Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Скрипал: уунун чуусу бүтчүдөй эмес


Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта уулануудан улам эс-учун жоготуп жыгылган.
Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта уулануудан улам эс-учун жоготуп жыгылган.

Орусиянын мурдагы агенти жана анын кызы ууланганына байланыштуу Британияда иликтөө уланууда. Бирок аларды эстен тандырган зат эмне экени азырынча коомчулукка белгисиз. "Кыянаттык кимдин колунан келиши ыктымал?" деген талкуу дале күчүндө.

Солсбери шаарында окуя болгон жердеги автотурукта турган унаалар жекшембиде алынып кетти. Сергей Скрипал кызы экөө ууланган зат аларга да жугушу ыктымал деген шек бар. Скрипал жашаган үй, ошол күнү ал барган аялынын мүрзөсү да курчалды. Жабыркагандар тамактанган, уу зат табылган "Zizzi" рестораны менен "Mill" аттуу пабга баргандар да ошол күнкү кийимдерин, буюмдарын жууп-тазалашы керек экендиги айтылды. Ал жерлерде 4-мартта болжол менен 500гө жакын адам болгон экен.

Англиянын саламаттык сактоо мекемесинин жетекчисинин орун басары Женни Харриэс буларга токтолду:

- Ошол зат жугуп калышы мүмкүн болгон буюм-тайымдарды колдонуудан улам ден соолукка бир аз коркунуч болушу ыктымал. Андыктан сак болууга чакырабыз. Ошол күнү кийген кийимдериңерди, алып жүргөн буюмдарыңарды тазалагыла деп кеңеш беребиз. Бул оңой эле, көбү эмгиче аны өздөрү деле кылып койсо керек.

Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта уулануудан улам эс-учун жоготуп жыгылган. Алардын абалы дагы эле оор, ошентсе да туруктуу деп бааланып жатат. Бирок алигиче нерв системасын сенек кылган ал кандай уу зат экени ачык айтыла элек. "Мурдагы агентти ким ууландырышы ыктымал?" деген суроого да расмий жооп жок. Бирок Британиянын маалымат каражаттары Орусияны кыйытып жатышат.

Би-Би-Синин журналисти: "Эгер бул Орусиянын аракети экени далилденсе кандай чара көрөсүңөр?" деп Британиянын финансы
министри Филипп Хэммондго суроо узатканда ал мындай жооп кайтарды:

Филипп Хэммонд.
Филипп Хэммонд.

- Биринчиден, сиз айтып жаткандай, бул - полициянын иликтөөсү. Бул далилденет. Далил бизди кайда жетелесе, ошол жакка барышыбыз керек. Ошон үчүн азыр полициянын иликтөөсү багыт алышына мүмкүнчүлүк берели. Бирок иликтөө чет мамлекеттин кийлигишүүсүн далилдесе, бул өтө олуттуу нерсе болоору талашсыз. Анда өкмөт да тиешелүү жообун берет.

Филипп Хэммонд мурда Британиянын Коргоо жана Тышкы иштер министрликтерин да жетектеген. Хэммонддон башка британ министрлери да кол салууну катуу айыпташты. Ал кыянаттыкты ким жасаганы аныкталса “чечкиндүү жана талапка ылайык” жооп берилээрин айтып жатышат. 12-мартта бул окуяга байланыштуу премьер-министр Тереза Мэй баштаган Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны да өткөнү калды.

Орусия болсо маалымат каражаттарында өзүн айыптап жазгандарды четке кагат. Тышкы иштер министрлиги Скрипалдын ууланганын Батыш Орусияны “каралоо үчүн колдонуп жатканын” белгилеген.

Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд Сергей Скрипал жана анын кызы ууланган Солсбери шаарына барды. 9-март, 2018-жыл.
Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд Сергей Скрипал жана анын кызы ууланган Солсбери шаарына барды. 9-март, 2018-жыл.

66 жаштагы Сергей Скрипал Орусиянын чалгын кызматында иштеген. "1995-жылдан бери британ чалгын кызматына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берип турган" деп айыпталып, 2006-жылы эркинен ажыратылган. 2010-жылы ал мунапыс менен эркиндикке чыгып, АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Ошондон бери Британияда жашачу.

Скрипалга кол салууну 2006-жылы Лондондо ууландырылган Александр Литвиненконун окуясы менен салыштырышууда. Анда британ тергөөчүлөрү ФСБнын мурдагы офицеринин өлүмүнүн артында Орусиянын бийлиги турганын аныктаган. Кремл мындай дооматтарды четке кагып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG