Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Евробиримдик Орусияга каршы кошумча чараларды макулдашты


Франция президенти Эммануэл Макрон, британ премьери Тереза Мэй жана немис канцлери Ангела Меркел. Брюссель. 22-март, 2018-жыл. 
Франция президенти Эммануэл Макрон, британ премьери Тереза Мэй жана немис канцлери Ангела Меркел. Брюссель. 22-март, 2018-жыл. 

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Брюсселдеги саммитте Орусияга карата кошумча чараларды колдонууну макулдашты. Мындай чечим Британияда мурдагы орус чалгынчысынын ууланышына байланыштуу кабыл алынды.

Москва Евробиримдикти "Орусияга каршы Лондон жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге кошулду" деп айыптады. Кремл "Сергей Скрипал жана анын кызын ууландырууга катышы бар" деген айыптоолорду четке кагып келет.

Германия канцлери Ангела Меркел 23-марттагы саммитте британ премьер-министри Тереза Мэй көрсөткөн далилдер "негиздүү" экенин билдирди. Меркел 22-мартта Евробиримдиктин лидерлери Москвадагы элчилерин чакыртып алууну сүйлөшкөндөн кийин жаңы чараларды убада кылды.

- Германия менен Франция элчилерин чакыртып алуудан тышкары дагы кошумча кадамдар керектигине макул, - деди Меркел 23-марттагы саммиттен кийин.

Франция президенти Эммануэл Макрон мурдагы тыңчынын ууланышын "Евробиримдикке мүчө болгон өнөктөш мамлекеттин коопсуздугу менен эгемендигине каршы агрессия" деп атады.

ЕБ өлкөлөрү окуяга Москва жооптуу болушу толук ыктымал деп билдирип, кол салууну бир ооздон айыпташты.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында уулануу белгилери менен ооруканага жеткирилген. Экөөнүн тең абалы жакшыра элек.

Бул окуя боюнча Москваны айыптаган британ өкмөтү 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарган. Орусия бул айыпты четке каккан. Британиянын бул кадамына жооп кылып, 23 британ дипломатын орус жергесинен чыгарды.

XS
SM
MD
LG