Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Крым: Аннексия жана мамлекеттүүлүк


Украина -- Симферополдогу акцияда "Россия Крым!" деген жазууну кармап турган аял. 9-март, 2014.
Украина -- Симферополдогу акцияда "Россия Крым!" деген жазууну кармап турган аял. 9-март, 2014.

Украинанын Крым автономиясы Орусияга кошулуу боюнча референдумга даярданып жатат. Ал эми орусиялык депутаттар Крымды кабыл алууга жол ачкан мыйзам долбоорунун үстүнөн иштей башташты. "Азаттык" Оксфорд университетинин улук изилдөөчүсү Адам Робертс менен аннексия темасын талкуулады.

Оксфорд университетинин изилдөөчүсү Адам Робертс «Согуш мыйзамдары боюнча документтер» деп аталган изилдөөнүн редактору. Анын айтымында, аннексия эл аралык мыйзамда «бир аймакты негизинен басып кирген өлкөнүн өз аймагына күч менен кошуп алуу» деп аныкталат жана аннексия боюнча аткарылышы милдеттүү болгон эл аралык конкреттүү бир келишим жок.

Адам Робертс
Адам Робертс
Ирактын 1990-жылы Кувейтти басып алышы сыяктуу учурлар Улуттар Уюмунун Хартиясы аркылуу теске салынып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары менен аннексиялоо аракеттерине катуу каршылык көрсөтүлөт.

Робертс ошондой эле аймактын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө келишим аркылуу өтүшү аннексия деп саналбай тургандыгын, ал эми Түркия мындан 40 жыл илгери Кипрге басып кирип, бирок аны өз аймагына кошуп албагандыгы аннексияга жакындап келип токтогон окуя болгондугун белгилейт.

Жакынкы тарыхта азыр Москванын Крымдагы орустарды коргойм дегени өңдөнгөн учурлар да болгон. Хорватия мисалы Босниядагы хорват улутундагы тургундарга паспорт берип, мугалимдерге айлык төлөгөн. Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхазия менен Түштүк Осетияда Орусия дал ушундай чараларга жол берген.

Ошол эле убакта британиялык изилдөөчү Крымга келгенде азыр Орусиянын Крымды иш жүзүндө басып тургандыгын өзгөчө кооптуу көрүнүш деп эсептейт.

Анын пикиринде, референдумга эл аралык көзөмөл жүргүзүү мүмкүн болбосо, чет элдик аскерлердин турушу албетте добуш берүүгө чоң таасир тийгизмекчи.
А эгер таза, эркин, эл аралык көзөмөл жүргүзүлгөн референдум өтсө, ал Крымдын Орусия федерациясына киришине мыйзамдуу негиз боло алабы?

Робертстин айтымында, мындай референдум Орусиянын турумун бекемдемек. Бирок ал аннексияга мыйзамдуу негиз болуп бере алаары боюнча көз караштар ар башка болушу мүмкүн. Анткени бир өлкөнүн башка өлкөгө басып кирип, анын аймактык биримдигине шек келтирүүсү Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан бери колдоо тапкан эмес. Бир мамлекет Крымдагыдай экинчи мамлекеттин эсебинен өз аймагын кеңейтүүсүнө колдоо жок, дейт ал.

Буга мисал катары изилдөөчү кайрадан Түркиянын Түндүк Кипрге басып киришин келтирет. 1974-жылкы ал окуяда Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү, анын ичинде Советтер Союзу каршы чыккан.

Бир өлкө экинчи өлкөнүн жарандарына паспорт берген учурлар боюнча да эл аралык мыйзамда ачык жооп жок. Робертс бирден ашык паспорту бар адамдар дүйнөдө көптүгүн, бирок бир аймакты башка өлкөгө өткөрүп алуу аракетине байланышпаса, мында эч кандай деле зыян жок экенин белгилейт.

Эл аралык мыйзамда «элдин өз тагдырын өзү аныктоо укугу» тууралуу да шарт бар. Бул укуктан ким кандай пайдалана алат?

Робертстин сөзү боюнча, «элдердин тең укугу жана өз тагдырын өзү аныктоо укугу» БУУ Хартиясынын биринчи беренесинде жана башка бир нече эл аралык мыйзамда каралган. 1945-жылдан бери бул жобонун мазмуну жана анын иш жүзүндө колдонулушу боюнча карама-каршылыктар болуп келет. Бул жобо мурда европалыктар басып турган аймактардын колонизациядан кутулушунда чечүүчү роль ойногон.

Бирок Косово, Шри-Ланка, Грузия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө кайсы эл ушул укукка ээ деген суроо өтө талаштуу болуп саналат. Мисалы ошол эле Украинада «өз тагдырын өзү аныктоо укугуна» жалпы Украинанын эли ээби, же Крымдын эли ганабы? Эгер Крымдын эли болсо, крым татарлары да өзүнчө бөлүнүүгө укугу барбы?

Ошондуктан бул суроого бир беткей жооп жок, жана Адам Робертс бул бардык тараптар ийри отуруп, түз кеңешчү татаал маселе экендигин белгилейт.

XS
SM
MD
LG