Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Өзбек бийлиги эркинен ажыраган Гүлнара Каримова тууралуу үн катты


Гүлнара Каримованын кылмыш иштери тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы. 28.7.2017.
Гүлнара Каримованын кылмыш иштери тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы. 28.7.2017.

Өзбек бийликтери мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова камалганын биринчи ирет бышыктады.

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын кылмыш иштери тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын 28-июлда жарыяланган маалыматында ал 2015-жылдын август айынан бери камакта экени, беш жылга эркинен ажыратылганы ырасталды.

Бул айымга "кылмыштуу топ аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, мыйзамсыз жолдор менен миллиарддаган суммадагы акча жыйнаган" деген айыптар тагылган.

Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Кезинде атасы, маркум президент Ислам Каримовдун (30.1.1938 - 02.9.2016) мураскору катары түкшүмөлдөнгөн, жалаң ийгиликтин гана үстүндө жүргөн, сүймөнчүктүү Гүлнара Каримованын башына сур булут атасы тирүү кезинде эле, 2013-жылдан тарта айлана баштаган жана көп өтпөй бул айым үй камагына алынганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын эркинен ажыратылышынын чоо-жайы тууралуу ушул кезге чейин эч үн катпай келген эле. Тек гана, анын үй камагында экендиги жөнүндө учкай кабар 2014-жылы желдей таркаган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Коррупция жана уюшма кылмыштуулук менен күрөш башкармалыгы Гүлнара Каримова аралашкан кылмыш иштери тууралуу көлөмдүү маалымат таратты. Анда Каримова 2001-2013-жылдар аралыгында Нурмухаммад Содиков жана Рустам Мадумаров аттуу кишилер жетектеген кылмыштуу топтун ишине түздөн түз аралашкан деп айтылат жана 12 жылдын ичинде жасалды деген кылмыш иштер тизмектелет.

"Алар ишкерлерди жана бир катар жарандарды коркутуп, жалпы баасы 54 миллиард сум (өзбекстандык акча бирдиги) акчага тете баалуу кагаздарын, үлүшүн жана акчасын тартып алган. Ар кандай ишканалардагы мамлекеттин үлүшүн, мамлекеттик акцияларды өздөрүнө ыйгарып алган, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирген жана өндүрүлгөн продукцияларды өз баасынан алда канча арзан саткан. Мунун айынан мамлекетке 344 миллиард сум зыян келтирилген. Ошондой эле бул кылмыштуу топ көзөмөлдөгөн жана офшордо каттатып койгон фирмалар эки триллион сумдан ашык салык төлөгөн эмес. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында жасалма документтерди колдонушкан, айрым бир документтер жок кылынган, жашырылган", - деп жазылат маалыматта.

Прокуратуранын билдиришинче, ушул эпизоддор боюнча Гүлнара Каримовага Кылмыш-жаза кодексинин бир катар (165,167,179, 184, 227 жана башка) беренелери боюнча айып тагылган.

Расмий маалыматка ылайык, "Каримованын күнөөсү кылмыштуу топтун жетекчилери Содиков, Мадумаров, Сабировдун жана топтун дагы башка мүчөлөрүнүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү менен аныкталды. Андан сырткары бул кылмыштуу топ көзөмөлдөгөн ишканаларды жана офшордогу 16 компанияны текшерүү маалында алынган материалдардын, экспертизалардын корутундулары жана башка далилдер менен бышыкталды. Ташкент облустук соту 2015-жылы 21-августта Каримованы айыптуу деп тапкан жана аны беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган".

Андан сырткары Гүлнара Каримовага байланыштуу дагы бир катар жаңы кылмыш иштерди тергөө улантылып жатканы да бул расмий маалыматтан белгилүү болду. Анын арасында бул айым жана шериктери мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын пайдаланып, радиожыштыктарды мыйзамсыз таратууда, жерди мыйзамсыз сатууда, уюкфон компанияларынын (мобилдик операторлордун) кызматына кошумча комиссия төлөмүн киргизүү аркылуу 1,5 триллион сумга жакын пайда көргөн деген айып менен козголгон кылмыш иш бар.

Ошондой эле Гүлнара Каримова жана анын тобу офшор компанияларынан эки миллиарддан ашык АКШ долларын жыйнаган, бажы мыйзамдарын бузуу аркылуу 600 миллиард сумдан ашык пайда көргөн, соода жана кызмат көрсөтүү эрежесин бузуу аркылуу 57 миллиард сум киреше тапкан деген фактылар боюнча да кылмыш иш козголгон. Мында да алиги топ жасалма документ даярдоо, арам акчаны адалдоо өңдүү кылмыштарга барган.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, "бул фактылар боюнча Каримовага Кылмыш-жаза кодексинин 168, 178, 182, 189, 228 жана 243-беренелери боюнча айып тагылды жана баш коргоо чарасы каралып, аны камакка алуу тууралуу чечим кабыл алынды. Каримовага кылмыштуу иштер боюнча чогулган далилдердин, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде айып тагылды. Кылмыштуу топ көзөмөлдөгөн 14 фирманын жана офшордогу 16 компаниянын ишин текшерүүдө алынган материалдардын жана экпертизалардын корутундусунун негизинде бул доо бышыкталды".

Андан сырткары Швейцария, Швеция, Британия, Франция, Орусия өңдүү 10дон ашык өлкөдө миллиондогон долларлык арам акча адалдаштырганы алдын ала ырасталды. Бул топко тиешелүү мүлктөрдү камакка алуу тууралуу чет өлкөлөргө тиешелүү документтер жөнөтүлдү. Ушул тушта кылмыштуу топтун дагы башка көмүскөдө калган мүлктөрүн аныктоо жана Өзбекстанга кайтаруу боюнча ыкчам тергөө амалдары улантылып жатат.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын жетекчиси Алишер Сыдык бул маалымат Өзбекстандын жаңы бийлиги Гүлнара Каримовага ырайым кылбай турганын көрсөтөт деп белгилейт:

- Бийлик кечээ эле Ислам Каримовду эскерген аш берип, жылдыгын өткөргөн. Ушундан кийин бир чети Гүлнара Каримова тууралуу ачык маалымат берүү моралдык жактан жеңил деле болуп калса керек. Саясий жактан алып караганда Өзбекстанда бийлик жаңырды, бирок бул бийликте жана ишкерлер чөйрөсүндө Гүлнара Каримова менен убагында байланышта жүргөн адамдар бар. Бул бийлик Ислам Каримовдун атын Өзбекстандын биринчи президенти катары тарыхта калтыргысы келээрин такай айтып жатат. Ошол эле учурда анын кызына ырайым болбосун, мындан ары анын тагдыры дагы оорлой турганын, катуу чаралар көрүлөрүн көрсөтөт. Анткени кылмыш иштер козголгонун, сот болгонун, беш жылга эркиндигин чектөө боюнча өкүм чыкканын биринчи ирээт жарыялап жатышат. Ушул тушта Каримова, балким, үй камагында болушу мүмкүн. Азыр эми жаңы кылмыш иштер тергелип жатыптыр. Бул кылмыш иштер сотко өтүп, чечим чыкканда ал түрмөгө камалышы мүмкүн.

Алишер Сыдык жаңы кылмыш иштер боюнча сот иштери деле жабык өтөөрүн, анткени бийлик Каримованын кайсы бир маалыматтарды ачыкка чыгарышын каалабай турганын кошумчалайт. Журналист убагында өзбек коомчулугунун кайсы бир бөлүгүнүн сүймөнчүгүнө айланган, "канбийке" атка конгон Гүлнара Каримованын азыркы тагдырына жумурай журт негизинен кайдыгер экенине токтолот:

- Өзбек коомчулугу өтө эле кызык. Мындан беш жыл мурун эле "канбийке" Гүлнара Каримованы айга-күнгө теңеп жатышчу. Жогорку мартабалуу аткаминерлер, ырчылар, актерлор, чет өлкөлүк инвесторлор, дегеле көп адам ага чексиз суктанчу. Ошол убакта биз Каримованын кыңыр иштери тууралуу жазганыбызда бизди душмандай эле кабыл алышчу. Беш жылдын ичинде бийлик алмашты, элде Гүлнара кайда, эмне болду деген кызыгуу деле жок. Ага болгон сүйүүнүн ордун тез эле кайдыгерлик басты. Азыр эми бийлик Каримованы ачык жамандай берсеңер болот дегендей белги берип жатат. Бул өзбек коомчулугуна мүнөздүү эле көрүнүш. Инсандын ролу деген чоң деле маселе эмес. Бийлик кайда бурулса, коомчулук деле ошол жакка бурулат. Каримованын тагдырына кызыккан, "биздин канбийкебизди бошоткула" деген өңдүү талап менен чыккан адамдар, же коомдук кыймыл такыр жок.

Гүлнара Каримова маалымат жыйында. Твиттерден алынган сүрөт. 03.11.2013.
Гүлнара Каримова маалымат жыйында. Твиттерден алынган сүрөт. 03.11.2013.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун улуу кызы, үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда 45ке толгон Гүлнара Каримова өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде иштеген, Швейцариядагы бир катар эл аралык уюмдарда Өзбекстандын расмий өкүлү болгон. Испанияда элчилик кызматта турган, ошондой эле Өзбекстандын Орусиядагы элчисине, Өзбекстандын БУУдагы туруктуу өкүлүнө кеңешчи болгон. Ал дизайнер жана ыр аткаруучу катары да белгилүү эле. Guli деген ат менен белгилүү кийимдерди, атырларды өндүргөн жана англис тилинде музыкалык альбом чыгарган.

Өзбек президентинин болжолдуу мураскору катары да жоромол кылынган Гүлнара Каримованын иши 2013-жылдан тартып кыйындаган. Айрым Европа өлкөлөрүндө коммуникациялык компаниялардын Өзбекстанда чоң суммадагы келишимдеринин шектүү жагдайларын текшерүү маалында Каримованын аты улам көбүрөөк атала баштаган.

Каримованын бизнес-империясы 2013-жылдын этегинде толугу менен талкаланган жана ал жетектеген кайрымдуулук фонддор, телеканалдар жана дүкөндөрдүн баары жапырт жабылган. Былтыр сентябрда атасы, Өзбекстандын ошол учурдагы президенти Ислам Каримов оорудан көз жумганда, бул кызы жана биринчи аялынан көргөн Петр деген уулу маркум президенттин сөөгүн акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышкан эмес. Ошол маалда улуу кызы үй камагында жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Ушул жылдын башында Каримованын кайда экени тууралуу биринчи жолу ачык маалымат чыккан. АКШдагы Wall Street Journal басылмасы 2016-жылдын аягында Швейцариянын прокурорлору Гүлнара Каримова менен Ташкентте жолукканын, аны жалпысынан 23 саат суракка алышканын жазып чыккан.

Постсоветтик Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө да мурдагы жана учурдагы президенттердин айрым жакындарына каршы жемкорлук жана башка кылмыштар боюнча доолорго байланыштуу кылмыш иштер козголгон учурлар катталган. Мисалы, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, маркум Рахат Алиевге, мурдагы кыргызстандык президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин өздөрүнө жана айрым жакындарына каршы кылмыш иштер козголуп, айрым сот иштери аягына чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG