Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Милиция Бишкекте күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү


Милициянын гарнизондук саптык кароосу (гарнизонный развод). Бишкек, Кыргызстан.
Милициянын гарнизондук саптык кароосу (гарнизонный развод). Бишкек, Кыргызстан.

18-май, кечке жуук Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө гарнизондук саптык кароо-тескемесин өткөрдү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Саптык кароого Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, райондук башкармалыктардын жетекчилери, Бишкек гарнизонунун өздүк курамы жана тартылган күчтөрдөн 2700 кызматкер жана элдик кошуундун миң мүчөсү катышты.

Борбордук милициянын башчысы өздүк курамга бир катар, анын ичинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуучуларды аныктоо жана коомдук тартипти туруксуздаштыруу аракеттерине катуу бөгөт коюу тапшырмаларын койду.

Милиция атайын буйрук чыкканга чейин күн сайын саат 19.00дөн тартып күчөтүлгөн режимде иштей турган болду.

ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзамдардын жана кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин талаптарын катуу сактоону өтүнөт. Мекеме элдик кошуундун катарында кызмат өтөөнү каалаган жарандарды Бишкек милициясына кайрылуусун суранды.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түнү Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Күч органдары коомдук коопсуздукка түнү менен көз салып, айрым элчиликтерди жана чет элдиктер жашаган жатаканаларды кайтарууга алды. Окуя маалында чет элдик жарандар сабалганы тартылган видеолор интернетке тарап жатат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада 700гө чейин жеткенин, чогулгандар түшүндүрүү иштеринен соң, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт жарандын экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 18-майга караган түнү борбордо катталган окуяларда 29 адам жараат алды. 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Буга чейин пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкекте 18-майга караган түндөгү "окуяда каза болгондор бар болушу мүмкүн" деген маалыматтарды жазып чыккан. Пакистандын Бишкектеги элчилиги бул маалымат ырасталбаганын маалымдап, алардын 14 жараны сабалганы тууралуу кабар алышканын билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө медиаларды жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырса, Министрлер кабинети бул окуяда киши өмүрү кыйылганы тууралуу кабарларды төгүндөдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG