Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Жаңы санкциялар орус экономикасын сенейтеби?


Байкоочулар АКШ менен Евробиримдиктин биргелешкен санкциялары Орусиянын экономикасына чоң залакасын тийгизип, анын кесепеттери көпкө созулушу мүмкүн экенин айтышууда.

Евробиримдик менен АКШ Орусияга каршы киргизген соңку санкциялар орусиялык банктардын эл аралык каржы базарына кирүүсүн, Европадан курал жана аскерий жана тынчтык максаттарда колдонулуучу товарларды сатып алууну чектейт.

Орус экономикасы алсырайбы?

Байкоочулардын айтканына абай салсак, соңку санкциялар Орусиянын экономикасы туруксуз болуп турганда киргизилди. Украинадагы кандуу окуялар инвесторлорду дүрбөлөңгө салып, капиталды сыртка чыгарып кетүүсүнө түрткү болуп, орус рублинин кунунун түшүшүнө жана чет жактан келген товарлардын баасынын кымбатташына себеп болгондой.

Ушул аптада жарыяланган жаңы санкциялар эми орус экономикасын дагы алсыздандырышы мүмкүн. Чектөөлөр Орусияга Батыштын капитал рыногуна кирүүсүнө бөгөт коюп, жаңы технологияларды сатып алууга тоскоол болот.

Англиядагы глобалдык Oxford Economics консалтинг компаниясынын башкы экономисти Адам Слейтердин айтымында, жаңы санкцияларга чейин эле Орусиянын экономикасынын өсүшү 0,4% деп болжолдонгон.

Англиялык экономист башкы коркунуч санкциялардын өзүнөн эмес, анын инвесторлорго тийгизген таасиринен келип чыгышы мүмкүн экенин айтат.

Санкциялардын башкы таасири албетте финансылык тармакка тийери шексиз. Жаңы эмбаргого ылайык, Евробиримдиктин жана Кошмо Штаттардын фирмалары эми негизги мамлекеттик банктарга 90 күнгө чейин гана каражат бере алышат. Бул банктардын ири өнүктүрүү долбоорлорун кыйла чектейт.

«Көп долбоорлор узак мөөнөттүү инвестицияларды талап кылат, ошол себептен азыркы Орусиядагы экономикалык абалды эске алуу менен орус банктарына чет жактан каржы алыш өтө эле кыйын болот,” - дейт Хелсинки тобунун экономисти Владимир Миклашевский.

Батыштын санкциясынын кесепеттери Орусиянын энергетика тармагына да тийиши мүмкүн. Тактап айтканда, Европа Биримдигинин үчтөн бир бөлүгүн газ менен камсыздаган газ тармагына тийбей, мунай секторуна сокку урат.

Батыштын жаңы мунай корлорун иштетүүгө чектөө киргизиши Орусияны жакка чапкандай эле болушу мүмкүн. Анткени Орусия учурда Сибирдеги түгөнүп бараткан минералдык ресурстардын ордун толукташ үчүн Арктиканы өздөштүрүүнү көздөп жатат.

Москва чыгышка ишенип жаткандай

Батыш Москва чоң каржы булактары менен жаңы технологияларды башка жактан таба албайт деген негизде кезектеги санкцияларынын ийгилигине ишенип жатат. Кремль болсо чыгыштын, тагыраак айтканда Кытайдын энергетикалык жана капиталдык базарларына таянып, санкциялардын капшабынан чочубай тургандыгын айтты. Москва ошондой эле өнүктүрүү банкын түзүүнү убада кылган БРИКС уюмуна дагы таянгандай.

Финансисттер болсо Азиянын капитал рыногу Орусияны жетиштүү инвестиция менен каржылай албашын айтууда. Анткени Азиянын финансы рыногунда мамлекеттик инвесторлор басымдуулук кылат.

“Жеке инвесторлор кошумча тобокелдиктерге оңой эле барышат. Ал эми Кытайдын ири мамлекеттик инвесторлорун алсак, аларды инвестиция аймагы көп кызыктарбашы мүмкүн. Алар энергетикалык тармакка аралашса дагы, майда чекене соодага эч кызыгышпайт,”- дейт Миклашевский

Аны менен катар эле эксперттер Азия өлкөлөрү Батыштагы компаниялар камсыздай алчу жаңы технологияларды сунуштай албасын белгилешүүдө.

Чектөөлөрдөн Европа дагы зыян тартышы мүмкүн

Брюссел ушул жумада Орусияга жаңы санкциялар киргизилээрин айтканда, Евробиримдикке кирген айрым өлкөлөрдүн атка минерлери бул санкциялардан кесепети өздөрүнө тийип, зыян тартып калышы мүмкүн экендигин өз жарандарына эскертишти.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Филип Хаммонд орус агрессиясын ооздукташ үчүн бир аз чыдап коюш керектигин белгиледи.

30-Июлда «Росселхознадзор» компаниясы Польшадан жашылча-жемиш алып келүүгө тыюу салды. Жылына 2 млрд. долларга Европадан жашылча-жемиш сатып алган Москва мындай чечимдин санкцияларга тиешеси жоктугун билдирди.

Батыштын экономикалык санкцияларына жооп кылып, Орусия өз чектөөлөрүн киргизсе, анда көп эле өлкөлөр жабыр тартышы мүмкүн. Бирок Москва энергия экспорттогон кардарларын жоготуп албоо үчүн мындай кескин кадамга барбайт деп ишенишет.

Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагында малайзиялык жүргүнчү учак атып түшүрүлгөндөн соң киргизилди.

Еврошаркет “кара тизмесине” буга чейин 87 адамды, Орусиядан жана Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагынан 20 компанияны киргизген.

XS
SM
MD
LG