Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Украина: келишимге карабай ок атуу токтой элек


Украина чыгышындагы Дебальцево шаарына жакын жолдогу украин аскерлери. 15-февраль,
Украина чыгышындагы Дебальцево шаарына жакын жолдогу украин аскерлери. 15-февраль,

Донбасста 15-февралдан тарта ок атышууларды токтотуу келишими аткарылбай жатат. Андан улам БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун чатакташкан тараптарды элдешүүнүн шартын сактоого чакырды.

12-февралда Минскте кол коюлган келишимди орусиячыл жикчилдер акыркы бир күндө 129 жолу бузду. Бул жөнүндө Украинанын коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко маалымдады.

- 16-февраль саат 11ге карай мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр антитеррордук операциянын күчтөрүн алсыздандыруу жана аларды өңүттөрүнөн артка чегиндирүү үчүн текшерүү пункттарын 129 жолу аткылашты. Биздин аскерлер жооп берип гана ок атышканына көңүл бурам.

16-февралда Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин билдиргенге караганда, украин армиясы ок атышпоонун шартын толук сактап, бирок “Донецк жана Лугансктын террорчулары артиллериялык куралдардан, минометтордон жана “Град" системасынан аткылап" жатышыптыр.

"Рейтерс" агенттигинин украин армиясына шилтеп кабарлашынча, келишим күчүнө кирген 15-февралдын түн ортосунан кийин төрт украин аскери окко учуп, 25 жоокер жарадар болгон.

Жикчилдер жарыялаган "Донецк элдик республикасынын" коргоо министри Эдуард Басурин дүйшөмбү күнү Донецктеги маалымат жыйынында: "Өткөн бир суткада 27 ок атуу катталды. Бул негизинен Докучаевск, Донецкинин чет жакасы жана Горловкада болду”, - деп билдирди.

Петро Порошенко
Петро Порошенко

Президент Петро Порошенко эгерде атышуулар токтотулбай улана берчү болсо, Украинада аскерий абал жарыялай турганын эскерткен.

Ок атышууларды токтотуу Украинанын чыгышында 10 айдан бери жүрүп жаткан согушту токтотууга багытталган биринчи кадам болуш керек.

Расмий Киевдин кабарлашынча, козголоңчулар элдешүүгө мониторинг жүргүзүүгө жооптуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларын Дебальцевого өткөрбөй жатышат.

Дебальцево орусиячыл жикчилдердин ээлигиндеги Донецк жана Луганск шаарларын бириктирген кан жолдо жайгашкан.

Расмий Киев Донбасстагы согуш линиясынан чыгарылган оор аскердик техникаларды сактоо үчүн атайын жайлар камдалып жатканын да кабарлады. Жикчилдердин маалымдашынча, алар оор техникаларды чыгарып кетүү жана туткундарды алмашуу боюнча пландын долбоорун даярдай башташкан.

Дебальцевону украин аскерлери бир нече жумадан бери коргошууда. Орусиячыл жикчилдер шаарды толук курчоого алдык деп ырасташууда. Бирок украин армиясы жол аткыланганы менен сырттан азык-түлүк жана каруу-жарак алып турушканын айтышууда.

Оор аскердик техника, Минск келишими боюнча, үч жуманын арасында уруш линиясынан чыгарылып кетүүгө тийиш.

Вашингтон 15-февралдын алдында Дебальцовону танк жана башка оор техника менен куралданган орус аскерлери курчоого алганын билдирген. Бирок Кремл Украинада аскери жок экенин айткан.

Ырчы жана депутат Иосиф Кобзон Донецктеги жикчилдердин лидери Александр Захарченко менен. 27-октябрь, 2014-жыл
Ырчы жана депутат Иосиф Кобзон Донецктеги жикчилдердин лидери Александр Захарченко менен. 27-октябрь, 2014-жыл

16-февралда Евробиримдиктин Украинанын эгемендигине жана бүтүндүгүнө коркунуч туудурган же шек келтирген орусиялыктар менен украиналыктарга каршы санкциясы кеңейтилди. Жаңы "кара тизмеге" 19 адам жана 9 уюм кабылды.

Ага ылайык, Орусиянын коргоо министринин орун басарлары Аркадий Бахин жана Анатолий Антоновдун, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын орун басар зардалы Андрей Картаполовдун, Мамдуманын эки мүчөсү, анын ичинде белгилүү ырчы Иосиф Кобзондун жана донбасстык жикчилдердин 15 өкүлүнүн Биримдиктин өлкөлөрүндөгү мүлкү жарым жылга тоңдурулат, өздөрүнө уюмга кирген 28 өлкөгө баруусуна виза берилбейт. Бул тизмени Евробиримдик 9-февралда бекиткен. Бирок Минск келишимине дипломаттык колдоо көрсөтүү максатында 16-февралга жылдырып койгон эле.

Муну менен украин кризисине байланыштуу Евробиримдик киргизген санкцияга бардыгы Орусиянын жана Украинанын 151 жараны менен 17 уюму кабылды.

XS
SM
MD
LG