Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 19:20

Айыл чарбасы боорун көтөрө албай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети акыркы жылдары Кыргызстандын айыл чарба сектору туруктуу оң динамикага жете албай жатканын билдирүүдө.

Экономиканын артыкчылыктуу тармагынын начарлашынын негизги себептери эмнеде? Туруктуу айыл чарба саясатынын жоктугубу же заманбап башкаруу менен уюштуруунун жолго коюлбаганы себеп болуп жатабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков катышты.

«Азаттык»: - Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча айыл чарбасынын үлүшү өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү (ИДӨ) көлөмү 2014-жылы 14% түзсө, 2018-жылы 11% түшүп калган. Мынчалык төмөндөп кетишинин себебин эмнеден көрөсүңөр?

Таалайбек Айдаралиев: - Cтатистикага карасак 2000-жылдары айыл чарбасы өлкөнүн ИДӨнүн 34% түзгөн. Ошол учурда эл чарбасынын башка тармактарынын ИДӨдөгү көлөмү 5% тегерегинде эле болчу. Акыркы жылдары туризм, кайра иштетүү, тейлөө, өндүрүштүн башка тармактары көтөрүлүүдө.

Таалайбек Айдаралиев.
Таалайбек Айдаралиев.

Кийинки убакта айыл чарба тармагынын ИДӨдөгү үлүшү азайганы менен айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн көлөмү азайган жок, көбөйүп жатат. Биздеги чоң маселе - айыл чарбасына бюджеттен бөлүнгөн акча жетиштүү эмес, абдан аз. «Акыркы жети жылдан бери айыл чарбасын каражат жагынан колдоо долбоолору иштеп келе жатат, миллиард каражаттар бөлүндү» дейбиз. Бирок ал акча биздин жалпы дыйкандарыбыздын керектөөсүнүн 10% эле жаба алат. Айыл чарбасын керектүү техника менен камсыз кылуу, механизациялаштыруу артта калууда. Жалпылап айтканда мамлекет айыл чарбасын жетишерлик деңгээлде колдой албай жатат.

Эсенгул Исаков: - Биз Улуттук статистика комитети берген маалыматка ишенишибиз керек. Тармактын начарлап жатканынын себептери көп. Мурда мамлекет үчүн стратегиялык болуп эсептелген айыл чарба өндүрүмүнүн көлөмү азайып кеткени чындык. Мисалы, буудай, тамеки, пахта өндүрүүнүн көлөмү азайып кетти. Бизди Казакстандын буудайы басып калды.

Дагы бир көңүл бура турган нерсе: Айыл чарба министрлиги менен Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында көпчүлүк учурда айырма болот. Айыл чарба министрлиги дайыма көрсөткүчтөрдү жогору бергиси келет. Ар бир райондо статистика жана айыл чарба башкармалыктары бар. Статком маалыматтарды чогултууда көз каранды эмес. Акимдер болсо «көрсөткүчтөр мен келгенде эле түшүп кетеби» деп маалыматтарды жасалма көтөрүп коюшарын билебиз. Мен Статкомдун маалыматына ишенем.

«Азаттык»: - Таалайбек мырза, 2018-жылы өсүмдүк өстүрүүнүн көлөмү андан мурдагы жылга салыштырмалуу 108 миллиард сомдон 100 миллиард сомго чейин кемиген. Бул картөшкө өндүрүү 29%, жашылча өндүрүү 17%, бакча жемиштерин өндүрүү 6% жана жүзүм өндүрүү 8% азайганы менен түшүндүрүлөт.

Таалайбек Айдаралиев: - Анын да өз себеби бар. Мурдагы жылдары төө буурчак, былтыр картөшө менен кыйынчылык жаралганын жакшы билебиз. Баалар түшүп кеткендиктен дыйкандар айдабай коюп, көлөмү да азайып кетип жатат. Сыртка да сата албай кыйналып калдык. Анын үстүнө сырттан да картөшкө келип, биздин дыйкандар атаандаштыкка туруштук бере албай калды. Быйыл аз болсо да жылыш бар. Картөшкөнү Түркмөнстанга, Беларуска, Украинага, Орусияга экспорттоп жатабыз. Биз Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет картөшкөнүн үрөнүн экспорттоого жетишип жатабыз.

«Азаттык»: - Эсенгул мырза, мындан беш жыл мурда «эгер Кыргызстан Еврзаия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирсе, өлкөнүн айыл чарба азыктарынын экспорттук потенциалы күчөйт» деди эле. Иш жүзүндө кандай болууда?

Эсенгул Исаков.
Эсенгул Исаков.

Эсенгул Исаков: - Убагында Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда «бир топ жеңилдиктерге убакыт бергиле» дегенбиз, андай мүмкүнчүлүк берилген. Ошол убакта «айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагын ирдентип алабыз» дегенбиз. Ошол учурда өкмөт «баарын жолуна коё алабыз» деп ишендирген. Тилекке каршы, андай болгон жок, убакыттын баары текке кетти. Кыргызстан бул жагынан утулуп эле келатат.

Биз кайра иштетүү тармагын жакшы жолго коё албасак, чийки зат өндүргөн мамлекет катары эле кала беребиз. Кыргызстан ири көлөмдөгү өндүрүм чыгара албай убара. Айыл чарба министрлиги болсо «өндүрүм 32% арбыды» дегени уккан кулакка абдан жакшы. Бирок аны ар бир дыйкан, ар бир жаран өз жашоосунда сезиши керек да? Бизде экспортко өндүрүм чыгарып саткан ишканалардын реестри саналуу эле. Алардын баары жеке менчик компаниялар. Мамлекет ири өлчөмдө өндүрүм чыгарыш үчүн чарбаларды ирелештирүү же кооперативдерге бириктирүү боюнча иштерди жүргүзбөй жатат…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG