Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Орус дипломаттары Британиядан чыгып кетишти


Лондондогу орус элчилигинен чыгып бараткандар. Британия. 20-март, 2018-жыл.
Лондондогу орус элчилигинен чыгып бараткандар. Британия. 20-март, 2018-жыл.

Британияда мурдагы орус чалгынчысынын ууланышына байланыштуу чыккан чуудан улам 23 орусиялык дипломат Британиядан 20-мартта чыгып кетти.

Британ премьер-министри Тереза Мей "шпиондор" деп атаган дипломаттарга падышачылыктан чыгып кетүүгө туура бир жума берилген.

Бүгүн эртең менен Лондондогу элчиликтен үч автобус дипломаттарды үй-бүлөлөрү менен алып кеткенин "Рейтер" агенттиги жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвага кайткан дипломаттар менен жолугууну пландабаганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ал эми 65 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33 жаштагы кызы Юлиянын абалы дагы эле оор бойдон.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилген.

Бул окуя боюнча Москваны айыптаган британ өкмөтү 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарууну чечкен. Орусия Британиянын бул кадамына жооп кылып, бир апта ичинде 23 британ дипломатын өлкөдөн чыгараарын билдирген.

XS
SM
MD
LG