Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Украина чыгышынан оор куралдар чыгарылуудабы?


Украин армиясынын жоокери
Украин армиясынын жоокери

Украина майдан тилкесинен оор куралдарды чыгарууга киришкенин билдирүүдө. Расмий Киевдин ырастоосунда, алар мындай кадамга жоокерлер соңку эки суткадан бери жоготууга учурабаган соң барууда. Оор куралдарын чыгарып жатканын жикчилдер да айтып жатышат.

Ок атышууну токтотуу жана майдан тилкесинен оор куралдарды алып кетүү украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер Минскиде кол коюшуп, 15-февралдан тарта күчүнө кирген келишимдин башкы шарттары эле.

Ага ылайык, украин күчтөрү оор куралды майдан тилкеси азыр кесилишкен жерден, ал эми жикчилдер жарыялаган “Донецк жана Луганск республикаларынын” күчтөрү уруш талаасынын 2014-жылдын 14-сентябрында чектешкен тилкесинен алып кетүүлөрү керек.

Келишим боюнча калибри 100 мм жана андан чоң артиллериялык системалар коопсуздук зонасын түзүү үчүн кеминде 50 чакырым, ал эми “Град” жана башка үлгүдөгү ракеталык системалар 70 чакырым ичкери киргизилүүсү талап кылынат.

Азыркыга чейин украин тарап ок атышуу жана жикчилдердин кол салуулары уланып жаткандыгын жүйө келтирүү менен оор куралдарын алып кетүүдөн баш тартып жаткан эле.

Украин армиясынын Башкы штабы бейшембиде кабарлагандай, оор куралдарды чыгаруунун алар баштаган биринчи этабы 100 мм калибирдеги артиллерияны камтыйт. Бул ЕККУ байкоочуларынын көзөмөлү астында ишке ашууда.

Киевдин соңку жарыясы ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишими чындап эле ишке ашабы деген үмүт жаратты.

Украинадан мурдараак оор техникасын майдан тилкесинен чыгара баштаганын орусиячыл жикчилдер да айткан элe. ЕККУ байкоочулары болсо мунун чын-бышыгын текшере албай жатканын, аларга мындай мүмкүнчүлүк берилбегенин маалымдашкан.

Бирок орус президенти Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 25-февралда СНН телеканалына берген маегинде ЕККУ уюмунун өкүлдөрүн жикчилдер Донецктен оор куралдарды чыгаруусуна байкоо жүргүзүүдөн баш тартып жатканы үчүн айыптады.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо кечээ Москвадан соңку жараяндарды комментарийлеп жатып, буларга токтолду:

- Киевдеги бийликтердин көз карашын толугу менен колдогон, күлкүлүү талаптар коюлууда. Киевдеги бийликтер болсо силер билгендей, оор куралдарды алып кетүүнү бир же эки сутка ичинде бир да ок атылбай, тынчтык сакталса гана чыгара баштарын айтышкан. Бир баарыбыз жакшы түшүнгөндөн идеалдуу элдешүү, ок атышууну токтотуунун идеалдуу режими болбойт. Орусияны, ополчендерди жана башкаларды элдешүүнү үзгүлтүккө учуртканы үчүн айыптоо кырдаал саясий жөнгө салынуусуна, диалогдун нугуна түшүүсүнө жол бербөөгө багытталган.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бул сөздөрдү АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керринин Конгресс комитетиндеги билдирүүсүнөн кийин айтты.

Керри Конгресстин аскерий иштер боюнча комитетинде сүйлөп жатып, өз милдеттенмелерин Орусия да, ал колдогон күчтөр да аткарбай жатканын белгилеген:

- Ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишими көп жолу бузулду. Биздин азыр күтүп жатканыбыз – келишимдин чындап аткарылышы же Мариуполду көздөй чабуул жана башка аракеттер. Буга окшогон аракеттер, албетте, олуттуу жоопту жаратат. Бул - санкциялардын кезектеги баскычы жана президент Обама барышы же барбашы мүмкүн кийинки кадамдар.

Жон Керри АКШ президенти Украина өзүн коргоосу үчүн ага курал берип-бербөө боюнча али жыйынтык чечимге келе электигин кошумчалады.

Эгер жикчилдер Донецк менен Лугансктын ортосунда жайгашкан, 500 миңдей калк жашаган Мариуполду көздөй чабуул жасаса, Орусияга каршы санкциялар күчөтүлөрүн эки күн мурда француз тышкы иштер министри Лоран Фабиус да билдирген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG