

Мурдагы вице-премьер-министр, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов буларга токтолду:

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

- Ооба, өндүрүштүн өзүнөн да салык алыш керек, ага сөз жок. Бирок алтын чет жакка чыгарылып жатканда ага экспорттук алым коюш керек. Казакстанда, Өзбекстанда ушундай, бардык эле өлкөлөрдө чыгып жаткан алтынга анын 20% көлөмүнө ылайык экспорттук алым коюшат. Бизде гана жок. 1997-жылы Кумтөрдөн алтын каза баштагандан бери алтынды сыртка чыгарып жатабыз. Ушул 20 жылдан бери экспорттук алым киргизе албай койдук. Бул Салык кодексинде деле каралган. Аны аткарып эле коюш керек, бирок кайсы бир кызыкчылыгы бар адамдардын айынан ал акча алынбай келет. Эгер ушуну киргизсек канчалаган сумманы бюджетке алмакпыз! Мунун аягы чоң чатакка алып келет.

Акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрдү эске алсак, Кыргызстан 16-18 тонна алтынды сыртка сатып келген. 2019-жылы таза алтындын канчасы чет жакка чыкканы азырынча белгисиз. Мурдараак тогуз айдын көрсөткүчүн гана жазганбыз.

Эгер былтыр 20 тоннадай алтын сыртка чыкты деп эсептесек, Лондондун биржасынын тарифине ылайык мунун баасы орточо 1 млрд. же 1 млрд. 200-300 млн. доллар болот.

Мунун ичинен Базарбай Мамбетов айткан 20% экспорттук көлөмүн чаксак, ал сумма 200-260 млн. долларды түзөт экен. А бул 14-18 млрд. сом. Башкача айтканда ушунча каражат жыл сайын Кыргызстанга кошумча калмак деп бүтүм чыгарсак болчудай.

Кумтөр кенинен чыккан алтынды иштетүү учуру.
Кумтөр кенинен чыккан алтынды иштетүү учуру.

Арийне, ушул жагдайларды эске алуу менен алтынга экспорттук төлөм киргизүүнү буга чейин да бир катар депутаттар сунуш кылышкан. Анын ичинде бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева да бир нече жолу козгогон жайы бар.

2017-жылы болсо Экономика министрлиги да ушундай демилге көтөргөн. Бирок алар көбүнчө таза алтынга эмес, алтын кошулмасын же концентратты сыртка чыгарууга экспорттук бажы төлөмүн киргизүүнү жактаган. Бирок министрликтин азыркы жетекчилигинин позициясы башкачараак.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров мындай дейт:

Дастан Кадыров.
Дастан Кадыров.

- Салык саясатын ар бир мамлекет өзү аныктайт, Кыргызстан да өзүнчө саясат жүргүзөт. Азыр бизде алтын өндүрүшүндө роялти, бонус, 7% кирешеге деген салыктар бар. Азыр дагы кошумча иш-чараларды карап жатабыз. Бирок биз Казакстанга кеткен алтынга экспорттук төлөм коё албайбыз, анткени Евразия Экономикалык Биримдигиндеги мамлекеттердин макулдашуусу бар. Ал эми Кумтөрдүкү генералдык макулдашуу менен бекитилген, ага кошумча төлөм коюш үчүн макулдашууну өзгөртүү керек болот. Кытайга гана экспорттук төлөм коюшубуз мүмкүн, бирок ал жакка азыраак эле кетет.

Кийинки жылдары Кыргызстандагы алтындын басымдуу бөлүгү Улуу Британияга сатылып келет. Азыраак бөлүгү Түркияга, Италияга жана Кытайга экспорттолуп турат.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери канча алтын өндүрүп, анын канчасын чет жакка сатканы кеткени так эмес. Кумтөрдөн гана ушул күнгө чейин болжол менен 400 тоннадай алтын өндүрүлгөнү белгилүү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда тоо-кен тармагы боюнча жалпы 2435 лицензия берилсе, анын 469 алтынга туура келет. Мунун ичинен жүздөйү чалгындоо укугун алса, 39 компания ушул күндөрү алтын өндүрүп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (62)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG