Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Путин Крымды басып алууга даярдык болгонун айтты


Орусиянын Украинага болгон саясатын айыптаган акция. Нью-Йорк. 2014-жыл.
Орусиянын Украинага болгон саясатын айыптаган акция. Нью-Йорк. 2014-жыл.

Президент Путин Крымды аскер киргизип, Орусиянын курамына кошуп алуу мурдатан даярдалган операция болгонун тастыктады.

Путин Крым жөнүндө “Россия 1” телеканалы жекшемби күнү жарыя кылган жана качан көрсөтүлөрү азырынча беймаалым фильмде айтты. Крымды аннексиялап алууну Батыш мамлекеттери эл аралык келишимдерди бузду деп сындап келет.

Жарыя кылынган фильм “Крым. Ата журтка жол” деп аталып, Кремлге ишенимдүү журналист Андрей Кондрашов тарабынан тартылган. Фильмдин жарнамасында көрсөтүлгөндөй, Кондрашовго берген интервьюда Путин “Крымды Орусияга кайтаруу боюнча жумуш” 2014-жылы 23-февралда Украинанын ошол кездеги президенти Виктор Януковичти өлүмдөн сактап калуу операциясына удаа башталганын айтат:

Орус президенти Владимир Путин
Орус президенти Владимир Путин

- Мен Кремлге биздин атайын кызматтардын жана Коргоо министрлигинин жектекчилерин чакырып, аларга Украинанын президентинин өмүрүн сактап калуу жөнүндө тапшырма бердим. Аны жөн эле жок кылышмак. Узак сүйлөшпөө үчүн ири калибрдүү пулемёт орнотулган болчу. Биз аны Донецктен кургак, деңиз жана аба аркылуу алып чыгууга даярдандык. Бул 22чи жана 23чү (февралдын) арасында болду. Биз таңкы жети ченде бүттүк. Мен коллегаларым менен коштошуп жатып: “Биз Крымды Орусиянын курамына кайтаруу боюнча жумушту баштоого мажбурбуз” деп айттым.

2014-жылы 22-февралда Украина парламенти - Жогорку Раданын 450 мүчөсүнүн 328и Виктор Януковичти “кызматтык милдеттерин аткарбады” деп, президенттиктен четтетүү үчүн добуш берген жана кезексиз президенттик шайлоо 25-майда өткөрүлсүн деп чечкен.

Андан бир күн мурда Янукович жана оппозиция лидерлери саясий кризисти жөндөө боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Украинанын 2004-жылкы Конституциясы калыбына келтирилип, реформаны баштоо үчүн жаңы өкмөт түзүлмөк.

Янукович 22-февралда түн жамына Харьковго качып, 26-февралда Орусияда пайда болот.

Орусиянын Федерация Кеңеши Крым кризиси даярдалып жаткан 2014-жылы 1-мартта президент Путинге Украинанын территориясына аскер киргизүү укугун бир добуштан колдогон. Анын алдында, 26-февралдан 27-февралга караган түнү аскерий эн белгиси жок мыкты куралданган адамдардын чоң тобу Крым Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана өкмөтүнүн имаратын басып алып, Орусиянын желегин көтөргөн. Артынан эле Крым аралын Украина менен кошкон жолду бууп салышкан.

Москва ал тушта Крымдагы окуяларга эч тиешеси жок экенин айтып, “азармандан безерман болуп” жатты. Ал эми 16-мартта Крымда, Москва айткандай, референдум өткөрүлүп, жарым аралдын шайлоочуларынын 97 проценти Орусияга кошулуу үчүн добуш берген. Орусия жасалма референдумдун жыйынтыгына шилтеп, 18-мартта Крым жарым аралын өзүнө кошуп алды.

Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы Крымда өткөрүлгөн референдум жарым аралдын макамын өзгөртүүгө негиз болбосун белгилеген резолюция кабыл алган. Бул чечимди БУУга мүчө 193 өлкөнүн 100ү колдогон. 11 өлкө каршы добуш берип, 58 өлкө добуш берүүгө катышкан эмес.

Крым парламентинин имаратындагы Украинанын желегин Орусиянын желегине алмаштыруу. Симфереполь. 19-март, 2014
Крым парламентинин имаратындагы Украинанын желегин Орусиянын желегине алмаштыруу. Симфереполь. 19-март, 2014

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Башкы Ассамблеяда сүйлөп, крымдыктар Украин өкмөтүнүн кысымынан улам өз тагдырын өз колуна алды деген болчу:

- Крымдын элинин укуктарын агрессивдүү тепсөө, аларды өз тагдырын өз колуна алууга мажбурлады жана алар өз алдынча бөлүнүп чыгууну тандашты. Украинадагы ички жаңжал үчүн күнөөлүүлөр эмне деп айтышпасын, бул нак эркин тандоо болду.

Ушу күнгө чейин Орусия жетекчилиги Крымды басып алганын үзбөй танып келген эле. Крымды аннексиялоого жооп кылып, Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Европа Биримдиги жана АКШ былтыр марттан тартып Орусияга бир нече ирет санкция жарыялаган.

Крымды Орусияга кошуп алуунун артынан Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен өкмөттүк аскерлер арасындагы куралдуу тирешүүлөр башталды. Былтыр апрелден бери жүрүп жаткан бул калабада 6 миңден көп адамдын өмүрү жайран болду. Бүгүн Донецк жана Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгү жикчилдердин кол астында.

Украин өкмөтү жана Батыш Москва жикчилдерге жамынып, бул аймактардагы кырдаалды дагы узак мезгилге чайпалтып тура берет деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG