Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

АКШ менен Латвия Европадагы коопсуздукту талкуулады


АКШ вице-президенти Жо Байден Ак үйдө Латвиянын премьер-министри Лаймдота Страуюма менен коопсуздук маселелерин талкуулады. Байден АКШ "өзүнүн НАТО боюнча союздаштарын коргоодо темирдей бекем турумга ээ" экенин билдирди.

Украинадагы кырдаал тууралуу сөз болгондо Орусиянын бул өлкөнүн чыгышындагы кырдаалды чайпалтуу, Крымды оккупациялап алуу иштерине каршы күрөштө АКШ менен Европа күчүн бириктирүүсү зарылдыгы да айтылды. Ошондой эле Европанын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ич ара макулдашылган аракеттери талап кылынары баса белгиленди.

Европа Орусиядан газ алат. Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу Европа - Орусия тиреши уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG