Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Навальный пенсия реформасына каршы чыкты


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусияда оппозициялык саясатчы, Коррупция менен күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный пенсия реформасына каршы акция өткөргөнү жатат.

Орус өкмөтү сунуш кылган мыйзам долбооруна ылайык, буга чейин аялдар 55 жашында эс алууга чыкса, жаңы сунушка ылайык 63, эркектер болсо 60 эмес, 65 жашында чыгууга тийиш. 19-июнга карай 1,5 миллиондон ашуун киши реформага каршы Интернеттеги петицияга кол койду.

Навальный элди 1-июлга пландалган иш-чарага келүүгө чакырып, "бул – жалпы улуттук долбоор жана жалпы улуттук нааразылык акциялары болот" деди. Анын айтымында, Новосибирск, Красноярск, Томск, Липецк, ж.б 20 шаарда жергиликтүү бийликке тиешелүү арыз берилди. Бирок футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан жерлерде акциялар болбойт.

Орусиядагы нааразылык акциясы учурунда тартылган сүрөт.
Орусиядагы нааразылык акциясы учурунда тартылган сүрөт.

Президент Владимир Путиндин буйругу менен 25-майдан 25-июлга чейин Чемпионат өтүп жаткан шаарларда мелдешке байланышпаган митинг, акциялар жергиликтүү бийлик белгилеген жерлерде Федералдык коопсуздук кызматы менен макулдашылып гана өткөрүлүүгө тийиш.

Навальный “бийликтин пенсияга чыгуу жашын көтөрүү демилгеси – кылмышка тете. Реформага жамынып он миллиондогон кишини тоногону жатышат. Биз буга каршыбыз жана сиздерди да үндөйбүз” деди.

- Орусияда эркектердин 40 проценти пенсия жашына чейин эле көз жумат. Орусияда ушу тапта жашаган аялдардын 20 проценти пенсияга жетпейт. 40 процент! Азыр бизди көрүп жаткан он кишинин төртөө пенсиясын албай калат. Өмүр бою иштеп акыр-аягында акчасыз калат. Бардыгыбыз пенсияга чейин эле өлүп калабыз, - деди оппозициячы Инстаграмдагы видео кайрылуусунда.

14-июнда премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөт пенсияга чыгуу жашын жогорулатууну сунуш кылганын билдирген.

Ошол эле күнү Навальный 30 күндүк административдик жазасын өтөп эркиндикке чыккан. Оппозиционер Путиндин кезектеги президенттик мөөнөткө расмий киришүү аземи өткөн 5-майда бүткүл орусиялык акцияларды уюштурганы үчүн айыпталган. Ал күнү Москвада эле 700дөн көп киши кармалган.

Ишемби, 16-июнда өкмөт пенсия реформасы жөнүндөгү мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын кароосуна берген. Буга чейин аялдар 55 жашында эс алууга чыкса, сунушка ылайык азыр 63, эркектер болсо 60 эмес, 65 жашында чыкмакчы. Бирок пенсия жашы 2019-жылдан тарта бара-бара көтөрүлүп, өткөөл мөөнөт киргизүү да каралган.

Өкмөт реформа муктаждыгын калктын улгайышы жана пенсия системасындагы тең салмактын жоктугу менен түшүндүргөн.

Парламент долбоорду биринчи окууда июлда, экинчи окууда күзүндө карамакчы. Айрым маалымат каражаттары "бийлик нааразылык толкунунан чочулап, сунушту жумшартышы мүмкүн" деп жазышты.

Навальныйдан тышкары “Солчул фронт” кыймылынын координатору Сергей Удальцов 4-июлда Москвада реформага каршы митинг өткөрүү арызын шаар бийлигине тапшырганын билдирди.

“Яблоко” партиясынын жетекчилеринин бири Сергей Митрохин шейшембиде Мамдума имаратынын жанына пикетке чыгып, полиция аны кармап кетти.

19-июнга карай 1,5 миллиондон ашуун киши реформага каршы Интернеттеги петицияга кол койду.

Кремл Путин бул маселе боюнча соңку талкууларга катышпаганын айтып, президенттин планды сунуш кылуудагы ролун азайтууга аракеттенди. Анткен менен парламенттен кийин мыйзам долбоору мамлекет башчыга жөнөтүлүп, ал кол коет же каршылыгын билдирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG