Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Лондон-Москва саясий кризиси


Тереза Мэй, Лондон. 14-март, 2018-жыл
Тереза Мэй, Лондон. 14-март, 2018-жыл

Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышына байланыштуу Орусиянын 23 дипломаты Британиядан чыгарылат. Лондондун мындай чечими Орусияда даярдалган ууландырчу зат Британияга кандайча барып калганын түшүндүрүп берүү талабын Москва жоопсуз калтырганы үчүн кабыл алынды.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 14-мартта Москва кандайча орусиялык ууландырчу зат Британияга барып калганын түшүндүргөндүн ордуна маалыматты мыскыл менен кабыл алды деп билдирди:

- Аскердик разряддагы нерв системасын шал кылчу зат Европада колдонулганын орус бийлиги мыскыл иретинде, жерүү менен тескери кабыл алды. Солсбери шаарында жүздөгөн британ жарандарынын, анын ичинде тергөөчү Ник Бэйлинин өмүрүнө коркунуч келтирип, Скрипаль жана анын кызына болгон кол салуунун артында Орусия турат дегенден башка тыянак жок бизде. Муну менен Орусия мамлекети Британияга каршы мыйзамсыз күч колдонуу аракетине барды.

Тереза Мэйдин Лондондо жасаган билдирүүсү (англис тилинде)
Британия 23 орус дипломатын чыгарат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Британ премьеринин айтымында, москвалык дипломаттарга өлкөдөн чыгып кетүүгө бир жума берилет. Бул чечим Москва менен Лондондун ортосунда акыркы 30 жыл ичиндеги эң ири дипломатиялык жаңжал болуп калды жана мындан ары орус чалгындоо агенттеринин Британиядагы ишмердигине чоң тоскоолдук коюлду. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Лондонго белгиленген сапары жокко чыгарылды жана Британиянын падышалык үй-бүлөсү менен өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка барбай турганы кабарланды.

Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта уулануудан улам эс-учун жоготуп жыгылган.
Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта уулануудан улам эс-учун жоготуп жыгылган.

Тереза Мэй орусиялык менчик учактарды, Британияга барган орус жарандарын текшерүү күчөтүлөөрүн кошумчалады, мунун баары Британиянын кызыкчылыгындагы иштер эмес, орус элине каршылыгыбыз жок, Путин ушундай иштерге барганы өкүндүрөт деп басым жасады.

Шаршембиде москвалык башкы дипломат Сергей Лавров Лондондун расмий өтүнүч каты колго тийсе, Москва ага он күндө жооп берет деген эле. Ушул эле күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буларды кошумчалаган:

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

- Москванын бул маселе боюнча пикири Лондонго дипломатиялык каналдар аркылуу жеткирилген. Улуу Британияда болгон бул окуяга Орусиянын эч кандай тиешеси жок жана мындай декларативдүү айыптоолорду биз эч убакта кабыл албайбыз.

Ошентип, 4-март күнү Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлиянын кайгылуу тагдыры Москва менен Лондондун ортосундагы саясий кризиске алып келди. Алар ооруканада эс-учуна келбеген акыбалда кала берүүдө.

Британия Орусиянын коопсуздукка байланыштуу шектенүү жараткан мамлекеттик баалуу кагаздары камакка алынат деп эскертти. Эксперттер Лондон жарыялаган чаралар Алишер Усманов, Олег Дерипаска, Роман Абрамович өңдүү чириген байлардын, "Газпром" компаниясынын Британиядагы бизнесине коркунуч келтириши мүмкүн дешет. Алгачкы таасири катары Лондондогу биржаларда орусиялык компаниялардын акцияларынын баасы арзандай түштү. Президенттик шайлоого камданып жаткан Владимир Путин Би-Би-Синин бул окуя тууралуу суроосуна: “Өзүңөр адегенде баш-аягын тактап алгыла, андан кийин биз талкууга даярбыз” деп жооп берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG