Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Каримованын Твиттердеги "карааны"


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Өзүн мурдагы өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримова деп сыпаттап, “Твиттерде” талкуу жараткан колдонуучу чынында Каримова эмес экенин “Азаттыктын” өзбек кызматынын иликтөөсү көрсөттү.

Бирок ал колдонуучунун колунда Гүлнара Каримованын жакын чөйрөсү гана билген маалыматтар бар экени аныкталды.

“Твиттердеги” Афина (@Zabytaya1972) аттуу колдонуучу октябрь айынын башынан бери маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын жеке сүрөттөрүн, кол жазмаларын жарыялап жатат. Бул баракта Каримовдун дагы бир кызы Лоланы жана азыр бийлик башында турган Шавкат Мирзиёевду жамандаган сөздөрдү да табууга болот.

Мындан тышкары ал колдонуучу балдарын сагынганын айтып, маселен, 3-октябрда: “Мен балдарымды кайра кайтарып алгым келет... Учурда ушуну гана ойлонуп жатам”,-деп жазган. Бул колдонуучу Твиттерде пайда болгондон тарта Каримованы колдогондор да, ага каршы чыккандар да баракча чындап эле Гүлнара Каримовага таандыкпы деген суроого жооп издеп жатышкан.

Афина айрым таасирдүү социалдык уюмдарга, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна да кайрылып, бул баракчадагы маалыматтарга негиздеп макала жазууну өтүнгөн. Анын чынында Каримова эмес экенин аныктоого көмөктөшкөн АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Ноа Такер айрым шектүү жагдайларга токтолду:

- Башынан бери эле биз шектенип жатканбыз. Себеби колдонуучу телефону бар экенин айтканы менен эч качан өзүнүн сүрөтүн жарыялаган жок. Бирок ал кол жазмаларды, Гүлнара Каримовага таандык делген нерселерди жарыялап, көпчүлүктү кызыктырып койду. Андагы билдирүүлөр Каримова камакка алынганда интернетте ачылган жасалма аккаунттардын стилине окшошуп жатты. Афина аттуу бул колдонуучу мурдагы жасалма барактардын авторлору кайрылган адамдарга байланышка чыккан. Бул шектенүү жаратпай койбойт.

Афина аттуу колдонуучунун "Твиттер" барагындагы билдирүүлөр.
Афина аттуу колдонуучунун "Твиттер" барагындагы билдирүүлөр.

Твиттерде бул баракча чындап эле Гүлнара Каримовага таандык дегендер да болду. Айрымдар өздөрүнүн колдоосун да билдирип чыгышты. Буга колдонуучунун Каримованын стилине окшош кол жазмаларды, президенттин тун кызынын жакын чөйрөсү гана билген маалыматтарды жарыялаганы да кошул-ташыл болду.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын социалдык медиа боюнча продюсери Азиз Нур айрым суроолор колдонуучу Гүлнара эмес экенин аныктоого жардам бергенин айтты:

- Биз ал колдонуучуга Гүлнара Каримова тууралуу фактыларга негизделген текшерүүчү суроолорду берип көрдүк. “Каримова каякта окуган?” деген сыяктуу суроолор берилди. Колдонуучу бул суроолорго так жооп бере алган жок. Чындыкка коошпогон айрым маалыматтарды тастыктоону сурансак, ал тастыктап берди. Бул жагдай баракчанын ээси Гүлнара Каримова жөнүндө толук маалыматы жок экенин көрсөттү.

Бул өңдүү суроолордон кармалган Афина аттуу колдонуучу акыры Каримова эмес экенин мойнуна алган. Бирок баракчаны анын кызы Иман иштетип жатканын, Гүлнара Каримовага жардам керектигин билдирген. Журналисттер анын чындап Иман экенин тастыктоону суранышканда, колдонуучу андан кийинки суроолорго эч жооп кайтарбай койгон.

Ошентип Твиттерде талкуу жараткан колдонуучу Гүлнара Каримова эмес экени аныкталганы менен баракчаны чынында ким иштешип жатканы жана алар эмнени көздөгөнү белгисиз бойдон турат. Борбор Азия боюнча изилдөөчү Ноа Такер баракчаны ким иштетсе да, анда Каримовага таандык буюмдар бар экенин айтты:

- Биз так билбейбиз. Биз сүйлөшкөн адамдардын көбү мунун артында Өзбекстандын коопсуздук кызматы турушу мүмкүн дешти. Анын себебин жоромолдоо кыйын. Бирок баракчаны колдонгон адам өтө көп убакыт сарптады. Ал колдонуучунун колунда Гүлнара Каримованын электрондук жабдыктарынан алынган маалыматтар бар экенин айрым жагдайлар айгинелеп турат. Биз сүйлөшкөн адамдардын арасында AkhmadxonUSA деген аталыштагы Твиттер колдонуучусу бар. Ал эки жыл мурда Гүлнара менен видео аркылуу жашыруун сүйлөшкөн экен. Анда Гүлнара ага бир сыр сөз берип, менин атыман жазгандар болсо ушул сыр сөздү сура деген. AkhmadxonUSA өзүн Гүлнара деп мүнөздөгөн Афинадан сыр сөздү сураганда, Афина аны айта алган эмес. Бирок Афина Гүлнара AkhmadxonUSA менен байланышканын билген. Андыктан азыркы аккаунтту ким иштетип жатса да, анда Гүлнаранын маалыматтары, балким анын мурдагы баракчаларына кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Гүлнара Каримова эки жылдан ашык убакыт мурда үй камагына алынганы кабарланган.
Гүлнара Каримова эки жылдан ашык убакыт мурда үй камагына алынганы кабарланган.

Кезинде Ислам Каримовдун мураскору деп мүнөздөлүп, Өзбекстандагы ишкерчилик жана шоу-бизнес жаатында эң таасирдүү адамга айланган Гүлнара Каримова 2014-жылы үй камагына алынган. Буга Каримова менен чет өлкөлүк телекоммуникация компанияларынын ортосундагы коррупциялык жаңжал себеп болгон.

Натыйжада Твиттерге тынымсыз билдирүүлөрдү чыгарып турган Каримованын баракчасы да жабылган. Жакында Каримова психиатриялык ооруканага жаткырылды деген маалыматтар чыкканы менен анын чын-бышыгы тастыкталган жок.

Сентябрдын башында Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Гүлнара Каримова катышкан эмес.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG