Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Санкциялар: бирөөлөргө бар дүйнө...


Дүкөндүн ээси, 20 жаштагы Дмитрий Пучкин кардары менен.
Дүкөндүн ээси, 20 жаштагы Дмитрий Пучкин кардары менен.

Европанын тамак-ашына киргизилген санкциялар Москвада жаңы ачылган супермаркеттердин бирине өз ийгилик формуласын табууга түрткү болгондой. Ал жакта жалаң Орусиядан чыккан жана мурдагы совет республикаларынан келген азык-түлүктөр сатылат.

"СНГ Маркет” деп аталган бул жаңы дүкөндө Орусия жана мурунку советтик республикалардан келген жер-жемиштер, таттуу жана сүт азыктары сатылат. Ачылганына бир ай боло элек дүкөн Москванын жакшы райондорунун бириндеги имараттардын жер төлөсүндө жайгашкан. Супермаркеттин ээси санкциялар, элдин патриоттук сезими жана Советтер союзуна болгон кусалык өз ишине пайда алып келет деген ишенимде.

Дүкөндүн ээси, жыйырма жаштагы Дмитрий Пучиндин айтымында, «СНГ Маркеттин” кардарларына дүкөндүн соода саясаты жагып жаткан өңдүү, Орусия жана коңшу өлкөлөрдөн гана ташылып келген товарлар аларга берекелүү Советтер Союзун эстерине салган сыяктуу.

Дмитрий Пучкин кошумчалагандай, анын үй-бүлөсү бул дүкөндү ачууну бир жыл мурда, Украина кризиси ойдо жок кезде эле пландаган:

- Албетте, баары биздин кызыкчылыгыбызга дал келип калгандай. Бирок дүкөн "санкция” деген сөз популярдуу боло электе жана чектөөлөр киргизилгенге чейин эле ачылган. Биз бул имаратты санкциялар тууралуу кеп боло электе ижарага алганбыз. Акыркы окуялардын толкунунда пайда болушубуз бул жөн гана дал келүү. Эл дүкөндү жактырды. Бардыгын орус саясаты менен байланыштырган кардарларыбыз бизге ыраазы, алар бактылуу жана жылмайып кетип жатышат, - дейт Дмитрий Пучкин.

Дүкөндүн башкы залындагы товарлар коюлган текчелердин үстүндөгү ак фондо каралжын-кызыл түстүү тамгалар менен Орусия, Беларус, Армения жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аталыштары жазылган. Мурдагы советтик республикалардан келген мигранттар иштеген дүкөндөн өзбек шириндиктерин, беларус сүт азыктарын, Дагестандан келген кой этин жана Воронежден алынган уй этин тапса болот.

Дмитрий Пучкин дүкөндөгү соодага канааттанып жатканын айтат:

- Биз жарнаманы баштай элек болсок да, дүкөндөгү сооданын көлөмү абдан жакшы. Көптөр биздин маркет жөнүндө азырынча билишпейт. Текчелерди да жакшыраак толтурууга жетише элекпиз.

Кардарлардын бири, 67 жаштагы Валентиндин айтымында, дүкөн үйүнө бараткан жолдо жайгашкан үчүн ага ыңгайлуу. Ал ошондой эле дүкөндүн "патриоттуулугун” мактады. Валентин “СНГ Маркетке” кирип беларус колбасасын жана бир куту тамеки алып, бул жактагы товарларга, өзгөчө беларус азык-түлүктөрүнүн сапатына жогору баа берди.

“СНГ Маркеттен” алыс эмес жерде 1990-жылы кайра куруу учурунда ачылып, бир ай мурда жабылган “Макдоналдс” жайгашкан. Тез татым ресторанын 21-августта санитардык нормаларды бузган деген шылтоо менен жаап салышкан. Көптөр бул кадамдын саясий мүдөөсү бар деп эсептешет.

Жабылып калган “Макдоналдсдын” жанында Александр Конасовдун кийим-кече саткан дүкөнү бар. Ал жакта орус президенти Владимир Путиндин манчыркай түшкөн сүрөттөрү же «Крым биздики!” деген жазуулары бар кийимдер сатылат.

Орусиянын соода согуштары “СНГ Маркетке” да өз кесепетин тийгизип өткөндөй. Мурда дүкөндө Украин президенти Петро Порошенкого таандык “Рошен” компаниясынын таттуулары байма-бай сатылып келген. Аталган кондитердик марканын таттууларын өлкөгө киргизүүгө тыюу салынгандан бери супермаркет конфеттер менен кошо украин сүт азыктарын да сатууну токтотууга мажбур болду.

Пучкин алдына чон максаттарды коюп, бир дүкөн менен эле чектелип калбай, ири соода тармагын түзүүнү да көздөп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG