Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:30

Кремл элитасы "кара тизмеге" кабатыр


Кремлге жакын олигархтардын бири Геннадий Тимченко (солдо) президент Владимир Путин өткөргөн жыйында. 2016-жылы тартылган сүрөт.

АКШда Кремлге, асыресе президент Владмир Путинге жакын кишилердин “кара тизмеси” жарыяланганы турат. Конгресс 2017-жылы кабыл алган мыйзамдын талаптарына ылайык түзүлүп жаткан тизмедегилерге каршы АКШ жаңы, мурдагыдан кеңейтилген санкцияларды киргизип калышы да мүмкүн.

АКШ Конгрессинде былтыр жайда кабыл алынган мыйзам “Американын каршылаштарына санкциялар аркылуу каршылык көрсөтүү жөнүндө” деп аталган. Бул мыйзамга былтыр 2-августта АКШнын ​президенти Доналд Трамптын кол коюшу өз кезегинде Орусияны нааразы кылган.

"Трамптын бийликке келиши менен карым-катыш оңолот" деп үмүттөнгөн расмий Москва ошол мыйзамга жооп кылып, Орусиядагы америкалык дипломаттардын санын азайткан болчу.

Мыйзам талабы

Москва нааразылыгын көргөзгөн ал документтин негизги жоболоруна ылайык, АКШнын Каржы министрлиги, Мамлекеттик департаменти чалгын мекемелери менен кошо 2018-жылдын февраль айына карата “Орусия Федерациясынын өтө маанилүү адамдарынын, анын тышкы саясатын аныктагандардын жана олигархтардын” тизмесин даярдашы керек.

Тизмеде алар “Орусия режимине жакындыгына жана активдеринин көлөмүнө" жараша жайгаштырылмакчы.

Мыйзамдын өзүндө ошол шарттуу “кара тизмегилерге” каршы санкция киргизүү талабы жок. Анткен менен тизме жаңы санкциялар үчүн негиз болуп бериши мүмкүн.

Кошмо Штаттарда жүрүп жаткан иштен кабары бар талдоочулардын бири, президент Путиндин мурдагы кеңешчиси, азыр Вашингтондогу Катон институтунун талдоочусу Андрей Илларионов “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын орус кызматы менен маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

- Азыр санкциялардын өзү жөнүндө эмес, АКШнын администрациясы Конгресске жана кеңири коомчулукка болжол менен 1-февралда бере турган баяндама жөнүндө гана айта алабыз. Ал баяндамада “Кремлдин элитасы” деп аталгандарга кирген адамдардын тизмеси болот. Аларга Владимир Путинге түздөн-түз жакын, мыйзамсыз, агрессивдүү, кылмыштуу, коррупциялык чечимдер үчүн жоопкер жана жогорку даражалуу саясий адамдар, Путин жана Кремл менен жакшы мамилесинен улам атайын контракттарды уткан, ошондой эле Украинага, Грузияга каршы ар кандай баскынчыл аракеттерди жүргүзүүгө кол кабыш кылып, каржылаган ишкерлер кошулат.

Ошондой эле бул тизмеде Орусиянын мамлекеттик жана жарым-жартылай мамлекеттик ишкана-компанияларынын да башчылары болот.

Бул жолку негизги өзгөчөлүк эмнеде? Мыйзам талабына ылайык даярдалып жаткан баяндамада ошол тизмедеги кишилер Орусиядан сыртында кандай активдерге ээлек кылаары мүмкүн болушунча кеңири жазылышы абзел. Башкача айтканда, баяндамада конкреттүү адамдарын ысымдары менен алардын кыймылдуу-кыймылсыз активдери, банк эсептериндеги каражаттары, компанияларга салынган активдери тууралуу маалыматтар болот.

Эң башкысы - ошондон (баяндама жарыялангандан) кийин АКШнын мамлекеттик уюмдары, Мыйзамсыз табылган каражатты адалдоого каршы күрөш боюнча эл аралык уюм сыяктуу мекемелер бул кишилерге каршы санкция киргизүү процедурасын башташы мүмкүн. Алар санкцияны тизмедегилердин баарына же кээ бирлерине кайсы критерийлер менен киргизет? Бул азырынча ачык маселе.

"Олигархтар тизмеси" жана четтеги байлык

АКШнын Орусия боюнча жаңы санкциялык жараянынан маалыматы бар байкоочулар жүрүп жаткан ишти "олигархтар тизмеси" деп да сыпаттап жатышат.

Америкалык расмий өкүлдөр мыйзам талабына ылайык даярдалып жаткан тизме боюна азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Бирок Мамлекеттик департаменттин санкциялар боюнча мурдагы башкы координатору Даниэл Фрид “Эркин Европа/Азаттык” үналгысы менен болгон маегинде бир айдан ашуун убакыттан бери “орусиялыктар абдан кабатыр болуп" жатканын белгилейт.

Ушундай эле ойду Вашингтондон орусиялык саясат таануучу Андрей Пионтковский да айтып, күтүлгөн санкциялар биринчи ирет түздөн-түз “Путиндин жакындарына” оорчулук алып келерине көңүл бурат.

Орусия тараптан Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков былтыр жыл соңунда бир жолу Вашингтонду “орус элитасын президент Путинге каршы коюуга умтулуп жатат” деп айыптаганы бар.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 13-январда ТАСС агенттиги менен маегинде АКШ көрүп жаткан чараларды алдыдагы президенттик шайлоого “таасир этүү аракети” деп баалады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:01 0:00
Түз линк

Ал эми “Коммерсанть” басылмасынын 12-январда өз булактарына шилтеме берип жазганына караганда, АКШ администрациясы даярдап жаткан тизмеге президент Путиндин жакынкы чөйрөсүнөн 300дөй адам кирип калышы мүмкүн. Булар расмий кишилер эле эмес, алардын туугандары да болот.

Ушундан улам орус элитасынын четтеги мүлкү камакка алынбайбы деген да суроолор жаралбай койбойт.

Анын эсебин “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде америкалык экономист, Вашингтондогу аналитикалык уюм - Атлантика кеңешинин кызматкери Андерс Аслунд болжолдоду:

- Менин болжолумда, сөз жарым триллион долларга жакын сумма жөнүндө жүрүшү мүмкүн. Бул жерде мен чет мамлекеттерде сакталып турган орусиялык активдин акчалай көлөмү кеминде бир триллион долларды түзөрүн эске алып жатам.

Сөз - мамлекеттин эмес, жеке адамдардын байлык-мүлкү жөнүндө жүрүп жатат. Кандай гана парадоксалдуу болбосун, бул акчанын чоң бөлүгү Кошмо Штаттар менен Улуу Британияда жашыруун катылып турат. Анткени мындай сумманы башка жерлерде бекитүү кыйла эле оор.

Мисалы, төрт жыл мурда Кипрдеги каржы кризиси учурунда Орусиянын ал жердеги түз инвестициясы болгону 14 миллиард гана долларды түзөрү аныкталбады беле. Демек оффшорлордо орусиялыктардын акчасы анчалык көп эмес деп болжолдоого болот. Ошол эле учурда, 2015-жылы Американын Каржы министрлигинин эсебинде, АКШнын каржы системасы аркылуу 300 миллиард доллар адалданган.

Мурдагы президент Барак Обаманын тушунда АКШнын орусиялык ишкерлер менен компанияларга каршы санкциясы Крымдын 2014-жылкы каратылып алынышынан (аннексиясынан) эле эмес, "Орусия 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишти" деген маалыматтардан улам да киргизилген.

Буга чейинки санкциялык тизмеде Путин менен ымалалаш деген орус олигархтарынанТимченко, Ковальчук, Ротенберг өңдүү кишилер жүргөн.

Былтыр октябрда болсо АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын курал өндүргөн 30дай компаниясы менен чалгын уюмдарынын тизмесин жарыялап, алар менен иш кылган орусиялык жана чет элдик фирма болобу, баары бир чектөөгө кабылышы мүмкүн экенин ишарат кылган.

Бул жолку негизги өзгөчөлүк эмнеде? Мыйзам талабына ылайык даярдалып жаткан баяндамада ошол тизмедеги адамдар Орусиянын тышкаркы жактарда кандай активдерге ээлек кылары мүмкүн болушунча максималдуу жазылуусу абзел.

Былтыр декабрда болсо Орусиянын оппозициячыл активисттери Литвадагы жыйынында өздөрүнүн санкциялык тизмесин да жарыялашкан. Ага 200дөй киши киргизилген.

Арасында буга чейин санкциялык чектөөгө кабыла элек орус олигархтарынын арасынан “Северсталь” компаниясынын ээси Алексей Мордашов жана мамлекеттик “Сбербанктын” башчысы Герман Греф да бар.

АКШнын болжолдуу жаңы санкциялык соккусуна орус өкмөтү да, айрым каржы институттары да сак-сактанып даярдык көрө баштагандай.

Премьер-министр Дмитрий Медведев мамлекеттик компанияларга алар менен контракт түзгөндөрдүн чоо-жайын жашырууга уруксат берген токтомго кол койгонун “Ведомости” басылмасы былтыр ноябрь айында эле жазып чыккан.

Орусиянын жеке менчик коммерциялык банктарынын эң ириси - "Альфа банк" коргоо өнөр жайына насыя берүүнү азайтып жатканын жакында эле билдирди.

“Бул биз алар менен мамилени биротоло үздү деген сөз эмес, бирок опурталдуу жагдайларды азайтууга аракеттенүүдөбүз”, - деп банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Олег Сысуев “Эхо Москвы” радиосу менен болгон маегинде белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG