Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Кадыров "Магнитский тизмесин" толуктады


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бейшембиде жасаган билдирүүсүндө Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго каршы киргизилген АКШнын санкциясын "мыйзамсыз" жана "достукка жатпаган кадам" деп атады.

20-декабрда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Кадыровду “адам укуктарын одоно бузганы” үчүн "Магнитский тизмесине" киргизген.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга байланыштуу Москва Вашингтонго теңата жооп кайтарышы мүмкүндүгүн бейшембиде билдирди.

- Биз бул санкцияларды мыйзамсыз, достукка жатпаган кадам деп эсептейбиз. Ага каршыбыз деп айта алам.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

​Вашингтон Рамзан Кадыровдун тизмеге киргизилишин “адам укуктарын одоно бузганы” үчүн деп түшүндүрдү. Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин санкциялар башкармалыгынын директору Жон Смиттин айтымында, "Магнитский тизмеси" Орусияда адам укуктарын одоно бузгандарга, анын ичинде кишилерди сотсуз өлтүргөндөргө, кыйнагандарга жана жек көрүүгө татырлык башка аракеттерге баргандарга каршы жүрө берет.

Быйыл жыл башында Чеченстанда ондогон кумсалар полиция тарабынан кармалып, кыйноого алынып, кемсинтүүгө кабылганын “Новая газета” басылмасы жазып чыккан.

Андан соң дүйнө коомчулугу, бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары чечен жумуриятында бул боюнча маалыматтар териштирилбей жатканын сындашкан. Көп өтпөй “Хьюман Райтс Уотч” уюму кумсаларга каршы өнөктүктү Чеченстандын бийлиги көрсөтмө берип жүргүзгөнүн билдирген. Кадыров өзү бул көрүнүшкө тиешеси бар экенин четке каккан.

- Бул болбогон кеп, бизде андай адамдар жок. Бизде дегеле гейлер жок. Эгер бар болсо Канадага же башка бир өлкөңөргө бизден бир белек катары ала бергиле.

Министрликтин сайтында жарыялаган маалыматка ылайык Кадыров менен кошо дагы бир чеченстандык "Магнитский тизмесине" киргизилди. Ал Аргун шаарынын полиция башкармалыгынын жетекчиси Аюб Катаев экени маалым болду.

Ал эми 21-декабрда Кошмо Штаттар "адам укуктарын бузду" деп эсептеп, Өзбекстан, Орусия, Украина, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн да жарандарына каржылык санкция салганы маалым болду.

Жаза чаралары Магнитский мыйзамынын алкагында жалпысынан 52 адамга жана компанияларга киргизилген.

Тизмеде Өзбекстандын маркум президентинин кызы, учурда Өзбекстанда үй камагында отурганы айтылып жаткан Гүлнара Каримова жана Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын уулу Артем Чайка да бар.

Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Жергиликтүү полиция тарабынан киши сатуу, адамдардын органдарын соодалоо боюнча айыпталган пакистандык Мухтар Хамид Шах да тизмеде. Ал эми мьянмалык аскер офицери Маун Маун Со быйыл жайында, өлкөнүн Ракхайн штатында рохинжа мусулмандарын куугунтукка алганы үчүн тизмеге кирген.

"Магнитский акты" АКШ Конгресси тарабынан 2012-жылдын соңунда кабыл алынган. Мыйзам Hermitage Capital фондунун юристи Сергей Магнитскийдин ысымынан аталган.

Юрист Орусиянын бюджетиндеги ири коррупциялык схемаларды ачкан. Орус бийликтери аны салык төлөөдөн качкан деген айып менен камакка алган. Магнитский Москва СИЗОсунда 2009-жылы каза тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG