Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Орусия: камоолор менен коштолгон жүрүш


Москвада полиция айрым митингчилерди кармап жаткан учур, 9-сентябрь 2018-жыл.
Москвада полиция айрым митингчилерди кармап жаткан учур, 9-сентябрь 2018-жыл.

Жекшемби күнү Орусиянын бир катар шаарларында пенсия реформасына каршы жүрүштөр өттү. Санкт-Петербург, Екатеринбург сыяктуу айрым шаарлардагы нааразылык акциялары камоолор жана кагылышуулар менен коштолду.

"Путин! Пенсияга чейин кантип жашайбыз?", "Бул реформа эмес, каракчылык", "Бийлик жооп берсин" деген сыяктуу ураандар жазылган плакаттарды көтөргөн миңдеген демонстранттар жекшемби күнү Орусиянын ондогон шаарларында көчөгө чыгышты. Алар өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү планына нааразылыгын билдирип, маал-маалы менен президент Владимир Путиндин кызматтан кетүүсүн да талап кылып жатышты.

9-сентябрда пенсия реформасына каршы жүрүшкө чыгуу демилгесин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный көтөргөн. Бирок ал январь айындагы "шайлоочулардын жүрүшү" үчүн 30 күндүк абак жазасын өтөп жаткандыктан акцияга катышкан жок.

Башкалаа Москвада 2 миңдей киши алгач Пушкин аянтына чогулуп, андан соң көчөлөргө бөлүнүп алып жүрүшкө чыгышты. Алардын арасында жаштар менен катар пенсия курагына жакындап калгандары да болду.

- Эмне үчүн Путин менин мыйзамдуу жол менен тапкан акчамды алып кетиши керек? Мен ал акчаны өмүр бою топтодум да. Путин да, сиз да, бардыгыбыз акча төлөп келе жатпайбызбы. Ал коркпой эле элдин чөнтөгүнө кол салып жатат,- дейт жакында пенсияга чыгам деген үмүтүн таш капкан москвалык 57 жаштагы Александр Трубин

Санкт-Петербург шаарындагы камоолор, 9-сентябрь 2018-жыл.
Санкт-Петербург шаарындагы камоолор, 9-сентябрь 2018-жыл.

Пенсия реформасына каршы митингдер Орусиянын 90го чукул шаарында өтөт деп кабарланган. Алексей Навальныйдын жакын санаалашы Леонид Волковдун "Твиттерге" жазышынча, жекшемби күнү өлкө боюнча 60тан 80 миңге чукул киши көчөгө чыкты.

Орусиянын көпчүлүк шаарларында бийлик митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Москвадагы демонстранттар Кремлди көздөй жүрүшкө чыгышканда алардын жолун полиция тороп калды. Нараазылык акциялары айрым аймактарда тынч өтсө, Санкт-Петербург, Екатеринбург сыяктуу бир катар шаарларда камоолор жана кагылышуулар менен коштолду.

Интернеттеги видеолордон полиция плакат кармаган адамдарды бир-бирден кармап, колу-бутунан алып автобуска салып кетип жатканын көрүүгө болот. Новосибирск шаарында полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонуп, акциянын катышуучуларын ур-токмокко алганы кабарланды.

"ОВД-Инфо" укук коргоо порталынын маалыматы боюнча, Орусиянын 33 шаарында баш-аягы 830дан ашуун демонстрант кармалды. Анын ичинде Екатеринбургда 120дан ашуун, Краснодарда 60тай киши полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Москвадагы жүрүш, 9-сентябрь 2018-жыл.
Москвадагы жүрүш, 9-сентябрь 2018-жыл.

Талаштуу реформа

Орус өкмөтү алгач эркектер үчүн пенсия курагын 60тан 65 жашка, аялдар үчүн 55тен 63 жашка көтөрүүнү пландаган. Бирок бул план коомчулуктун кескин сынына кабылгандан кийин президент Владимир Путин август айынын соңунда бул маселе боюнча элге кайрылуу жасап, аялдар 60 жаштан пенсияга чыкса болоорун билдирген. Бирок Путиндин пенсия реформасын жумшартуу аракети элди толук ынандырбаганын жекшембиде акцияга чыккан демонстранттардын пикири күбөлөп турат.

- 55 жаш жана 60 жаш деген жөн жерден алынган жок да. 55 жана 60 жашка чыкканга чейин адамдын организми дээрлик өз ишин аткарып бүтөөрүн мамлекеттик мекемелер өздөрү эсептеп чыгышкан да. Ошого жараша пенсия курагы аныкталган болчу. Аны жөн эле ойдон чыгарып кое албайсың, - дейт Москванын тургуну, 53 жаштагы Вера Кирченко.

Жекшембидеги нааразылык акциялары Орусиянын 22 административдик аймагынын башчыларын, Мамлекеттик думанын жети депутатын жана айрым райондордо жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтүп жаткан күнгө туш келди.

Пенсия реформасы президент Владимир Путиндин өкмөтү үчүн чоң сыноо катары каралууда. Бир катар сурамжылоолорго ылайык, орусиялыктардын 90 пайызга чукулу пенсия курагын көтөрүүгө каршы. "Левада-борборунун" акыркы сурамжылоосу көрсөткөндөй, орусиялыктардын 50 пайыздан ашыгы пенсия реформасына каршы нааразылык акцияларына чыгууга даяр.

Путиндин 29-августтагы кайрылуусун көрүп жаткан карыя.
Путиндин 29-августтагы кайрылуусун көрүп жаткан карыя.

Мындан тышкары талаштуу пенсия реформасынын айынан президент Путиндин, премьер-министр Дмитрий Медведевдин жана бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын рейтинги кескин төмөндөп кетти.

Бирок бийлик пенсия курагын көтөрүү планынан артка кайткан жок. Путин августтун аягындагы элге кайрылуусунда пенсия реформасын зарылчылык деп мүнөздөп, бул маселени айрым күчтөр өз пайдасы үчүн колдонуп жатканын айкан:

- Пенсия системасындагы өзгөрүүлөр, өзгөчө пенсия курагынын көтөрүлүшү элди тынчсыздандырып жатат. Албетте, бардык саясий күчтөр, биринчи кезекте оппозициялык күчтөр мындай кырдаалды өзүн реклама кылып, позициясын бекемдөө үчүн колдонушат. Бул бардык демократиялык коомдо боло келген көрүнүш. Ошентсе да мен өкмөткө бардык конструктивдүү сунуштарды, анын ичинде оппозициянын да сунуштарын изилдеп чыгып, колдонууну тапшырдым.

Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү планы июль айында Мамлекеттик Думада биринчи окууда жактырылган. Андан бери Орусиянын аймактарында бул реформага каршы нааразылык акциялары токтобой келет. "Левада-борборунун" социологдору пенсия реформасы боюнча референдум өтсө, калктын 77 пайызы ага каршы добуш берерин белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG