Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:15

Башкы прокуратура Каримова катышкан кылмыш иш боюнча маалымат берди


Башкы прокуратуранын РИА “Новостиге” берген маалыматында, Каримова Г. аттуу шектүү катышкан кылмыш иш тергелип бүткөнү кабарланган. Ал өзбек президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова экенин тартип коргоо органдарындагы булактар тастыктаган.

Прокуратуранын маалыматында уюшкан топ 2011-жылдан 2013-жылга чейин жалган ишкерлик аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтигени айтылган. Бул ишке аралашкан Гүлнара Каримовага жакын Рустам Мадумаров баш болгон эки киши узак мөөнөттөргө кесилгени кабарланган. Ал эми Гүлнара Каримова өзү үй камагына салынып, ага таандык маалымат каражаттары ишин токтотуп, дүкөндөрү жабылганы маалымат каражаттарында жазылган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG