Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Мирзаянов: "Новичок" күнөөсүз адамдарды кырчу курал


Вил Мирзаянов.
Вил Мирзаянов.

Советтик химик Вил Мирзаянов Орусия «Новичок» деген химиялык куралды дүйнөлүк коомчулуктан жашырып келгенин, адамдын нерв клеткаларын шал кыла турган бул зат 1980-жылдардын аягында эле Советтер Союзунда жасалганын айтып чыкты.

Адамдын нерв клеткаларын шал кыла турган «Новичок» жөнүндө химик Вил Мирзаянов биринчи жолу 1992-жылы айтып чыккан.

Анда «Московский комсомолец» гезитинде «Ууланган саясат» деген макаласы жарык көргөн. Ушундан кийин Орусияда бир нече жолу камакка алынып, кийин АКШга көчүп кеткен.

Окумуштуу «Новичок» химиялык куралы фосфор менен азоттун кошулмасынын негизинде, 1980-жылдардын аягында Москвадагы Органикалык химия жана технология боюнча мамлекеттик илим изилдөө институтунда жасалганын белгилейт. Химиялык курал биринчи жолу Өзбекстанда сыналган.

- "Новичок" Нукуста сыноодон өткөн. 1989-жылы аны Советтик армиянын куралы катары таануу тууралуу чечим кабыл алынган, -деди Вил Мирзаянов​

Мирзаянов Орусияны "советтик доордо жасалган бул химиялык куралды дүйнөлүк коомчулуктан жашырып, Химиялык курал жөнүндө конвенцияга атайын киргизбей койгон" деп айыптайт.

Вил Мирзаянов "State Secrets" ("Мамлекеттик сырлар") аттуу китебин үйүндө кармап турат. Принстон, Нью-Жерси. 13-март, 2018-жыл.
Вил Мирзаянов "State Secrets" ("Мамлекеттик сырлар") аттуу китебин үйүндө кармап турат. Принстон, Нью-Жерси. 13-март, 2018-жыл.

- Мен "Новичокту" бул конвенцияга киргизүү керектигин, андай болбосо конвенцияны ратификация кылууга каршы чыгарымды ачык айткам. Бирок аны киргизишкен жок. Мен тобокелге салып, өзүмдүн англис тилинде чыга турган китебиме "Новичоктун" бинардык курал катары таасиринин формуласын жарыяладым. Анткени аны тыюу салынган химиялык заттардын катарына киргизүү керек деп чечтим. Орусия бул жашыруун куралды өзү гана жасап, ага өзү гана ээлик кылбашы керек деп ойлойм.

Мирзаяновдун Орусиянын химиялык куралдарын ачыкка чыгарган англис тилиндеги китеби (ред. State Secrets: An Insider's Chronicle of the Russian Chemical Weapons Program Secrets) сегиз жыл мурда чыккан. Ал башка өлкөлөр «Новичоктун» курамын жана таасирин ошондо эле билишкен, бирок анын өндүрүшү бир гана Советтер Союзунда, кийин Орусияда болгон деген бекем ишенимде.

Эми советтик химик дүйнөдө «Новичокко» химиялык курал катары тыюу салынышы керек деген ойдо.

Химиялык курал өлкөнү коргоого эч кандай байланышы жок экенин түшүндүм.

- Окумуштуу курал жасоонун үстүндө иштеп жатканда "Бул эмне үчүн керек?" деп көпкө ойлонот. Мен да муну башыман өткөрдүм. Химиялык курал өлкөнү коргоого эч кандай байланышы жок экенин түшүндүм. Бул - бир гана эч кандай күнөөсү жок адамдарды кыра турган курал. Мени бул суроо көпкө тынчсыздандырды. Менин максатым - “Новичокту” эл аралык көзөмөлгө алдыруу.

Вил Мирзаянов советтик тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызын ууландырууда «Новичоктун» бинардык бир компоненти колдонулушу мүмкүн деп эсептейт. «Новичок» расмий түрдө дүйнөдө жок зат деп эсептелгендиктен, ал өз оюн "Москвадагылар "бизди эч ким кармабайт" деп күтүшкөн" деп жыйынтыктайт.

Сергей Скрипал.
Сергей Скрипал.

- Менин оюмча Москвада "бул заттын изин эч ким таппайт" дешкен. Бул зат расмий түрдө жок, ал химиялык куралга тыюу салган уюмдун бир да тизмесине кирген эмес. 30 жылдай убакыттан бери эч ким анын өндүрүшүн иликтеген жок. Москва "эч ким кармап албайт" деген ишенимде.

14-мартта БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында Британиянын өкүлү Жонатан Аллен Орусия «Новичокту» иштеп чыкканын жарыя кылбаганын, муну менен Химиялык курал колдонбоо тууралуу конвенцияны бузганын белгилеген.

АКШнын өкүлү Никки Хейли Вашингтон Лондонго тилектеш экенин айтып, АКШнын бийлиги Скрипалдын ууланышына Орусия жооптуу деп эсептерин билдирген.

Ал эми Орусиянын өкүлү Василий Небензя болсо Солсберидеги окуяга Москванын тиешеси жок экенин, Орусия шарттуу түрдө "Новичок" деп аталган затты чыгарбаганын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG