Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 00:12

Орусиянын дипломатиялык изоляцияга алынышы жөнүндө Москвадагы «Цивилизациялар диалогу» институнун илимий изилдөөлөр боюнча жетекчиси,  саясат таануучу Алексей Малашенко «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

14-мартта Британия Орусияны "советтик тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызын ууландырды" деп айыптап, өлкөдөн 23 орусиялык дипломатты чыгарган. Орусия жооп катары британ дипломаттарын чыгаруудан тышкары Санкт-Петербургдагы башкы консулдукту жаап, Британ кеңешинин ишине чектөө киргизген.

Британияга тилектештик билдирип АКШ 60, Украина 13 "чалгын кызматкерин" чыгарган. Орусияга каршы нааразылыкка эми Австралия, Канада, Франция, Польша, Испания, Германия, Литва, Чехия, Дания, Нидерланды, Италия, Албания, Румыния, Латвия, Хорватия, Эстония, Швеция, Норвегия жана Финляндия да кошулуп, санкцияны Исландия да колдогон.

27-мартта Орусиянын дипломатиялык кызматкерлери НАТОдон да чыгарылары жарыяланды. Аскердик бирикмеден жети орусиялык чыгарылып, үчөөнүн аккредитациясы кабыл алынган эмес. Эми НАТОдогу Орусиянын өкүлдөрүнүн саны 20 адамга чейин кыскарат.

Орусиянын дипломатиялык изоляцияга алынышы жөнүндө Москвадагы «Цивилизациялар диалогу» институнун илимий изилдөөлөр боюнча жетекчиси, саясат таануучу Алексей Малашенко менен маектештик.

"Азаттык": Орусия дипломатиялык изоляцияда калса, кесепеттери кандай болот? Кремл кандай кадамдарга барышы мүмкүн?

Бул британ премьери Тереза Мэйдин эле тымызын жасаган иши эмес, бул Евробиримдик менен АКШнын бирдиктүү кадамы.

Малашенко: Азыр акылга салып кабыл алынган жооптуу күтүү кыйын. Орусия изоляцияда калды. Бул британ премьери Тереза Мэйдин эле тымызын жасаган иши эмес, бул Евробиримдик менен АКШнын бирдиктүү кадамы.

Орусияга тагылган айыптар дале күчүндө. Москва өзүнүн күнөөсү жоктугун тастыктай албайт. Экинчиден, Скрипал боюнча дооматтар көптөгөн айыптоолордун бирөө гана. Мурдатан кибер-атака, мельдоний, АКШдагы шайлоого кийлигишүү боюнча Орусияга толгон-токой айыптар тагылган.

Орусия болсо актануунун позициясында туруп калды. Өз күнөөсүн моюнга алууга да болбойт, башка өлкөлөр менен да эсептешпей кое албайт. Италия, Греция, Болгария, ошол эле Кытай Орусия менен мамилени бузгусу келбесе да, көпчүлүктү колдоп келишет. Эми Москва бир гана өзүнүкүн "туура" деп, башкаларды "жалганчы" дей берсе, бул күлкүнү гана келтирет. Орусия үчүн эң акылдуу чечим - унчукпай коюу. Кырдаал оңой эмес. Орусия өзүн жарга такады, ал жактан кантип чыгаарын алдын ала айтууга болбойт.

"Азаттык": Орусиялык дипломаттардын жыйырмадан ашык өлкөдөн чыгарылышын маалымат каражаттары массалык сүргүн катары баалашты. Дүйнөлүк дипломатияда бир өлкөгө карата мындай окуя болду беле?

Малашенко: Мындай окуя Советтер Союзу 1968-жылы Чехословакияга, 1979-жылы Ооганстанга аскерлерин киргизгенде болгон. Бирок анда Советтер Союзу өзүнчө обочолонгон, чоочун дүйнө болчу. Орусия болсо азыр өзүн демократия орногон дүйнөнүн бир бөлүгү катары көрсөтүп жүрөт. Ошондуктан башкалардын ою менен эсептешүүгө тийиш.

"Азаттык": Кремл жыйырмадан ашык өлкө Британияга тилектештик билдирип чыгаарын күткөнбү?

Азыр Москва унчукпай калышы керек. "Күнөөбүз жок!" деп кыйкыра берсе, бул орусиялыктардын да күлкүсүн келтирет.

Малашенко: Күткөн эмес деп ойлойм. Кремлдегилер кандайдыр бир убакка чейин өздөрүнүн каалаганындай кыла берүүгө болот деп эсептешкен. Бирок бул күтүлгөндөн эрте чегине жетти.

Бул шалаакы саясат. Иш аябай ырбап кетти. Бул Орусиянын атайын кызматтарынын да шалаакылыгын көрсөтүүдө. Алар улам ката кетирип, жасаган иштеринде ким күнөөлүү экени дароо көрүнүп калып жатат. Азыр Москва унчукпай калышы керек. "Күнөөбүз жок!" деп кыйкыра берсе, бул орусиялыктардын да күлкүсүн келтирет. Мындан аркысы негизги чечим чыгарчу конкреттүү адамдардын аң-сезиминен көз каранды.

"Азаттык": Мындай дипломатиялык оолактатуу Орусияга кандай экономикалык кесепеттерин тийгизиши мүмкүн? Алар орусиялыктарга да кедергиси тиеби?

Малашенко: Дипломатиялык кадамдардын дайыма экономикалык кесепети болот. Орусияда бийлик башчыларынын жана алардын жакындарынын баарынын бул өлкөдө экономикалык кызыкчылыктары бар. Эгерде ошол кызыкчылыктар чектеле баштаса, алар сөзсүз Кремлди кандайдыр кадамдарга түртө башташат. Ал эми орусиялыктар бардыгын көтөрүшөт.

Жакында эле Волоколамскта, Кемероводо трагедия болду. Акырындап Путиндин шумдук президенттик шайлоосуна карабай, адамдарда суроолор пайда болуп жатат. Эл азыр бул дипломатиялык оолактатуунун кесепеттерин сезе элек. Тоскоолдуктар башталганда «Ким күнөөлүү?» деген суроо көтөрүлө баштайт.

Кемероводогу өрттөн кийинки акция.
Кемероводогу өрттөн кийинки акция.

"Азаттык": Мурдатан АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Бул изоляция канчага созулат? Эми эмнени күтсө болот?

Малашенко: "Сандан сапатка өтүү" деген бар. Азыр Орусияга каршы аракеттер да сандан сапатка өтүп жатат. Бийликтегилер өздөрүнө чыныгы коркунучту сезе баштады. Эми алар кандай кадамдарга барары кызык. Ал кадамдардан көп нерсе чечилет. Орусиянын мүшкүлдөрүн Кытай менен Кореядан баштап Башар Асадга чейин колдонушу мүмкүн. Орусия азыр өтө жагымсыз акыбалда.

- Вашингтон үч жыл мурун Орусияга киберчабуулдар үчүн киргизген санкцияларын дагы бир жылга узартканын маалымдады. Анда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы, мурдагы Башкы чалгындоо кызматы жана анын жетекчилиги, буга кошумча бир катар мекемелер «кара тизмеге» алынып, аларга АКШга кирүүгө тыюу салынган, алардын өлкөдөгү активдери токтотулган.

АКШ орус дипломаттарын экинчи ирет чыгарууда. Биринчи жолу 2016-жылы орусиялык тыңчылар менен кызматташтыкка байланыштуу айыпталып, 35 дипломат чыгарылган. Анда Мэриленд жана Нью-Йорк штаттарындагы Орусиянын кыймылсыз мүлкү камакка алынган. Москва Вашингтонго окшош кадамдар менен жооп берген. Натыйжада орусиялыктарга АКШга визасын берүү бир кыйла кыскарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG