Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Бийлик ооштуруунун «казакча амалы»


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орус өкмөтүнүн таркап кетишинен улам бир катар эксперттер Кремл бийлик ооштуруунун «казакча амалына» өттү деп сыпаттап жатышат.

Путин шаршембиде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, Мамлекеттик кеңештин макамын бекитип, президенттин өкмөттү түзүү боюнча айрым ыйгарым укуктарын Мамлекеттик Думага өткөрүп берүүнү сунуштаган.

Парламент министрлер менен премьер-министрди дайындай алгандай кылып, мындан тышкары вертикалдуу бийликти мындан ары да күчтөндүрүүнү - шаар калкы шайлаган мэрлерди губернаторлорго баш ийдирүү керектигин белгилеген.

Конституциялык сот жаңы мыйзамдарды президентке чейин жактырышын туура көрөрүн айткан.

Бир катар саясат талдоочулар Путин Конституцияга Мамлекеттик кеңеш тууралуу мыйзам кабыл алып, анын ыйгарым укуктары менен милдеттерин каалаганындай ылайыктоо менен президенттик ордундагы бийликти жаңы кызматка ооштуруп, өкмөт, парламент, Коопсуздук кеңешине бирдей таасир эте ала турган «орун камдап жатат» деп болжоп турушат.

Саясат таануучу Екатерина Шульман муну бийлик ооштуруунун «казакча амалы» деп түшүндүрдү:

- Бул жалпысынан саясат иликтөөчүлөр айткандай, бийлик ооштуруунун «казакча амалы». Президенттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдарга бөлүштүрүп коюп, өзү кандайдыр бир салмактуу макамды алып, кадр дайындоого таасир этүүгө мүмкүнчүлүгүн сактап калуу аракетин көрдү. Бизде мындай салмактуу орун Мамлекеттик кеңештеги жетекчилик болуп калчудай. Бул азыркы Казакстандагыдай түзүлүш.

Ал эми журналист Константин Эггерт жаңы Мамлекеттик кеңештеги жогорку кызмат Путинге бир гана «Беларусту Орусияга кошулууга көндүрүү, Донбасс, Ливия, Сирия, Батыш сыяктуу аны чындап кызыктырган маселелер менен алек болууга шарт түзөт» деп эсептейт.

- Президент мөөнөтүнүн аягына чейин кызматта отурат. Ага чейин анын администрациясы жаңы схема ойлоп табат. Мисалы, Мамлекеттик кеңештин башчысынын ордун башкы кызмат кылып, ага убактылуу жетекчини отургузуп коет. Мамлекеттик кеңешке атайын макам бекитип, мыйзамдаштыруу сунушу жөн жерден чыккан эмес. Бул орун Путинди тажатып жиберген милдеттеринен – чабал экономика, калкты социалдык жактан камсыздандыруу сыяктуу маселелерден толук бошотот. Коомчулуктун нааразылыгы эми премьер менен депутаттарга жүктөлөт. "Айлык аз болуп жатат дейсиңерби? Эч нерсе билбейбиз. Силер бул адамдарды өзүңөр тандагансыңар, ошолорго кайрылгыла. Бизде демократия" деп койгонго да жакшы жагдай түзүлөт, - деп жазды журналист «Немис толкунуна».

Ошол эле кезде Путин президенттик акыркы мөөнөтү бүтө турган 2024-жылга чейин расмий Минскини 1999-жылы түзүлгөн интеграция келишимин ишке ашырууга көндүрүп, жаңы орток мамлекетке кайрадан башчы болуп келиши мүмкүн деген божомолду четке какпагандар да бар.

Ал эми саясат таануучу Дмитрий Орешкин Путин премьер-министрликке баратат деген ойдо.

- Ар ким ар кандай моделди күткөн. Бирок чечимди Владимир Владимирович эле кабыл ала алат. Ал алдын ала өзүнө ыңгайлуу орун даярдап койду. Премьер эми министрлерди дайындап, өз саясатын жүргүзүп, президентке кылчактабай калат. Президент болсо ишеним жоготту деп министрди кызматтан кетире алат. Бирок парламент тандаган премьерге колу жетпейт. Бул премьер таасирдүү болуп каларын түшүндүрөт. Мен ушундан улам Путин кызматка барат деп ойлоп турам. Ошол эле кезде бийлик алмашуунун башка жолдорун да эстен чыгарбаш керек. Лукашенкого басым жасап, жаңы мамлекет түзүп коюшу да мүмкүн. Биз акырындап Баш мыйзамды өзгөртүүгө баратабыз.

Орешкин Путин каалагандай, жалпы элдик добуш берүүдө Орусиянын Баш мыйзамындагы эл аралык келишимдер менен макулдашууларды сактоо артыкчылыгы алынып салынса, өлкө советтик «темир көшөгө» дооруна кайтарын кошумчалады.

Ал эми Конституциялык укук боюнча профессор Илья Шаблинский Путиндин Конституциялык сотко жаңы мыйзамдарды президентке чейин кароо милдетин берип, ошол эле кезде бул соттун мүчөлөрүн Федерация Кеңеши аркылуу кызматтан кетирүүгө президентке ыйгарым укук сурап жатканын сотторду өз билгениндей калчоого «кысым көрсөтүүчү механизм» катары сындады.

- Бул такыр акылга сыйбаган көрүнүш. Жети жыл мурда Жогорку арбитраждык сотту жөн эле жоюп салышкан. Эми мыйзам өзгөртүлгөндөн кийин президент Конституциялык сот менен каалаганын кыла алат. Федерация кеңеши башынан эле президенттин колундагы курал болгон, эми Конституциялык сот толугу менен көз каранды болуп калат.

Анткен менен айрым саясат талдоочулар Путин акыры бийликтен кетерин, азыр сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү демилгелери келерки президентти көзөмөлдөө механизмдери катары кабыл алынып жатканын белгилешет.

- Кайрылуудагы сунуштардын топтому «казакча бийлик ооштурунун» жаңыланган түрү деп айтса болот. Албетте, эч кандай «элбасы» же кош бийлик болбойт. Бирок жогорку кызматтарга, ошол эле Мамлекеттик Кеңешке, Конституциялык сотко айрым милдеттерди жүктөө менен Путиндин мураскерине «көз салып турган аянтчалар» түзүлөт. Путин өзү кайсы аянтчаны ээлеши мүмкүн? Кайрылуусун ар кандай талкуулашы ыктымал. Мамлекеттик кеңешке же күчтөндүрүлгөн парламентке барышы мүмкүн. Кыскача айтканда, Орусияда 2024-жылы жаңы президент болот, бирок ал «көз салып туруучулардын» көзөмөлүндө калат, - деген саясат талдоочу Александр Кынев «Ведомости» басылмасына курган маегинде.

Федералдык жыйында Путин кийинки президенттикке аттангандарга талаптарды катаалдаштырууга чакырган. Анын сунушу боюнча, келечектеги орус президенти өлкөдө кеминде 25 жыл жашашы керек жана эч качан чет өлкөнүн жарандыгын же ал жакта туруктуу жашоого уруксат кагазын албаган адам болушу зарыл.

Буга кошумча президент тууралуу мыйзамдагы «бир эле адам катары менен эки ирет президент болуп шайлана алат» деген жердеги «катары менен» деген сөздү алып салууну талкуулоо керектигин белгилеген.

Баш мыйзамга мындай сунуштар кабыл алына турган болсо, 2010-жылы Йель университетинде окуп, окуусуна байланыштуу Орусияда туруктуу 25 жыл жашабаган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный президенттикке талапкерлигин көрсөтө албай калат.

Мындай чектөөлөр Владимир Путиндин саясатын сынга алып, мунун айынан чет жакка чыгып кетүүгө мажбур болгон оппозициячы лидерлердин президенттикке талапкер болушуна да чекит коет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG