Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Каримова батыш медиасына сөөмөй кезеди


Тимур Тилляев жана Лола Каримова
Тимур Тилляев жана Лола Каримова

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляеванын адвокаты айрым батыш басылмаларына укуктук чара көрөбүз деп билдирди. Буга ал басылмалардын Каримованын жана анын күйөөсүнүн күмөндүү байлыгы тууралуу жазгандары себеп болду.

Өзбекстанда үй камагында жатканы айтылган эжеси Гүлнара Каримовадан айырмаланып, Лола Каримова Лос-Анжелес менен Париждин ортосунда саякаттап жүргөнүн Инстаграмдагы баракчасы күбөлөп турат. Ал баракчадан мурдагы президенттин ар дайым саркеч кийинген кичүү кызы күйөөсү Тимур Тилляев менен эл аралык иш-чараларга байма-бай катышарын, маал-маалы менен "Гармонист" аттуу атырларын жарнамалап турарын көрүүгө болот.

Каримовдордун мансабынан ажырагандан кийин да мурдагы жашоо образын сактап калган Лола Каримованын адвокаты бир катар батыш басылмаларын сотко беребиз деп билдирди. Ал француз тилиндеги Mediapart, Румынияда жайгашкан The Black Sea аттуу иликтөөчү журналисттердин уюмун жана швейцариялык Le Temps басылмаларын жалган жалаа жапты деп айыптады.

Буга аталган үч басылманын журналисттери Янн Филипп, Майкл Берд жана Сильвен Бессонленин Каримова жана анын күйөөсүнүн байлыгы тууралуу англис жана француз тилдеринде 13-октябрда жарыяланган иликтөөсү себеп болду.

Лола Каримова жээни Иман менен маркум Ислам Каримовдун жаңы ачылган эстелигине гүл коюшууда, 31-август 2017-жыл.
Лола Каримова жээни Иман менен маркум Ислам Каримовдун жаңы ачылган эстелигине гүл коюшууда, 31-август 2017-жыл.

"Өзбек диктаторунун кызынын байлыгынын артындагы офшордук схема" деп аталган көлөмдүү макалада 39 жаштагы Лола күйөөсү Тимур экөө 2013-2014-жылдары финансылык схемаларды колдонуу менен 127 миллион долларды Бириккен Араб Эмираттарындагы жана Швейцариядагы офшордук эсептерге топтогону белгиленген.

Макаланын негизги автору, Mediapart басылмасынын иликтөөчү журналисти Янн Филипп "Азаттыктын" өзбек кызматы менен маегинде мындай маалыматты далилдеген документтерди кайдан алганын ачык айткан жок:

- Мен өз булактарым тууралуу эч кандай маалымат бербейм. Булагыбыздын дарегине айтылган айыптар боюнча жоопкерчилик Тилляевдердин адвокатынын моюнунда. Биздин колубузга тийген жашыруун документтерди биз башка булактар аркылуу тыкыр изилдеп, текшерип чыктык. Алардын аныктыгына ишенебиз.

Mediapart басылмасы кабарлагандай, Тимур Тилляев Лола Каримова менен мамиле түзгөндөн көп өтпөй, 2006-жылы Ташкенттин четинде көбүнесе импорттолгон товарлар дүңүнөн сатылган "Абу Сахий" базарын негиздеген. Андан бери 25 гектарды ээлеген бул базар Өзбекстандагы сооданын негизги чордонуна айланган.

Иликтөөчү журналисттер белгилегендей, Тилляев 2013-жылы Дубайда SecurTrade аттуу экспорт жана импорт менен алектенген компания түзгөн. Бул ишкана Кытай жана Түркиядан сатылып алынган товарларды ортомчу компанияларга сатып, ортомчулар өз кезегинде ал товарларды "Абу Сахий" базарына жеткирип турушкан.

Маркум Ислам Каримов жубайы, кызы Лола, күйөө баласы Тимур жана алардын балдары менен.
Маркум Ислам Каримов жубайы, кызы Лола, күйөө баласы Тимур жана алардын балдары менен.

Mediapart басылмасы өз колундагы документтерге таянып, SecurTrade компаниясы тапкан ири киреше жана анын өнөктөштөрү күмөн жаратарын жазды. Ошондой эле Тилляевдер Өзбекстандагы салык тармагындагы жана бажыдагы жеңилдиктерден пайдаланып, ири суммадагы акчаны офшорго топтогонун билдирүүдө.

Мурдагы президенттин кызы менен күйөө баласынын Америкадагы адвокаты Марк Раймонд "Азаттыктын" өзбек кызматынын катына жооп берип, жогоруда айтылган маалыматтарды жалганга чыгарды:

- Тилляев мырза макалада келтирилген жалган жана негизсиз айыптоолорду жана маалыматтарды толугу менен четке кагат. Биз укуктук коргоо жаатындагы бардык мүмкүн болгон каражаттарды колдонуп, бул макаланы даярдаган кабарчыны жана аны кайра басып чыгарган бардык маалымат каражаттарын жоопкерчиликке тартабыз.

2008-жылдан бери Өзбекстандын ЮНЕСКО уюмундагы элчиси болуп иштеп келген Лола Каримова бул кызматтан кетерин август айында жарыялаган. Мурдагы президенттин кичүү кызынын Лос-Анжелесте жана Женевада миллиондогон доллардык үйү бар экенин батыш басылмалары кабарлашкан.

Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Лола Каримова соңку жылдары эжеси Гүлнара Каримовадан өзүн оолак кармап келет. 2014-жылдан бери эл көзүнө көрүнбөй калган Гүлнарага Өзбекстанда "кылмыштуу топ аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, мыйзамсыз жолдор менен миллиарддаган суммадагы акча жыйнаган" деген айыптар тагылган.

Лола Каримова 2013-жылы Би-Би-Сиге курган маегинде эжеси менен 12 жылдан бери сүйлөшө электигин айткан. Ал алты жыл мурда Ислам Каримовду "диктатор" деп атаган франциялык "Rue89" интернет сайты менен соттошуп, утулуп калган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG