Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Путинди да "кара тизмеге" киргизүү сунушталды


Республикачы-сенаторлор Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү талап кылышууда.
Республикачы-сенаторлор Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү талап кылышууда.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар Украинадагы кризиске байланыштуу Орусияга каршы чараларды күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташты.

Ага ылайык Орусиянын алдыңкы банктарына, энергетикалык компанияларына жана курал чыгаруучу ишканаларга санкциялар киргизилет. Антсе дагы сенаторлордун баары эле бул мыйзам долбоорун колдой беришпейт.

20 республикачы-сенатордон турган топ шаршембиде сунуштаган мыйзам долбоорунда “Газпром” жана “Роснефть” сыяктуу ири мамлекеттик ишканаларга, “Рособоронэкспортко” тиешелүү майда компанияларга жана алдыңкы банктарга санкцияларды киргизүү демилгеси көтөрүлгөн.

Тышкы мамилелер боюнча комитеттин өкүлү, сенатор-республикачы Боб Коркер мыйзам долбоору өтсө, Ак үй НАТО менен биргеликте Польша жана Балтика мамлекеттерине колдоосун күчөтөөрүн билдирет. Ошондой эле конгрессмендер АКШ президентинен Украинага 100 млн. долларлык түз аскерий жардам көрсөтүүсүн сурашууда.

Мыйзам долбоордун сунушу бул жумадагы Обаманын билдирүүсүнөн кийин келип чыкты. Президент банк секторуна же коргонуу өнөр жайына багытталган чектөөлөрдүн келерки фазасы киргизилиши мүмкүн экенин айткан.
Санкциялар бир нече атка минерлерге, алардын катарында Путиндин эң жакын адамы, “Роснефть” компаниясынын жетекчиси Игорь Сечинге дагы каршы киргизилди. Сенатор Келли Айотт президент Путинди дагы “кара тизмеге” алууну туура көрөт.

- Биз Орусиянын агрессиясына каршы кабыл алынган эффективдүү эмес чараларга нааразыбыз. Биз конференция өткөрүп, ушундай мыйзам долбоорун сунуштоо менен администрациянын багытын башка нукка өзгөртөбүз деген үмүт бар, – деди Сенаттагы азчылыктын лидери, республикачы Макконнелл.

Долбоор мыйзамдык күчкө ээ болушу үчүн демократтар үстөмдүк кылган Сенатта жактырылып, анан президент Обама кол коюусу керек.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни мыйзам долбоору тууралуу жооп берип жатып:

- Кийинки санкциялар тууралуу айта турган болсок, биз өнөктөштөрүбүз менен бирге ойлонуп чектөө жолун тандашыбыз керек. Эгер Орусия Украинадагы кризисти жөндөөдө ага берилген мүмкүнчүлүктү колдонбосо, албетте, экономикалык жактан запкы тартып калышы мүмкүн.

Сенаттагы демократтардын лидеринин жардамчысы бул мыйзам долбоорун “арабөк” деп баалады:

- Мындай кризис маалында эки партия биргелешип иштеши керек. Биз республикачылардын улуттук коопсуздук боюнча суроолорду өз алдынча чечип, мыйзам долбоорун сунуштап жатканына нааразыбыз жана аны жактырбайбыз,- деген оюн билдирди.

Сенаттагы демократ Бен Кардин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна бул мыйзамды колдой тургандыгын айтты:

- Албетте биз баарыбыз Орусияга чараларды катаалдатуу жөнүндө айтканыбыз оңой болгону менен, аларды ишке ашыруу өтө оор. Биздин президентибиз, бул ишти ойлонуп туруп, туура нукта ишке ашырарына көзүм жетет.

Ал эми вице-президент Жо Байден 30-апрелде Вашингтондо өткөн Атлантикалык кеңеште сүйлөп жатып, Москва эл аралык нормаларды сыйлабаса, санкциялар дагы катаалдашарын билдирди:

- Орусия өзүнө пайда табууну кааласа, эл аралык тартипти сактап сыйлашы керек, болбосо өзүнө эле зыян. Ал эми энергетика жөнүндө айтсак, Кремл аны коңшуларга каршы саясий курал катары колдонбошу керек.

Кошмо Штаттар буга чейин бир нече ирет Москваны Украинага карата саясий курсун өзгөртүп, кризисти жөндөөгө көмөктөшүүгө чакырган эле.

Байден өз сөзүндө Обама июнь айындагы Европага жасачу сапарынын алкагында Польша менен Брюсселде өтүүчү “Чоң Жетинин” саммитине катышарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG