Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

АКШ жана ЕБ Орусияга каршы санкцияны дагы күчөттү


16-июлда кабыл алынган Орусияга каршы санкциянын тизмесинде “Роснефть” компаниясы да бар.
16-июлда кабыл алынган Орусияга каршы санкциянын тизмесинде “Роснефть” компаниясы да бар.

Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги Украинадагы кризиске байланыштуу Орусияга каршы чараларды дагы катуулатты.

Вашингтон 16-июлда кабыл алган санкция Орусиянын банктарына, аскердик жана энергетика секторуна багытталды. Буга чейинки санкциялар маанилүү бул тармактарга багытталган эмес болчу.

Президент Барак Обаманын шаршемби күнү Ак үйдө билдиришинче, жаңы санкциялар Москва Украинанын чыгышындагы кырдаалды деэскалациялоо үчүн конкреттүү кадамдарды жасабаганы үчүн киргизилди. Москва Чыгыш Украинадагы жикчилдерге Орусиядан курал - жарактын алуусун токтотуу үчүн эч нерсе жасабаган жана украин өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдогон эмес.

- Бул санкциялар олуттуу. Алар ошондой эле таамай багытталып, Орусияга максималдуу таасир эткенге жана америкалык компанияларга же биздин союздаштарыбыздын компанияларына таасири чектелүү болгонго эсептелген, - деди АКШ президенти.

Жаңы тизмеде мамлекеттик “Роснефть”, газ өндүрчү “Новатек” компаниялары, өкмөттүк “Внешэкономбанк” жана “Газпромбанк” бар. Андан тышкары аскерий куралдарды жасоого тиешелүү “Базальт” ишканасы, радиоэлектрондук технологияларды чыгарчу КРЭТ концерни, «Алмаз-Антей» жана “Калашников” концерндери, “Уралвагонзавод” компаниялары болуп, бардыгы сегиз фирма кирди. Береги “кара тизмеде” Орусия мартта аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Феодосия мунай компаниясы да бар.

АКШнын Финансы министрлигинин билдиришинче, америкалык фирмаларга береги компаниялар менен иштешүүгө жана 90 күндөн узак мөөнөткө кредит берүүгө тыюу салынат. Демек, Орусиянын маанилүү ишканалары орто жана узак мөөнөттүк насыядан кол жууйт жана алардын АКШдагы активдери убактылуу камакка алынып, жабылат.

Вашингтондун мындай санкциясына Орусия Мамдумасынын төрага орун басары Сергей Неверов, Крым боюнча министри Олег Савельев, президент Путиндин жардамчысы Игорь Щеголев, Федералдык коопсуздук кызматынын 5-башкармалыгынын башчысы, генерал-полковник Сергей Беседа жана жикчилдер жарыялаган Донецк элдик республикасынын премьер-министри Александр Бородай да кабылды.

Жаңы санкция Орусия Украина менен чек арада 10 миң аскер топтоду деген кабарга удаа жарыяланды. Пентагондун билдиришинче, июнда чек арада миңдей гана аскер болгон.

Президент Обама өз сөзүндө эми Орусия Украинадагы кадамдары жоопсуз калбасын жана жикчилдерди колдоону токтотпосо, олутуу зыян тартарын түшүнөт деген үмүттө экенин айтты:

- ...биз Орусиянын жетекчилги анын Украинадагы аракеттери кесепетсиз калбасын, анын ичинде Орусиянын экономикасы алсызданып, дипломаттык изоляция күчөрүн көрөт деп ойлойбуз.

Ак үйдүн маалымдашынча, жаңы санкциялар Евробиримдик менен кеңешип туруп кабыл алынган. Өз кезегинде Евробиримдикке мүчө 28 өлкөнүн лидерлери Орусияга каршы чараларды күчөтмөк болду. Алар бирок 16-июлда Брюсселде өткөн кездешүүдө Украинанын төбөлсүздүгүнө жана бүтүндүгүнө коркунуч туудурган аракеттерди колдогон компаниялар менен расмий адамдардын тизмеси үстүбүздөгү айдын соңунда такталсын деп чечишти. Европанын инвестициялык банкы, ошондой эле, Европанын реконструкциялоо жана өнүгүү банкы Орусиянын мамлекеттик секторуна тиешелүү долбоорлорду каржылоону токтотсун деп да макулдашты.

Владимир Путин санкция киргизүү эки ортодогу мамилени “туңгуюкка” такап, АКШнын Орусиядагы бизнесине зыян келтирет деп эскертти.

Вашингтон сезгендей контр-чара көрүү мерчемделип жатканын Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рыбаковго шилтеп, Интерфакс агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG