Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Орусия АКШ менен Евробиримдиктин тамак-ашын албайт


Орусия -- Москванын бир дүкөнүндөгү импорттук азык-түлүктөр. 7-август, 2014.
Орусия -- Москванын бир дүкөнүндөгү импорттук азык-түлүктөр. 7-август, 2014.

АКШ менен ЕБнын экономикалык санкцияларына Орусия алардан келчү азык-түлүк жана тамак-аш импортуна тыюу салуу менен жооп жооп берди.

Башка тамак-аштын катарында Орусия АКШдан тооктун шыйрактарын да албай турган болду. Украин кризисинен улам тутанган карама-каршылык ошентип тараптардын соода согушуна айланып жаткандай. Талдоочулар Орусияда баалар өсөрүн болжошууда.

Соода согушу башталдыбы?

Орус өкмөтүнүн Кошмо Штаттар менен Еврошаркеттен импорттолуучу тамак-аш продуктуларынын тизмесин бекиткен жыйынында сүйлөп жатып премьер-министр Дмитрий Медведев Москванын кадамын “аргасыз чара” деп атады:

- Биздин өнөктөштөрдө экономикалык прагматизм жаман саясий көз карашты жеңет деп чын ниетимден ишенем. Алар Орусияны коркутуп, чектебестен ойлонор. Биз өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтык мурдагы көлөмдө калыбына келишин каалайбыз.

Медведев Москва Батыштын санкцияларына жооп чара катары АКШ жана Европа компаниялары Чыгыш Азияга учууда Орусиянын аба мейкиндигин колдонуусуна тыюу салууну да караштырып жатканын кошумчалады. Ошондой эле Орусия Батыштан учак, кеме жана унаа импорттоого да чектөө киргизүүсү мүмкүн.

Ал эми президент Путиндин жардыгынан кийин өкмөт бекиткен чарага ылайык, Орусия эми АКШ, Еврошаркет, Австралия, Канада, Норвегиядан уй, чочко, тоок этин, балык, жер-жемиш, быштак жана сүт азыктарын албайт.

Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык мекемеси – Россельхознадзордун төрага жардамчысы Алексей Алексеенконун айтымында, бир жылдык мөөнөт менен киргизилген чектөө президенттин жардыгы чыккан күндөн тарта иштей баштады, бирок жолдо келе жаткан тамак-аш Орусияга коё берилет:

- Эч нерсени ыргытууга туура келбейт. Чектөө киргизилгенге чейин жүктөлгөн тамак-аш биздин базарга келе берет.

Москва жооп чарага АКШ менен Еврошаркеттин соңку санкцияларынан кийин барууда.

Санкциялардын акыркы айлампасында Брюссель менен Вашингтон Орусиянын мамлекет көзөмөлдөгөн банктары Батыштан насыя алуусун чектеп, ага курал-жаракты, жарандык да, аскерий да максатта колдонулуучу товарларды, ошондой эле мунай өндүрүшүндө керектелүүчү технологияларды сатууга тыюу салган эле. Ага катар Батышка баруусуна жана иштөөсүнө тыюу салынган бийлик өкүлдөрү менен ишкерлердин, компаниялардын “кара тизмеси” кеңейтилген.

Шаршемби күнү Вашингтондогу басма сөз жыйынында АКШ президенти Барак Обама санкциялардын орус экономикасына таасирин комментарийлеп жатып буларды айтты:

- Санкциялар багытталгандай эле иштеп жатат, орус экономикасына эбегейсиз кысым, басым көргөзүүдө.

Ак үйдүн өкүлү Лаура Лукас Магнусон Москванын жооп чарасы орус экономикасын мындан ары да изоляциялай турганын белгиледи.

Баалар өсөт

Америкалык экономисттердин айтымында, АКШнын бир жылдык айыл-чарба экспорту 150 миллирддай долларды түзсө, Орусиянын үлүшүнө мунун 1,5 пайыздайы эле туура келет. Андыктан Орусиянын тамак-аш импортун токтотуусу америкалык фермелер үчүн анчалык деле олуттуу жоготуу болбойт.

Москвадагы "Зеленый перекресток" супермаркети.
Москвадагы "Зеленый перекресток" супермаркети.

АКШдагы көз карандысыз лоббистик топ – Фермелер федерацияснын коомдук саясат боюнча директору Дейл Муур “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна буларды айтты:

- Биздин пикирибизде, мындан эң көп уттургандар орусиялык керектөөчүлөр болот, алар мурдагыдан кымбат төлөп калышат. Чынын айтканда биздин фермерлер орус лидерлери чектөөгө же тыюу салууга барбай коюшса таң калмак. Алар түрдүү майда себептер менен мындай чараларды мурда да көрүп келишкен. Андыктан бул биз үчүн күтүүсүз эмес.

Еврошаркеттен жалпы алганда Орусияга айыл чарба экспортунун 10% үлүшү туура келет. Ал эми бөлө келгенде көбүрөөк зыянды Германия, Польша, Нидерландия, Финляндия сындуу мамлекеттер тартышы мүмкүн. Польшанын алмаларына Москва буга дейре эле тыюу салган.

Орусия тамак-аштын 40% четтен импортторун эске алган талдоочулар АКШ менен Еврошаркеттин продукциясынын ордун башка мамлекеттер менен жабууга жетишкенде деле, өлкөдө баалар 8-10 пайызга өсөрүн болжошууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG