Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Обама менен Путин Украинадагы кырдаалды талкуулады


Барак Обама менен Владимир Путин эки тараптуу сүйлөшүү маалында. Түндүк Ирландия, 17-июнь, 2013.
Барак Обама менен Владимир Путин эки тараптуу сүйлөшүү маалында. Түндүк Ирландия, 17-июнь, 2013.
Ак Үйдүн маалыматына караганда, президент Барак Обама Орусиянын мамлекет башчысы менен Украинадагы кризисти талкуулады. Бир сааттык телефон сүйлөшүүдө Обама Владимир Путинге Орусиянын Крымдагы аракеттери Украинанын эгемендигин бузуу болуп саналаарына басым жасап, Кремлдин мындай аскердик интервенциясынын артында турган орусиялык жана украиналык расмий жетекчилерге санкция колдонууга аргасыз кылганын айтты.

Америкалык лидер кырдаалдан чыгуу үчүн дипломатиялык жолдорду издөө керектигин белгиледи. АКШ эл аралык коомчулуктун арачылыгы менен орус-украин түз сүйлөшүүсүн жүргүзүүнү, Украинага эл аралык байкоочуларды жиберүүнү, орус аскерлерин базаларына кайтарууну жана май айына белгиленген шайлоого даярдыктарды колдоону сунуш кылууда.

Ал эми Кремлдин маалыматына ылайык, Путин Киевдин жаңы бийликтери “чыгыш, түштүк-чыгыш облустар менен Крым аймагына тиешелүү легитимсиз чечимдерди кабыл алганын” белгиледи. Ал ошондондой эле Москва “жардам берүү өтүнүчүн көз жаздымда калтыра албасын жана эл аралык мыйзамдарга ылайык иш алып барганын” айтты.

Кремлдин билдирүүсүндө айтылгандай, сүйлөшүүдө кризистин себептерине баа берүүдө тараптардын пикирлери айырмаланаары айкын болду. Ошол эле маалда Путин Украинанын айынан Орусия менен АКШнын мамилелерине доо кетпеши керектигин белгиледи.

Сүйлөшүүгө чейин Обама Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча референдум эл аралык мыйзамдарды бузаарын айткан:

- Крымдын тагдыры боюнча сунушталып жаткан референдум Украинанын конституциясын жана эл аралык мыйзамдарды бузат. Украинанын келечеги боюнча талкууларга Украинанын легитимдү өкмөтү камтылышы керек.

Бейшембиде Крымдын парламенти Орусияга кошулуу сунушун колдогон жана тиешелүү референдум 16-мартта өтөөрүн жарыялаган. Бир нече күн мурун калкынын басымдуу бөлүгүн орустар түзгөн жарым аралды орусиялык аскерлер көзөмөлүнө алышкан.

Обама жогоруда сөз болгон санкцияларды "Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу же украин элинин байлыгын уурдоо үчүн жооптуу адамдарга санкция колдонуу жөнүндө буйрукка кол койдум. Менин тапшырмам боюнча Мамлекеттик департамент айрым расмий адамдарга виза берүүнү чектемекчи" - деп түшүндүргөн.

Бейшембиде Европа биримдиги Орусияга бир катар санкцияларды киргизген. Брюсселдеги чукул жыйында шаркеттин лидерлери Москва менен экономикалык кызматташуу жана визасыз каттоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү токтотуу турууну чечишкен.

Ошол эле күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен кайра жолугушту. Керри Орусия менен Украина ортосундагы тикелей диалогго жана Крым менен чыгыш Украинага эл аралык байкоочуларды жөнөтүүнүн зарылдыгына басым жасады.

Ал тапта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Киевдеги жаңы өкмөткө чегерилип жаткан насыяга кепилдик берүүнүн жобосун жактырды.

Украина оппозициясынын лидерлери Юлия Тимошенко жана Виталий Кличко Европаны Орусиянын Крымга басып кирүүсүнө байланыштуу катаал чара көрүүгө үндөштү.

Интерпол болсо Украинада бийликтен кулатылган Виктор Януковичти кармоо өтүнүчүн караштырып жатканын маалымдады. Экс-президент өз мекенинде кызматынан кыянат пайдалануу жана адам өлтүрүү үчүн айыпталууда.

XS
SM
MD
LG