Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Батыш орус дипломаттарын бутага алды


Лондондон чыгарылганы орус дипломаты менен алардын үй-бүлөлөрүн Орусияга жеткирген учак, 20-март 2018-жыл.
Лондондон чыгарылганы орус дипломаты менен алардын үй-бүлөлөрүн Орусияга жеткирген учак, 20-март 2018-жыл.

АКШ, Евробиримдик, Канада жана Украина Британияда мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышына байланыштуу ондогон орусиялык дипломаттарды өз аймактарынан чыгарууда. Орусия мындай чечимди айыптап, жооп кайтарабыз деп убада кылды. 4-мартта мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен кызы Юлия Британиянын Солсбери шаарында кооптуу химиялык затка ууланып, ооруканага жеткирилген эле.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын дипломатиялык макамы бар 60 "чалгын кызматкерин" өлкөдөн чыгарууну буюрганы 26-мартта жарыяланды.

Дипломаттардын 48и Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин кызматкерлери болсо, калган 12си Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу кеңсесинде "чалгын кызматкери болуп" иштегени кабарланды.

Ак үйдүн маалымат кызматы билдиргендей, америкалык деңиз флот базасына жакын жайгашкандыктан Орусиянын Сиетл шаарындагы консулдугу да жабылмай болду.

"Кошмо Штаттар Улуу Британиянын аймагында химиялык куралдын колдонулушуна жооп иретинде НАТОдогу жана башка өнөктөштөрү менен чогуу бул чечимди кабыл алды",-деп айтылды Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги.
Орусиянын Вашингтондогу элчилиги.

Европа Биримдигине мүчө 28 өлкөнүн жарымы өз аймактарынан баш-аягы 30дан ашык орус дипломатын чыгараарын кабарлашты. Алардын арасында Франция, Германия, Чехия, Дания, Латвия, Литва, Нидерланд жана Польша да бар. Буларга Канада менен Украина да кошулду.

Расмий Киев орусиялык 13 дипломатиялык кызматкерди Украинадан чыгарабыз десе, Канада дипломатиялык макамды өлкөнүн коопсуздугуна жана демократиялык жараяндарга шек келтирүү үчүн колдонгон орус чалгын кызматкерлерине же жеке адамдарга чара көрмөй болду.

Өткөн аптада Брюсселдеги саммитте Евробиримдиктин лидерлери уюмдун Москвадагы элчиси, немис дипломаты Маркус Эдерерди кеңешүү үчүн чакыртууну чечишкен. Алар Англияда мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышы боюнча Британияга тилектештик билдирип, Орусияга каршы чара көрүүнү макулдашышкан эле.

"Европа кеңеши Орусиянын окуяга жооптуу экенинин ыктымалдуулугу жогору деген Британиянын тыянаганына кошулат. Бүгүн эле уюмдун 14 мүчөсү орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарууну чечти. Алдыдагы күндөрдө жана жумаларда Евробиримдиктин алкагында мындай чаралар болушу мүмкүн",-деди Европа кеңешинин президенти Дональд Туск.

Франция президенти Эммануэл Макрон, британ премьери Тереза Мэй жана немис канцлери Ангела Меркел. Брюссель. 22-март, 2018-жыл.
Франция президенти Эммануэл Макрон, британ премьери Тереза Мэй жана немис канцлери Ангела Меркел. Брюссель. 22-март, 2018-жыл.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилген. Экөөнүн тең абалы жакшыра элек. Британ бийлиги мурдагы тыңчы менен анын кызын ууландырууда "Новичок" деп аталган нерв системасын сенек кылган кооптуу химиялык зат колдонулганын, ал Советтер союзу учурунда аскерий өндүрүштө жасалганын билдирген. Бул окуя боюнча Москваны күнөөлөгөн Лондон 23 орус дипломатын Британиядан чыгарган.

Кремл Орусиядагы президенттик шайлоонун алдында болгон бул окуя боюнча дооматтарды четке кагып, Британиянын чечимине жооп иретинде 23 британ дипломатын өз аймагынан чыгараарын жарыялаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 26-марттагы билдирүүсүндө АКШ, Канада, Евробиримдик жана Украинанын соңку чечимин "достукка жатпаган" кадам деп мүнөздөп, Москва буга жооп кайтараарын билдирди.

"Улуу Британиянын аймагындагы эки орус жаранына кол салуу жөнүндө кеп болуп жатат. Бул боюнча Лондонго бир нече ирет кайрылганына карабастан орус тараптын колунда эч маалымат жок. Британиянын өнөктөштөрүндө объективдүү жана толук маалымат жок. Алар эл аралык укукка, мамлекеттер аралык цивилизациялуу диалогдун нормаларына шек келтирүү менен евроатлантикалык биримдиктин принцибин көздү жумуп ээрчип баратышат",-деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Сергей Скрипал жана кызы Юлия.
Сергей Скрипал жана кызы Юлия.

Бирок мурдагы орус тыңчысы ууландырылгандан бери Москва менен кайым айтышып келе жаткан Лондон Батыш өлкөлөрүн соңку чечимин кубаттап чыкты.

"Биздин өнөктөштөрдүн адаттан тыш эл аралык жообу көп сандаган орус чалгын кызматкерлерин чогулуп өлкөдөн чыгарган окуя катары тарыхта калат жана бирдиктүү коопсуздугубузду коргоого жардам берет. Орусия жазасыз калуу менен эл аралык эрежелерди буза албайт",-деп "Твиттерге" жазды Британиянын башкы дипломаты Борис Жонсон.

66 жаштагы Сергей Скрипал 2006-жылы Орусияда Британиянын пайдасына "тыңчылык кылган" деп айыпталып, абакка кесилген. Ал 2010-жылы АКШда кармалган орусиялык агенттерге алмаштырылып, акыркы жылдары Британияда жашап жүргөн. Быйыл март айынын башында Москвадан келген 33 жаштагы кызы Юлия менен Англиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG