Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Орусияда пенсия реформасына каршылык күчөдү


Москвадагы митинг, 29-июль 2018-жыл.
Москвадагы митинг, 29-июль 2018-жыл.

Москвада жекшембиде өткөн пенсия реформасына каршы митингде кеминде үч активист кармалды. Академик Сахаров проспектисине чогулган миңдеген адамдар өкмөттүн пенсияга чыгуу курагын көтөрүү сунушуна нааразылык билдиришти. Бийлик өкүлдөрү Орусияда пенсия системасы эртеби-кечпи реформага муктаж экенин айтып жатышат.

"Пенсия тирүү адамдарга берилсин!", "Путинсиз Орусия!", "Орус өкмөтү отставкага кетсин!"... Москванын академик Сахаров проспектисинде жекшембиде өткөн митингде дал ушундай ураан-чакырыктар айтылып жатты. Акцияга келгендердин арасынан жашын да, карысын да көрүүгө болот. Борбор калаанын полициясы Либертариандык партия сыяктуу оппозициячыл топтор уюштурган жана бийлик уруксат берген бул нааразылык акциясына 2,5 миңдей киши катышканын билдирди.

Бирок жүрүштүн катышуучуларын өз алдынча санаган "Ак эсептегичтер" уюмунун маалыматына ылайык, жекшемби күнү Москванын борбордук бөлүгүнө 6 миңдей адам чогулду. Митингдин катышуучулары өкмөттүн пенсия курагын көтөрүн сунушун бир ооздон айыпташты.

- Мен пенсия курагынын, башка салыктардын жана бензин баасынын көтөрүлүшүнө каршылык билдирүү үчүн Либертариандык партиянын жүрүшүнө келдим. Мен буга каршымын. Биздин өлкөдө болуп жаткан иштер, биздин өкмөт менен Путиндин кадамдары туура эмес, - деди митингдин катышуучусу москвалык Арсений Мошнинов.

Ишемби күнү Москвада Коммунисттик партия баш болгон саясий топтордун өкүлдөрү да пенсия реформасына каршы жүрүшкө чыккан. Ага жети миңге чукул киши катышканы кабарланган.

Москвадагы нааразылык акциясы, 29-июль 2018-жыл.
Москвадагы нааразылык акциясы, 29-июль 2018-жыл.

Жекшембидеги митингдин соңун утурлай оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын жардамчысы баш болгон кеминде үч адам кармалды. Алар Либертариандык партиянын лидери Сергей Бойко, Навальныйдын Москвадагы штабынын координатору Олег Степанов жана митингдин алып баруучусу Михаил Чичков экенин Либертариандык партиянын басма сөз катчысы "Твиттерге" жазды.

Митингге катышкан Алексей Навальный өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү сунушун "каракчылык" деп атады:

- Мен бул жерге катардагы жаран катары салык же пенсия реформасы деп аталган маселеге каршы туруу үчүн келдим. Чындыгында бул элдин он миллиондогон акчасынын түздөн-түз каракталышы. Бул элестүү түрдө айтылган каракчылык же коррупция да эмес. Бул элдин жүз миңдеген, керек болсо миллиондогон рублдарынан түздөн-түз кол жуушу.

Өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү тууралуу планын премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөт мүчөлөрүнүн 14-июндагы жыйынында жарыялаган. Ал Орусияда пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөрүн айткан.

Бул реформага ылайык 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар 63 жаштан пенсияга чыгышы керек. Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Өкмөт бул өзгөрүүнү Орусияда орточо жаш курагынын мурдагыдан жогорулаганы менен түшүндүрүп, жаңы реформа пенсиянын көлөмүн көтөрөт деп ишендирип жатат. Бирок андан бери Орусиянын ондогон шаарларында пенсия реформасына каршы нааразылык акциялары токтобой келет.

Пенсия курагын көтөрүүгө каршы Санкт-Петербургда өткөн акциядан бир көрүнүш, 19-июль 2018-жыл.
Пенсия курагын көтөрүүгө каршы Санкт-Петербургда өткөн акциядан бир көрүнүш, 19-июль 2018-жыл.

20-июлда орус президенти Владимир Путин биринчи жолу бул маселе боюнча үн катып, пенсия курагын көтөрүү боюнча сунушталып жаткан долбоорлордун бирөөсү да ага анчейин жакпай жатканын айткан. Бирок ал пенсия системасы реформага муктаж экенин белгилеген болчу:

- Менимче, 1970-жылдары бир пенсионерге үчтөн көбүрөөк жумушчу туура келчү. Учурда бир пенсионерге эки иштеп жаткан жаран туура келет. Дээрлик эки эсе азайды. Бара-бара кырдаал жумушчулардын пайдасына өзгөрбөйт. Тез эле иштегендер менен иштебегендердин саны бирдей болуп калат. Жумушчулардын саны азая баштайт. Ал кезде же пенсия системасы кыйрайт же учурдагы пенсия дефицитин каржылап жаткан резервдик фонддор кыйрайт.

Деген менен Путин пенсия реформасы боюнча азырынча акыркы чечим кабыл алына электигин белгилеген. Ал "бул маселе аркылуу өзүн реклама кылгандар" бар экенин айтып, алардан башкалардын баарынын пикирин угуп көрөрүн кошумчалаган.

19-июлда бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаттары дээрлик бир добуштан пенсия курагын көтөрүү жөнүндө мыйзамды колдоп беришкен. Орусиядагы оппозициячыл күчтөр өкмөт бул сунушун артка чакыртмайынча митингдерин улантууну убада кылып жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG