Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Украинадагы жикчилдер 100 миң аскер алат


Орусиялык жикчилдердин бекети. Чыгыш Украина, Донецк облусу, 29-январь, 2015-жыл
Орусиялык жикчилдердин бекети. Чыгыш Украина, Донецк облусу, 29-январь, 2015-жыл

Украинада жикчилдер 100 миң кишини аскерге ала тургандыгын жарыялашты. Бул жарыя Чыгыш Украинада согуш аракеттери күч алып, Минскте тынчтык сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учураган мезгилге туура келүүдө.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин лидери украин армиясы менен согушка 100 миң аскер алуу планын жарыялады.

Минсктеги төрт тараптуу сүйлөшүүгө барбай койгон Александр Захарченко 2-феврал күнү Донецк областындагы жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарда аскерге чакыруу алдыдагы 10 күндөн кийин башталаарын билдирди.

Украин парламенти да өткөн айда быйыл 100 миң кишини аскерге чакыруу планын жактырган эле.

Январ айынан тартып, Чыгыш Украинада согуш аракеттери күч алып, акыркы күндөрү Дебалцево шаарынын айланасында айрыкча катуу уруш болуп жатат.

Ал эми апта соңунда Украина боюнча сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктап, бул үчүн тараптар бир бирин айыпташууда.

Ал арада АКШнын президенти Орусия Крымды басып алганда анын кесепети канчалык болоорун Путин учурунда аңдаган эмес деген билдирүү жасады.

СNN жаңылыктар каналындагы жекшембидеги маегинде Барак Обама ошондой эле бүгүн өлкөлөр билими, ойлоп тапкычтыгы жана чыгарган товарын сатып, байыгандыгы менен мартаба күтөөрүн белгиледи.

– Крымды басып алуу менен Орусия утпастан, уттурду. Бирөөнүн жерин басып алган өлкө башкалардан кыйын деп саналган мезгил артта калган. Бүгүн өлкөлөрдүн салмагы анын илим, билим деңгээли, иштиктүү тажрыйбасы, товар экспорттоого жөндөмдүүлүүгү, ошондой эле жаңы товарларды жана жаңы кызматтарды ойлоп табуу даремети менен ченелет, - деди Обама.

Украина боюнча соңку сүйлөшүү 31-январда Минскте төрт сааттан ашыкка созулду. Ага Орусиянын, Украина, ЕККУ жана өз алдынчалык жарыялаган Донецк, Луганск "элдик жумуриятттарынын" өкүлдөрү катышты.

Жикчилдер Киев өкмөтү бул сүйлөшүүнү атайылап үзгүлтүккө учуратты деп чыгышты, бирок Украина жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жикчилдер сентябрда кол коюлган тынчтык келишиминин маанилүү шарттарын талкуулоодон да баш тартышкандыгын айтышууда.

Украин аскерлери
Украин аскерлери

ЕККУнун учурдагы төрагасы болгон Сербиянын Тышкы иштер министрлиги эки жикчил жумурияттын өкүлдөрү сүйлөшүүгө бут тосуп, мурда жетишилген келишимди кайра карап чыгууну талап кылгандыгы айтылган билдирүү таркатты.

«Жикчилдердин өкүлдөрү элдешүүнү ишке ашырууну жана оор куралдарды чыгарып кетүүнү талкуулаганга да даяр эмес болуп чыкты» деп айтылды 1-февралдагы документте.

Сүйлөшүүгө аталган жикчил жумурияттардын башчылары Александр Захарченко менен Игор Плотницкийлер катышкан жок. Алардын өкүлдөрү бул экөө «украиналык бомбалоонун кесепеттеринен улам, бир саамга да колдору бошобой жатат» деп айтышты.

Украин бийликтери Донецк жана Луганск аймактарында акыркы 24 саатта беш аскери окко учканын билдирди. Ал эми жикчилдер ушул эле мезгил аралыгында «өкмөттүк аскерлердин чабуулунда 11 карапайым тургун окко учту» деп ырастады.

Украинадагы согуш аракеттеринде былтыр апрел айынан бери курман болгондордун саны 5100дөн ашты.

XS
SM
MD
LG