Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

АКШ Путиндин жакын санаалашы Сечинге санкция жарыялады


АКШнын санкциялары бул ирет Путиндин жакын санаалаштарына да таркатылды.
АКШнын санкциялары бул ирет Путиндин жакын санаалаштарына да таркатылды.
Бүгүнкү "кара тизмеге" Сечинден сырткары дагы алты жогорку даражалуу чиновник киргизилген. АКШнын Каржы министрлиги билдиргендей, алардын активдери камакка алынып, АКШга барыш үчүн виза берилбейт. Жазана Орусиядагы 17 ишканага да киргизилди.

Орусиядагы мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечинди өлкөдө Путинден кийинки эң таасирдүү адам катары атап жүрүшөт. Орусия Украинанын Крым автономиялык республикасын өзүнө аннексиялап алгандан бери АКШ Москвага каршы үчүнчү жолу санкциялар топтомун жарыялап отурат. Бүгүн жарыяланган “кара тизмеге” мамдуманын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков да кирген. Бирок санкция жарыяланган компаниялардын ичинде дүйнөдөгү эң ири газ компаниясы – “Газпром” – киргизилген эмес.

Ушул эле күнү орус президенти Владимир Путин санкциялар тууралуу сүйлөп, Батыш азыр Орусияны "өз алдынча курал-жарак жасай албашы үчүн, Украинадан өндүрүлчү курал тетиктерине көз каранды катары кармап турууга аракет кылып жатат” деди.

"Биз баары бир өз алдынча курал өндүрүүгө жетишебиз, - деди Путин. - Азыр эми ал аракетибиз бир аз узагыраакка созулушу, бир аз кымбатыраак болушу мүмкүн. Бирок биз баары бир ага жетишебиз, андан ары кетебиз. Биздин өнөктөштөр анте алышпайт. Азыркы турмуш чындыгы жана логикасы ушундай".

XS
SM
MD
LG