Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

ЕАЭБдеги бөгөттөрдүн түйшүгү


Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары биримдиктеги чектөөлөр менен тоскоолдуктарды жоюу маселесин талкуулашты.

Алматы шаарында өткөн кезектеги жыйында быйыл ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар аралык кеңешине төрагалык кылуу Беларуска өткөнү жарыяланды. Ошондуктан биримдиктин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын алып барган Беларустун премьер-министри Сергей Румас расмий Минск мындан ары евразиялык интеграцияны өркүндөтүү үчүн бардык күч аракетин жумшай турганын билдирди.

Бул үчүн премьер-министр Сергей Румас Евразиялык комиссиянын чектөөлөр менен тоскоолдуктарды жөнгө салуу укугун күчөтүүгө көңүл буруларын билдирди:

- Баарынан мурун биздин көңүлүбүз ЕАЭБдин ички рыногундагы чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды алып салууга жана жаңыларын болтурбоого бурулат. Бул максатка жетүүдө биздин негизги аспаптардын бири - Евразиялык экономикалык комиссиянын ыйгарым укуктарын күчөтүү. Биринчи кезекте техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар менен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу тармактарында күчөтүш керек. Биз мурдагыдай эле улуттук чектөө киргизүү чараларын биримдиктин органдары алдын-ала карап чыгып, чечүү тартиби болушу зарыл деп эсептейбиз.

Санкциялар менен жазаналар сунушу

Ошол эле кезде Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, капиталды жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүүгө карата чектөөлөр менен тоскоолдуктарды натыйжалуу жөнгө салуу үчүн Евразиялык комиссияга жана сотко кошумча ыйгарым укуктарды берүүнү сунуштады:

- Негизинен ЕАЭБ эрежелерин бузган мүчө мамлекеттердин улуттук-укуктук ченемдерин жокко чыгаруу чечимин кабыл алуу үчүн Евразиялык экономикалык комиссияга кошумча ыйгарым укуктарды берүү керек. Мыйзам бузуулар тууралуу кайрылууларды кароо тартибин орнотуу жана мөөнөттөрүн аныктоо керек. Мындан сырткары Евразиялык комиссиянын чечимдери аткарылбай калган учурда ЕАЭБдин сотуна кандайдыр бир санкцияларды колдонуу жана кенемте төлөтүү механизмдерин киргизүү өтө маанилүү.


Эркин соода жүгүртүүгө чектөөлөр менен тоскоолдуктарды алып салуу маселесинде Кыргызстандын, Беларустун жана Армениянын позициялары окшош чыкты. Буга чейин Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев казак тараптын чек арада транзиттик жүктөрдү кошумча текшергенин биримдиктин жобосуна каршы келген аракет катары сындаган. Ал эми казак өкмөтү Казакстандын аймагына товарларды аткезчилик менен алып кирген учурлар катталгандыктан экспорттук көзөмөл чарасы киргизилгенин билдирген.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин чектөөлөрдү жоюп, товарларды ачык-айкын жүгүртүү үчүн электрондук көзөмөлгө өтүү зарылдыгын айтты. Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин биримдиктин ички рыногунда айкындуулукту камсыздап, мыйзамдуу соода жүгүртүүнү жолго коюу үчүн бир топ чаралар керектигин кошумчалады. Ошондуктан бул маселеде Орусия менен Казакстандын кызыкчылыгы дал келе турганы белгилүү болду.

Михаил Мишустин
Михаил Мишустин

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин товарларды маркалоо жана көзөмөлдү санариптештирүүгө өткөрүү боюнча бирдиктүү тутумду түзүү милдети турганын белгиледи:

- Жалпы рыноктун ачыктыгын жогорулата турган товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө механизми маанилүү. Орусия тарап аны бир катар товарлардын түрүнө жайылтууну сунуш кылган. Бирок биз азырынча абалды туура түшүнүп, 2020-жылдын 1-мартынан тарта бут кийимдерди маркалоону киргизүү мөөнөтүн артка жылдырдык. Бирок бул демилгени колго алууну тездетүүнү суранат элем. Экинчиден, экономиканы санариптештирүү зарыл. Мындан башка фитосанитардык жана ветеринардык тармактарда санариптик кызматташууну тездетүү керек. Карантиндик жана ветеринардык текшерүүнү талап кылчу товарларды көзөмөлгө ала тургандай бирдиктүү тутумду түзүү керек.

Эки тараптуу жолугушуулар

Орусиянын жаңы дайындалган өкмөт башчысы Михаил Мишустин жыйындын алкагында Казакстандын, Беларустун жана уюмга байкоочулук кылган Молдованын премьер-министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Михаил Мишустиндин кол алышкан сүрөттөрүн жарыялап, бирок эки тараптуу жолугушуу тууралуу кабар тараткан жок.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" берген маегинде көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн эки тараптуу жолугушуулар маанилүү экенин белгиледи:

- Орусия менен Кыргызстандын ортосунда да чечилбей, топтолуп кеткен маселелер абдан көп. Биздин премьер-министр Орусиянын өкмөт башчысы менен жөн эле таанышып, "фотосессия кыла бербей" ар бир жолугушууну колдон чыгарбай, ошол маселелерди чечүүгө жумшашы керек. Эки тараптуу жолугушууларда көйгөйлөрдү талкуулап, анын макулдугун алып, өкмөт аны көзөмөлдөп, ишке ашырууну андан ары улантышы кажет. Биримдикке беш мамлекет мүчө болсо, эмне үчүн Орусиянын премьер-министри үч кесиптеши менен эле жолугат да, Кыргызстандын өкмөт башчысы менен жолукпай коёт? Менимче, Орусиянын өкмөт башчысы мындай саясий ката кетирмек эмес. Бул жерде биздин өкмөттүн шалаакылыгы болуп, жолугушуу алдын-ала пландалбай, талкуулай турган материалдар, айта турган сөз күн мурунтан даярдалбай калган болушу мүмкүн.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Алматыда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн пландалбаганын Орусия менен Кыргызстандын "Эриш-аркак мамилелер жылынын" алкагында жакында өкмөт башчылары Абылгазиев менен Мишустиндин жолугушуусу күтүлүп жатканы менен түшүндүрдү.

ЕАЭБдин Алматыда өткөн өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында жалпысынан 13 документке кол коюлду. Анын көпчүлүгү экономикалык биримдиктин интеграциясын тереңдетүүгө багытталган. Мындан сырткары анда уюмга кирбеген өлкөлөр менен соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү жагы да каралган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG