Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Крым Борбор Азияга эскертүүбү?


Орусиянын Крымды басып алуусун айыптаган митинг. Казакстан. 3-март, 2014-жыл
Орусиянын Крымды басып алуусун айыптаган митинг. Казакстан. 3-март, 2014-жыл

Батышта Украинанын баскынчылыгы деп айыпталган бул окуялардан улам, Борбор Азия өлкөлөрүндө, өзгөчө Казакстанда Крымдагы кырдаал кыйла тынчсызданууну пайда кылгандыгы байкалууда.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги ушул аптада Крымдагы Орусиянын ишмердүүлүгүн сынга алды. Борбор Азия бийликтеринен бир гана Өзбекстан Крым боюнча Орусияны ачык сындап чыкты.

«Крымда орус аскерлеринин жайгаштырылышы Украинанын суверендүүлүгүнө жана аймактык биримдигине реалдуу коркунуч келтирет. Бул Өзбекстанда терең тынчсызданууну жаратууда» деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө. Украинадагы Крым сыяктуу эле Өзбекстандын аймагында Каракалпакстан жумурияты автономдук макамга ээ экени маалым.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги да Украинадагы кырдаалга терең тынчсыздануу билдирди.

Закон.кг сайтынын 3-мартта жазышынча, билдирүүдө Украинада кырдаалдын курчушу күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Казакстандын түндүк аймактарында орус тилдүү калк басымдуулук кылары белгилүү. Кабарларга караганда, бул аймактарда кийинки кездери орусиячыл маанайдын күч алганы байкалды.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчылар, анын ичинде Эдуард Лимонов менен Либералдык демократиялык партиянын башчысы Владимир Жириновский Казакстан менен башка Борбор Азиядагы жумурияттарды Орусия Федерациясына кошууга ачык чакырык жасашканы маалым.

Президент Назарбаев өткөн айда Казакстандагы конституциялык тартип, суверендүүлүк жана аймактык биримдик жаңы таасирлерден улам коркунучка туш келип жаткандыгын белгилеген.

"Азаттыктын" казак кызматы 4-мартта маалымдагандай, Назарбаев Украинадагы кырдаалдын башка постсоветтик жумурияттарга таасирин талкуулоо үчүн Бажы биримдигинин жыйынын өткөрүүнү сунуш кылган.

Мындай жыйын 5-мартта Москвада өтүп, анда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын экономикасындагы оор кырдаал биримдиктин өлкөлөрүнө да кесепетин тийгизиши мүмкүн деди:

- Украинада өтө тынчсыздандыруучу кырдаал түзүлдү. Бул өлкөнүн экономикасы оор, балким бычактын мизиндегидей абалда. Бул Бажы биримдигинин базарына терс таасирин тийиши мүмкүн. Ошондуктан биз өзүбүздүн өндүрүүчүлөрдү, жана экспорттоочуларды коргоонун жолдорун жана Украина менен мындан аркы алыш-беришти кандай кыларыбызды ойлонушубуз керек.

Бажы Биримдигине Казакстан, Беларус, Орусия кирет. Бул биримдикти келерки жылы Евразия экономикалык биримдигине айландыруу каралган. Мындай биримдиктин башкы демилгечилеринин бири Украина болчу.

Биримдикте Украина боюнча эмне сөз болгону кабарланган жок. Казакстандык саясат таануучу Толганай Умбеталиева соңку кездери Казакстанда Орусияга карата тескери маанай күч алгандыгын белгиледи.

"Тополь" ракетасын сыноо
"Тополь" ракетасын сыноо
"Азаттыктын" казак кызматы менен маегинде Алматыдагы Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрүү корун жетектеген Умбеталиева украин кризиси күчөп турганда өткөн бул жыйын Бажы биримдигиндеги маанайды байкап көрүү максатын көздөдү.

Назарбаев Кремл үстөмдүк кылган Бажы биримдигине жол тартканда Орусия машыгуу иретинде Казакстандын аймагына ракета атты.

4-мартта Орусиянын Коргонуу министрлиги Капустин Яр аскер жайынан атылган континенттер аралык ракета Казакстандын Сары-Шаган аскер базасындагы алдын ала мерчемделген жерге келип түшкөнүн билдирди.

"Азаттыктын" казак сайтында окурмандар бул машыгууну Назарбаевге сөөмөй кезөө катары сыпатташты.

XS
SM
MD
LG