Костромск облусунун тургуну Галина Ивицкас 81 жашта. Анын алган пенсиясы 12 миң рубль. Байбиче акчасынын көбү коммуналдык кызматтарга, дары-дармекке, ооруканага кетерин айтып кейип отурат. Аталган облуста бир айлык керектөө минимуму 8500 рубль деп эсептелген. Бирок 12 миң рубль деле баары бир жетпейт дейт Галина Ивицкас:
- Менин 42 жылдык стажым бар. Беш миңдей газга, светке, таштандыга кетет. Колу-бутум кыймылдабайт. Акчанын баары ушуга кетет. Дары-дармек болсо абдан кымбат.
Орусияда орточо пенсия - 13 172 рубль. Өлкө боюнча пенсия эң көп Чукоткадагы карыялар алат, алардыкы 21 000 рубль. Ал эми Курск облусунда пенсия баарынан аз - 7000 рубль. Орусияда пенсионерлердин саны жыл сайын өсүп жатат. 140 миллион калктын ичинен учурда 43 миллиону пенсионерлер. Демография боюнча адистердин айтымында, 2036-жылы пенсионерлердин саны дагы эки эсе өсүшү мүмкүн.
Орусияда пенсиялык системаны реформалоо - көптөн бери козголуп келе жаткан маселе болчу. 14-июнда пенсия курагын көтөрүү чечимин премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөттүн жыйында жарыялады. Ал билдиргендей, сунуш кылынып жаткан планга ылайык өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Натыйжада 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек.
- Биз салыштырмалуу узак убакытта, 2019-жылдан тарта пенсияга чыгуу курагын акырындык менен көтөрүүнү сунуштап жатабыз. 2028-жылы эркектер 65, ал эми 2034-жылы аялдар 63 жаштан пенсияга чыгат.
Дмитрий Медведевдин билдиришинче, “кошумча каражат инфляцияны индексациялоого, пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүүгө жардам берет”. Ал жаңы пенсиялык реформа жыл сайын кары-картаңдардын пенсиясына азыркыдай 400-500 эмес, 1000 рублдан кошуп турууга мүмкүнчүлүк берет деген ойдо.
Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Ал эми эркектердин орточо жашоо курагы 65 жаш. Орус өкмөтү 2034-жылга жетип эркектердин орточо жаш курагы 70ке, аялдардыкы 80ге жетет деп болжолдоодо.
"Коммерсанть" басылмасынын былтыр октябрда жазганына караганда, өлкөнүн Пенсиялык кору азыркы пенсионерлердин алдындагы милдеттенмесинин 60% гана аткара алат. Калган таңкыстык өкмөттүн эсебинен жабылып келатат. 2018-жылы Пенсиялык фонддогу таңсыктык 2,5 триллион рублды түзүүдө.
Орусиядагы Эмгек жана социалдык академиясынын проректору Александр Сафонов пенсия курагын узартса, улуу муундагылардын жумушсуз калуу коркунучу бар экенин эскертти:
- Мен пенсия курагын көтөрүүнү колдогондордон эмесмин. Анткени биз Пенсиялык фондду колдой турган учурду өткөрүп жибердик. Башка өлкөлөр пенсиялык куракты көтөрүүнү өлкөнүн экономикасы өсүп турган учурда жасайт. Сиз эмгек базарына кошумча күч чыгарып жаткандан кийин алар кайда барат дегенди да ойлошуңуз керек. Эгер улуу муундагылар жумуш таба албаса, анда пенсиялык куракты көтөрүүнүн эч мааниси жок.
“Сафмар” мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун аткаруучу директору Евгений Якушевдин айтымында, өкмөттүн кадамдары аргасыз чара:
- Бизде иштегендер бар, пенсионерлер бар. Бирок пенсионерлер жыл сайын өсүп жатат. Бул объективдүү демографиялык процесс. Мамлекет салыктарды көтөрүп же пенсияны ылдыйлатышы мүмкүн. Ошондой эле ким иштеп жатат, ким пенсионер деп катышты теңдейт.
Орусиялык «Коомдук ой пикир» деп аталган фонддун изилдөөсүнө караганда, пенсия курагын көтөрүүнү элдин 9 пайызы гана колдойт. Аталган фонд жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 82 пайызы демилгеге каршы экендиктерин билдирген.
Өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү боюнча акыркы чечими Владимир Путин төртүнчү мөөнөткө президент болуп шайлангандан кийин үч айдан соң жарыяланып жатат. Өкмөттүн бул боюнча сунушу жакында Мамлекеттик Думага келип түшөт.