Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Британияда мурдагы орусиялык агент ууланган болушу мүмкүн


Сергей Скрипал Москва аймактык сотунда адвокаты менен. 10-август, 2006-жыл.
Сергей Скрипал Москва аймактык сотунда адвокаты менен. 10-август, 2006-жыл.

Би-Би-Си Орусияда "мамлекеттик чыккынчылык кылган" деп айыпталып, түрмөгө кесилген Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы офицери Сергей Скрипал Англиянын Солсбери шаарында белгисиз зат менен ууланган болушу мүмкүн экенин билдирди.

66 жаштагы Скрипал жекшембиде соода борборунда өзүн начар сезгенден кийин ооруканага түшкөн. Аны менен чогуу жүргөн аял да ооруканага жаткырылган.

Британ бийлиги азырынча эч кандай комментарий бере элек. Би-Би-Си кызматынын кабарчысы бул окуяны 2006-жылы Александр Литвиненконун ууландырылышы менен салыштырат.

Анда британ тергөөчүлөрү ФСБнын мурдагы офицери эмнеден ууланганын аныктай алган эмес. Кийин гана радиоактивдүү полоний заты колдонулганы билинген.

Солсбери шаарынын соода борбору курчоого алынып, адистер атайын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Скрипал жаткырылган оорукананын бөлүмү да убактылуу жабылды. Полиция ал жашаган үйгө барганын коңшулары билдирди.

Маалыматка караганда, Скрипал 1995-жылы британ чалгын кызматына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берип турган. 1999-жылы Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн кеткенден кийин да британдар менен кызматташуусун уланткан. Бул үчүн Скрипал акча алып турганы айтылат.

2006-жылы Москванын аймактык соту Скрипалды 13 жылга түрмөгө кескен. 2010-жылы мунапыс менен эркиндикке чыккан. Андан соң АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Соңку жылдары Британияда жашап жүргөн.

XS
SM
MD
LG