Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Британияда дагы бир орус чалгынчысы ууланды


Сергей Скрипал жана анын ызы Юлия.
Сергей Скрипал жана анын ызы Юлия.

Орусияда чыккынчылык үчүн соттолгон Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы офицери Сергей Скрипал Британиянын Солсбери шаарында белгисиз зат менен ууландырылганын британ бийлик өкүлдөрү айтып чыкты.

66 жаштагы Скрипал 4-мартта Солсберидеги соода борборунун алдындагы отургучта эсин жоготкон жерден табылып, кийин ооруканага жеткирилген. Анын жанында болгон 33 жаштагы кызы Юлия Скрипал да ооруканада абалы оор экени кабарланды.

Уулуу заттын курамында фентанил болгону айтылууда. Фентанил – синтетикалык баңгизат, анын таасири героинден да күчтүү.

Скрипалдын ууландырылышы 2006-жылы Кремлди сындап жүргөн Александр Литвиненконун өлүмү менен байланыштырылууда. Анда Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери радиоактивдүү полонийге ууланып өлгөн. Буга «Кремлден көрсөтмө берилген» деп, орусиялык атайын кызматтар айыпталып келет.

Сергей Скрипал.
Сергей Скрипал.

Скрипалды 2004-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "британиялык чалгын менен кызматташты" деп айыптап, камакка алган.

Тергөөдө Скрипал 1995-жылдан бери Британиянын чалгын кызматына мамлекеттик сыр катары таанылган маалыматтарды берип турганы аныкталган.

2006-жылы Москванын аскердик соту Скрипалды аскердик наамдарынан ажыратып, 13 жылга түрмөгө кескен. Төрт жылдан кийин Скрипалга кечирим берилип, ал АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Британиядагы Солсбери шаарында ал 2011-жылдан бери жашап жүргөн.

Скрипал менен кошо Британияга депортация болгон илимий ишмер Игорь Сутягин бул окуяга атайын кызматтардын тиешеси бар экенине анча ишенбейт.

- Биздин жолдор дароо эле кайчылаш кетти. Эгер Скрипалды жазалашса, анда анын себептери түшүнүксүз. Ал күнөөсүн моюнга алган, жазанын бир бөлүгүн өтөп, кийин мунапыска туш болгон. Андан өч алуунун себебин түшүнбөйм.

Ал өзүнүн коопсуздугу жөнүндө камтама болууга азырынча эрте деген ойдо.

- Атайын кызматтардын чыккынчыларды атуу тажрыйбасы, албетте, бар. Бирок бул жөнүндө тынчсызданууга азыр эрте деп ойлойм.

Игорь Сутягин ууландырууну Сингапурдун аэропортунда Ким Чен Ындын агасы кабылган окуяга окшоштурат. ​

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Скрипалдын ууланышында “орус изи” табылса, расмий Москвага карата атайын чара көрүлөрүн эскертти.

Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

- Бардыгына түшүнүктүү болуп калды деп чочулайм. Орусия көптөгөн өңүттөр боюнча кара ниет жана кыйратуучу күч болуп калды. Британия болсо мындай жигердүүлүккө каршы чыгууга аракет кылган дүйнөлүк лидер… Өкмөт биздин өлкөдөгү адамдардын өмүрүн коргоо, биздин баалуулуктарды жана эркиндиктерди сактоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Мен эч кимге сөөмөй кезегим келбейт, бирок айрым мамлекеттердин жетекчилерине «британ жеринде бир да адамдын өмүрүнө кол салуу жазасыз калбайт» деп айтам.

Орусиянын Мамдумасы Скрипалдын ууландырылышын «чагымчылдык» деп кабыл алууда. Депутат Андрей Луговой чагымчылдыкты Орусияга каршы күчтөр жасап жатышат деп эсептейт.

- Мындай иштерге саясий, экономикалык же моралдык-психологиялык максаттарды кууп, чагымчылдык кылган адамдар умтулат. Бирөөнү ууландырып, анан башка бирөөнү айыптоо - мындай тажрыйба кылымдар, миңдеген жылдар бою колдонулуп келет.

7-мартта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова расмий Москвага Лондондон тергөөдөгү кызматташтык боюнча кайрылуу келип түшпөгөнүн билдирди. Захарова окуяны Батыш Орусияны каралоо үчүн колдонуп жатканын белгилеген.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сергей Скрипал тууралуу эч кандай кабары жоктугун билдирди:

- Тилекке каршы, менде эч кандай маалымат жок. Ошол себептүү, эч нерсе дей албайм. Анын Батышка кантип барып калганын силер жакшы билесиңер. Мен аны кайталабайм, - деди Песков.​

Скрипалдын ууландырылышы Кремлди сындагандар менен “чыккынчы” деп табылгандарга каршы колдонулган ыкмаларга окшош. Буга чейин башка тарапка өтүп кеткендердин ууланып өлгөнү белгилүү.

2002-жылы Москвада террорчулар Дубровкадагы театрды кармап алганда, Федералдык коопсуздук кызматы фентанилге негизделген газ колдонгону айтылып жүрөт. Муну он жылдан кийин Британиянын Коопсуздук министрлигинин атайын лабораториясынын адистери аныкташкан.

Кремлди сындап жүргөн ишкер Александр Перепеличный 2009-жылы Британиядан башпаанек алган. Ал Швейцарияда жүргүзүлгөн москвалык кызматкерлердин акча уурдоо схемаларын ачыкка чыгарууга жана тергөө камагында каза болгон адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүн териштирүү иштерине көмөктөшкөн. Александр Перепеличный 44 жашында Британиядагы Саррей графтыгындагы үйүнүн жанында чуркап баратып, жүрөк оорудан каза болгону айтылган.

2015-жылы Британиянын бийлиги ишкердин өлүмүн териштирүүнү жандандырып, анын ашказанынан гельземий заты табылганын маалымдаган.

Гельземий - Азияда өскөн өсүмдүктөн алынган уулуу зат. Аны Кытай менен Орусиянын жалданма жоочулары тамакка кошуп, киши өлтүргөн окуялар буга чейин катталган.

Александр Литвиненко.
Александр Литвиненко.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын офицери Александр Литвиненко үй-бүлөсү менен Лондонго качып кетип, 2000-жылы ал жакта качкын статусун алган.

Ал 2006-жылы Лондондогу ашканалардын биринде радиоактивдүү зат полонийге ууланып каза болгон. Полоний - негизинен уран кендеринен алынчу сейрек зат.

Литвиненко жарык менен кош айтышар алдында орусиялык белгилүү журналист Анна Политковскаянын жана өзүнүн өлүмүнө байланыштуу орус президенти Владимир Путинди айыптап, кат жазып кеткен.

Советтик чалгындоонун капитаны Николай Хохлов АКШга 1953-жылы качууга мажбур болгон. Ал КГБнын чет өлкөдөгү операцияларын ачык айтып чыккан.

Төрт жылдан кийин ал Германияда таллийге ууланып, дарыланган. Таллий – калий кендеринен алынчу химиялык зат. Аны келемиштерге жана зыяндуу курт-кумурскаларга каршы заттарды жасоого колдонушат.

2003-жылы Орусиядагы коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы иликтөөлөрдү жүргүзгөн журналист Юрий Щекочихин каза болгон. Ал аллергиянын оор түрүнөн каза болгону айтылган. Бирок журналисттин өлүмүн ууланууга байланыштыргандар бар.

Украиналык саясатчы Виктор Ющенко 2004-жылы диоксин (TCDD) деп аталган зат менен ууланган. Ошол учурда анын атаандашы Виктор Янукович болгон. Украинаны Европа Биримдигине кошуу жана НАТОдогу мүчөлүгү үчүн күрөшкөн Ющенко аны Кремл ууландырганын айтып чыккан.

1978-жылы Лондондо болгариялык диссидент Георгий Марков рицин затынан каза болгон. Ал Ватерлоо көпүрөсүндө автобуска түшүп баратканда белгисиз бирөө ууланган ийне менен сайып кеткен. Ошол эле жылы болгариялык диссидент Владимир Костовго да Парижде ушуга окшош кол салуу болуп, ал аман калган.

1981-жылы АКШнын Виржиния штатында америкалык чалгынчылар менен кызматташтыгы билинип калган Борис Коржакты рицин менен ууландырууга аракет жасалган. Аз гана жерден аман калган Коржак кол салууга советтик коопсуздук кызматын айыптаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG