Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Индиянын тышкы иштер министри Бишкектеги кырдаалга көз салып жатканын билдирди


RUSSIA-INDIA/
RUSSIA-INDIA/

Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар Бишкектеги кырдаалга сөз салып жатканын X социалдык түйүнү аркылуу билдирди.

Ал студенттерди Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен тыкыр байланышта болууга чакырды.

“Бишкектеги индиялык студенттерге байланыштуу кырдаалга көз салып жатам. Абал тынч эмес экени кабарланууда”, - деп жазды Субраманьям Жайшанкар.

Индиялык басылмалар Кыргызстандагы тополоңдон индиялык жана пакистандык студенттер жабыркаганын жазышууда. Ар кандай маалыматтарга караганда, Кыргызстанда сегиз миңден он миңге чейин индиялык студент билим алат.

18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан жалпы 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, кайрылгандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, үч адам ооруканага жаткырылды. Жаагына доо кеткен пакистандык жаранга операция жасалары айтылды.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада 700гө чейин жеткенин, чогулгандар иштеринен соң таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт адамдын экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG