Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Москва менен Лондондун айтышы кызыды


Лондондогу полиция кызматкерлери. 12-март, 2018-жыл.
Лондондогу полиция кызматкерлери. 12-март, 2018-жыл.

Британ премьер-министри Тереза Мэй дүйшөмбүдө парламентте туруп, мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал кызы экөө Орусияда жасалган зат менен ууландырылышы ыктымал экенин билдирди.

Лондон бул зат кандайча Британияда пайда болгонун 13-мартка чейин түшүндүрүп берүүнү Москвадан талап кылды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров британ бийлиги иликтөөгө орусиялыктарды катыштырмайынча, Лондондун ультиматумуна Москва жооп бербей турганын айтты.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дүйшөмбүдө парламентте туруп, Сергей Скрипал кызы экөө Орусияда жасалган өтө коркунучтуу зат менен ууландырылган болушу мүмкүн экенин айтты.

Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

"Скрипал мырза кызы экөө Орусияда жасалган, нервди сенек кыла турган зат менен ууландырылганы белгилүү болду. Ал “Новичок” деп таанылган заттардын тобуна кирет”, - деди британ өкмөт башчы.

Мындай уулуу заттар СССРде өткөн кылымдын 70-80-жылдары алынган.

"Орусиянын бийлигинин буйругу менен ишке ашкан киши өлтүрүлгөн учурларды, айрым тыңчыларды бутага алганын эске алып, Сергей жана Юлия Скрипалга каршы кол салуу үчүн Орусия жооптуу болушу толук ыктымал", - деп кошумчалады Мэй.

Тереза Мэйдин айтканына караганда, 4-мартта Солсбериде болгон табышмактуу окуянын эки гана жандырмагы бар. "Бул Орусиянын биздин өлкөгө каршы түздөн-түз аракети же орус өкмөтү өз аймагындагы өтө коркунучтуу заттарды көзөмөлдөй албай калып, ал башка колго тийген", - деди Мэй.

Ушундан кийин Лондон бул зат кандайча Британияда пайда болгонун 13-мартка чейин түшүндүрүп берүүнү Москвадан талап кылды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров британ бийлиги кайсы зат колдонулганын иликтөөгө орусиялык эксперттерди катыштырмайынча, Лондондун ультиматумуна Москва жооп бербей турганын айтты.

"Британ өкмөтү "24 сааттын ичинде отчет берсин" деген ультиматум коюудан мурун эл аралык мыйзамга – Химиялык куралдарга тыюу салган конвенцияга ылайык өз милдеттенмесин аткарууга тийиш” – деген Лавров Лондондун кескин реакциясын “оторчулук доору эбак өткөн” деп сындады. Ага чейин тышкы иштер мекемеси британ парламентиндеги билдирүүнү "цирктеги оюн" деп баалаган.

12-мартта Вашингтондо Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Кошмо Штаттар «жакын өнөктөшүн» колдой тургандыгын билдирди. «Ушул тапта Британия окуянын чоо-жайын билүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө. Биз алар менен бул процесс бүткүчө биргебиз» - деди Сандерс.

Ушул тапта ооруканада жаткан 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33төгү кызы Юлиянын абалы дагы эле оор. Алар 4-мартта Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.

Орусияда "мамлекеттик чыккынчылык кылган" деп айыпталып, түрмөгө кесилген Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы офицери Сергей Скрипал Англиянын Солсбери шаарында белгисиз зат менен ууланган болушу мүмкүн экени кабарланган.

Маалыматка караганда, Скрипал 1995-жылы британ чалгын кызматына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берип турган. Ал 1999-жылы Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн кеткенден кийин да британдар менен кызматташтыгын уланткан. Бул үчүн Скрипал акча алып турганы айтылат.

2006-жылы Москванын аймактык соту Скрипалды 13 жылга түрмөгө кескен. 2010-жылы ал мунапыс менен эркиндикке чыккан. Андан соң АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Соңку жылдары Британияда жашап жүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG