Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Орусияда Путиндин рейтинги 2013-жылкы деңгээлге түштү


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Бул тууралуу Москвадагы “Левада” борборунун соңку сурамжылоосуна шилтеме кылып, “Коммерсант” басылмасы кабарлады. “Леваданын” сентябрь айы үчүн сурамжылоосун жана президенттин ишмердигин орусиялыктардын 58% гана жактыра турганы аныкталды.

Бул Орусия президентинин ишеним рейтинги 2017-жылга салыштырмалуу 17% төмөндөп кетти дегенди билдирет.

“Леваданын” быйыл июнь айында өткөн сурамжылоосу орусиялыктардын 51% Путин 2024-жылдан кийин да президент болуп калышына каршы эместигин көргөзгөн.

Ал эми 27% окуялардын мындай өнүгүшүнө макул эместигин билдиришкен.

Социологдордун эсебинде, Путиндин рейтинги орус өкмөтүнүн быйыл июнда пенсия курагын көтөрүү чечиминен кийин төмөндөдү.

Кийин Путин пенсия реформасын өкмөттүкүнөн жумшартууну сунуш кылып, натыйжада пенсия курагын беш жашка: эркектердикин 65, аялдардыкын 60га көтөрүүнү караган мыйзам кабыл алынды. Ага 3-октябрда президент өзү да кол койду. (UE)

XS
SM
MD
LG