Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:24

Путинге үмүт арткандар азайды


Владимир Путин Москвадагы форумда, 3-октябрь 2018-жыл.

«Левада-борборунун» соңку сурамжылоосу орус президенти Владимир Путиндин эл арасындагы кадыр-баркы кыйла төмөндөп кеткенин көрсөттү. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде эле Путинге ишеним көргөзгөн орусиялыктардын саны 20 пайызга азайган.

“Сиз эң көп ишенген беш-алты саясатчыны атаңыз?”. Дал ушул суроо менен “Левада-борбору” Орусиянын 52 субъектинде 20-26-сентябрда жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгын апта башында жарыялады.

Ага ылайык, орусиялыктар эң көп ишенген саясатчылардын сап башында президент Владимир Путин турса да, анын бул жолку рейтинги он ай мурдагыга салыштырмалуу кыйла аз болуп чыкты.

Сурамжылоого катышкан 1600 адамдын 39 пайызы гана Путинге ишене турганын айтышкан. Бул сан талаштуу пенсия реформасы жаңы башталган июнь айындагы президенттин рейтингине салыштырмалуу 9 пайызга, 2017-жылдын ноябрь айына караганда 20 пайызга азыраак.

Путинден кийин ишеним жараткан саясатчылардын арасында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу (15%), саясатчы Владимир Жириновский (15%) жана тышкы иштер министр Сергей Лавров (10%) турат.

Ал эми ишеним жаратпаган саясатчыларды атай келгенде да Путиндин көрсөткүчү начарлаган. Маселен былтыр ноябрь айында Путинге ишеним көрсөтпөгөндөр жети пайызды гана түзсө, бул жолу ал сан 13 пайызга көтөрүлгөн. Мындай саясатчылардын башкы сабына премьер-министр Дмитрий Медведев (31%) чыккан.

Пенсия реформасына каршы Москвада сентябрь айында өткөн митинг.
Пенсия реформасына каршы Москвада сентябрь айында өткөн митинг.

​Быйыл июнь айында орус өкмөтү эркектер үчүн пенсия курагын 60тан 65 жашка, аялдар үчүн 55тен 63 жашка көтөрүүнү сунуштаган. Бирок бул план коомчулуктун кескин сынына кабылгандан кийин президент Владимир Путин реформаны жумшартууга аракет кылып, аялдар 60 жаштан пенсияга чыкса болоорун билдирген. Акыры Путин тиешелүү мыйзамга өткөн аптада кол койгон.

Натыйжада орус президенти пенсияга мына чыгам деп турган жарандардын колдоосунан ажыраганын “Левада-борборунун” социологу Алексей Левинсон «Эхо Москвы» радиосундагы маегинде айтты:

- Жакынкы мезгилге чейин эле өлкө ичинде болуп жаткан бир дагы маселе орусиялыктардын президент тууралуу пикирине терс таасирин тийгизген эмес. Андай маселелерден көбүнесе премьер-министр же өкмөт сыяктуу башка мамлекеттик институттардын рейтинги жабыркап келген. Пенсия реформасы болсо Батыш менен карама-каршылык, Орусиянын дүйнөдөгү орду сыяктуу Путин жооптуу болгон маселелер менен теңтайлашып, чоң мааниге ээ болду.

“Леваданын” буга чейинки сурамжылоосу Орусияда президенттин институтуна болгон ишеним да төмөндөгөнүн көрсөткөн. Ага ылайык, президенттин ишмердигин жактырган орусиялыктардын саны 2017-жылдагы 75 пайыздан 58 пайызга түшкөн.

Путиндин рейтинги төмөндөп жатканын “Коомдук пикир” фондунун октябрдын башындагы сурамжылоосу да айгинелеп турат. “Президенттик шайлоо ушул жекшембиде өтсө, кайсы талапкерге добуш берер элеңиз?” деген суроого жооп берген орусиялыктардын 45 пайызы гана Владимир Путиндин ысымын атаган.

Деген менен мамлекет тарабынан каржыланган “Коомдук пикирди изилдөө боюнча бүткүл орусиялык борбор” (ВЦИОМ) президенттик институтка болгон ишеним бейөкмөт уюмдардын көрсөткүчүнө салыштырмалуу жогору экенин, ал 64 пайызды түзөрүн билдирип жатат.

Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын курултайында, 2017-жылдын декабрь айы.
Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын курултайында, 2017-жылдын декабрь айы.

Өткөн аптада борбордун жетекчиси Валерий Федоров пенсия реформасынын президент Путиндин саясий салмагына тийгизген терс таасири токтогонун, азыр анын рейтинги туруктуу экенин ТАСС агенттигине айткан.

Бирок андан мурдараак Федоров “Рубалтик” дискуссия клубундагы сөзүндө пенсия реформасы “Бирдиктүү Орусия” партиясынын рейтингин түшүргөнүн моюнуна алган:

- Пенсия реформасы жарыялангандан бери “Бирдиктүү Орусиянын” рейтинги түшүп кетти. Ага чейин 47-49 пайыз болсо, кийин 33-34 пайызга төмөндөдү. “Шайлоо жакынкы жекшембиде өтсө, кимге добуш бересиз?” деген суроого дал ушундай жооп болду. Бийликтин партиясына добуш беребиз дегендердин саны азайды.

Айрым орусиялык эксперттер президенттин рейтингине орус экономикасынын абалы, Батыш менен карама-каршылык сыяктуу башка жагдайлар да кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн айтышат.

Кантсе да рейтинг маселеси Владимир Путин кезектеги алты жылдык мөөнөтүнө шайлангандан кийин гана күн тартибине чыгып жатат. Быйыл март айындагы шайлоодо Путин добуштардын 76 пайызына ээ болгон эле.

Пенсия реформасы боюнча нааразылык башталган учурда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Путин өзүнүн рейтинги жогорулап же төмөндөп жатканына көңүл бурбай турганын билдирген.

Владимир Путин президент жана премьер-министр катары Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келе жатат. “Левада-борборунун” сурамжылоосу боюнча, 2013-жылы Путиндин рейтинги 30 пайызды түзүп, эң төмөнкү чегин көрсөткөн. Бирок 2014-жылы Крымдын Орусияга каратылышынан кийин анын кадыр-баркы көкөлөп, аны колдогондордун саны 80 пайызга жеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG